Эл арасында көп талапка ээ болгон, эң көп көрүлгөн киножанрлардын тизмесиндеги 3-орун үйбүлөлүк комедияларга тиешелүү. Так ушул жанрда "20th Century Fox" кинокорпорациясы өткөн 2006-жылы "Музейдеги түн" аттуу жаңы тасма жаратты. Чынында эле бул чоң ата, чоң энеңер, бөбөктөрүңөр менен чогуу отуруп көрүүгө жарай турган фильм. Жакынкы мезгилде пайда болгон "Апокалипсис", "Көзүр туздар" сыяктуу шедеврлердин санына кире албаган бул тасма эсиңизде көпкө кармалбай, тез эле унутулуп калышы ыктымал. Бирок, түшүнүктүү, оңой кабыл алынган, кызыктуу, курч окуяларга толгон тасманын көңүлүңөрдү көтөрүүгө күчү жетет деп кепилдик бере алабыз.
Режиссёру – Шон Леви
Продюсерлери – Шон Леви, Майкл Барнатан, Крис Коламбус
Сценарийин жазгандар – Бен Гарант, Томас Леннон
Ролдордо: Бен Стиллер, Робин Уильямс, Карла Гуджино, Оуэн Уилсон
Кыска мазмуну
Негизи, "Музейдеги түндүн" мазмуну анын телеканалдардан улам кайталанып турган жарнама роликтеринен эле белгилүү болуп калат. Бирок, кино башталаар замат табышмакка чүмкөлгөн кызыктуу окуяларды көрөбүз деп жанталашпагыла. Анткени, фильм башкы каармандын бир аз кайгылуу кыскача өмүр баяны менен башталат. Ошондуктан, алгачкы он беш мүнөттө чыдап отуруудан башка айла жок.
Ларри Дэйли (Бен Стиллер)– катардагы эле америкалык адам. Эмнегедир турмушта аны ийгилик коштобойт. Жашоодо туруктуу ордун таба албаганынан аялы андан ажырашып, жакшы жашаган ишкер адамга кетип калган. Ларринин эң күйгөнү – өспүрүм уулу үчүн татыктуу ата боло албаганы. Иш таба албай карызга баткан байкуш неме ай сайын акысын төлөй албагандыктан, батирден батирге көчүп жүрөт. Бирок, Ларринин жашоосундагы эң кызыктуу нерселер дале алдыда. Тагыраак айтканда, анын Нью-Йорктогу тарых музейине түнкү кароолчу болуп орношкон күнүнөн башталат.
Музейдин мурунку кароолчулары болгон үч абышка Ларрини сынап көрүп тандап алышты. Жөнөкөй кароолчунун кызматына ар ким чыдай бербейт. Анткени, музейде эч ким билбеген чоң сыр катылган: анын ичиндеги экспонаттар түн кирээр замат жанданып, кыймылга келе башташат да, таң атканда кайрадан өз орундарын таап туруп калышат. Тирүү куурчактарды, Африканын жырткыч жаныбарларын, тарыхый каармандарды жана өзүн күчүк деп ойлогон динозаврды көрүп жүрөгү түшкөн Ларри биринчи эле түнү жумуштан бошоноорун билдирет. Бирок, уулуна "мен сөзсүз иш табам" деп сөз бергени эсине түшөт да, коркунучтуу музейдеги кызматын улантууга аргасыз болот.
Акыры Ларри музейдеги кереметтүү окуяларга тез эле көнүп, жада калса андагы жашоочулардын башын бириктирип, элдештирүүгө да жетишет. Музейдеги эң баалуу болуп эсептелген байыркы египеттик алтын тумарды уурулардан сактап калып, музейдин жашоочуларынын жана эң негизгиси, уулунун көңүлүн алат.
Фильмдин тартылышы
Мазмуну ушундай жөнөкөй болгону менен фильмди тартуу үчүн сарпталган каражаттын көлөмү 100 миллион долларга жеткен. Бул акчанын көбүнчө бөлүгү тасмадагы атайын эффекттерди жаратуу үчүн корогон. Мисалы, салмагы 5 тонналык тиронозаврдын скелети арзанга турган эмес. Ар бир тарыхый доорго таандык болгон кийимдерди тиктирүүгө да 113 тигүүчү жалданган.
Бирок, фильмдин тажрыйбалуу продюсерлери чоң суммадагы акчаны коротуп тобокелге барышканы менен акыры эң сонун натыйжага жетишти. Анткени, чоң экранга чыккан күндөн баштап эле билеттердин сатылышы жана прокат боюнча бул тасма абройлуу фильмдердин катарына кошулуп, жада калса алардан киреше өлчөмү жагынан аша чаап кеткен. Орто эсеп менен (АКШны эсепке албаганда) "Музейдеги түндүн" жаратуучулары 414 миллион доллар чогултуп алышты.
Фильм башынан аягына чейин компьютердин жардамы менен жасалган шумдуктуу сыйкырлар менен коштолот. Бул үчүн "Музейдеги түн" комедиясы "Оскар" премиясынын "Эң мыкты атайын эффекттер" деген наамына татыктуулардын катарына кирүүгө жетишти. Бул наам үчүн белгилүү "Рояль" казиносу", "Кариб деңизинин каракчылары" деген тасмалар да ат салышкандыгын айта кетели.
Кызыктуу...
Даярдаган Бегайым Мусакеева