Аптанын мырзасы - АТАЙ

Жылдыз баян

Атактуу комузчу, ырчынын атын алып жүргөн бул жөнөкөй жигит аз эле убакытта өз күйөрмандарын таап, элдин сүймөнчүгү боло алды. Орусиянын Биринчи каналынын “Минута славы” долбоорунда кыргыздын атын тааныткан Атай Өмүрзаковго апасынын дымдамасы, элинин меймандостугу жагат. Бийчи Атай өзү тууралуу мындайча баяндайт.

Толук аты-жөнү – Өмүрзаков Атай Желдеңбаевич
Туулган жылы –
1990-жыл, 5-октябрь
Туулган жери –
Каракол шаары
Бут кийиминин өлчөмү –
39
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жактырган машинасы –
Тойота үлгүсүндөгү бардык машиналар
Жактырган тамагы –
Дымдама, ган-фан
Кыздардан баалаган сапаты –
Жөнөкөйлүк
Фобиясы
– Эч нерседен коркпойт
Жашаган жери
– Бишкектин борбордук бөлүгү
Учурда – Бийчи

Менин жашоом “Минута славы” берүүсүнө чейин жана кийин... долбоорго чейинки Атай уялчаак, көп сүйлөбөгөн, бир мүнөз, мындайча айтканда, өтө “скромный” жигит болчу. Азыркы Атай өзүнө ишенимдүү, ачык, шайыр, эл менен мамиле кура билген жигит. Менин оюмча, кийинки Атай (демек, мен) бардык максаттарына жетет.

Өнөрүм тууралуу... ушул деңгээлге жетүү үчүн көп күчүмдү арнап келем. Күзгүгө карап бийлеп, күн сайын ар бир кыймылды жаңыртып чыкчумун. Дүйнөлүк бийчилерди карап, алардын кыймылын туурап эмес, жаңыртып жатып ушул бийдин өзөгүн түзгөм. Бирок бий менин хоббим жана хобби катары эле калат. Өзүмдүн кесибим маркетолог. Келечекте кесибим менен эле иштейм.

Үй-бүлөм... үй-бүлөбүз чакан, байкем жана апам. Алар Каракол шаарында турушат.

Мен сыймыктанам... апам менен. Анткени апам байкем экөөбүзгө татыктуу тарбия берүү үчүн көп курмандыктарга барды. Апамдай күчтүү аялзаты сейрек кездешет болуш керек. Атам менен апам мен бир жашымда эле ажырашып кетишкен. Атама көп жакын болбой өстүк. Мындан эки жыл мурун атам каза болуп калды.

Менин бир күнүм... жашырбай айта берейинби (күлүп)? Кеч, башкача айтканда, 10-11лерде турам. Кийинки учурда мага аябай көп каттар келет. Чет өлкөдөн, Кыргызстандан... Анан “Атай өзгөрүп кетиптир” деп ойлошпосун деп баарына жооп жазам. Күндө кылчу ишим – каттарга жооп жазуу жана бий менен бир-эки саат машыгуу. Мындан башка жумуштарым бири-бирине окшобойт.

Досторум айтышат... мени досторум менен көрсөңүз, тааныбай калсаңыз керек. Алар менен мен катардагы Атаймын. Алар мени тамашакөйсүң деп көп айтышат.

Материалдык жагым... иншалла, азыр материалдык жагым жакшы жагына ооду. Жакында машина сатып алдым. Эми үй алайын деп турам. Бай болгум келбейт. Акча көп жерде чатак да көп болот. Өзүмө, үй-бүлөмө жеткидей каражат тапсам болду. Менден “президент үй бермек эмес беле, эми эмне болду?” деп көп сурашат. Учурда татаал күндөр өтүп жаткандан кийин “мага убада бербедиңер беле?” деп эч кимге кайрылгым келген жок.

Патриотмун... өтө патриотмун дей албайм. Бирок жүрөгүмдө мекениме деген жылуулук бар.

Жек көргөнүм... алдамчылык. Анан калп эле бир нерсеге мурдун чүйрүй бергендер жакпайт.

Кечиримдүүлүк тууралуу... бардык нерсени кечирсе болот. Кекчил эмесмин.

Сүйгөнүм үчүн даярмын... “жетинчи кабаттан секир” дегенге даяр эмесмин. Негизи эле сүйүү үчүн жиндиликке бара албасам керек. Мурда чоң сезимдер болгон (күлүп). Карып кеткендей айттым го...

Кандай кыздарды жакшы көрөм... жөнөкөй, анан апама жаккан.

Атактуулукка көз карашым... азыр мени менен сүрөткө түшкүсү келгендер, автограф сурагандар көп. Бирок бир-эки жылдан кийин менин ким экеним деле унутулат болуш керек. Атактуулукка көз карашым ушундай.

Мындан аркы максаттарым... жакынкы пландарым боюнча, жеке концертимди берейин деп жатам. Чехиядан жана Алла Пугачёванын продюсери “биз менен иштеш” деп чакырып жатат. Бир-эки жылдай чет жакта иштеп келсемби деп жүрөм.

Кумарланып ойнойм... баскетболду.

Кайталап көргөндөн тажабаган тасмам... “Джентльмены удачи” (“Ийгиликтин мырзалары”).

10 жылдан кийин өзүмдү... классикалык стилде кийинген, галстукчан, өз ишин мыкты билген ишкер адам, үй-бүлөмдүн тиреги катары элестетем. Балким, өзүмдүн жеке бизнесимди ачышым мүмкүн.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
AIZAJANKA
2010-06-18 16:17:48
Молодец Атай, кыргыздын желегин желбиретип келдин. Эми лучше чет олкодон иштеп келгенин он.
Бир бизнес ач.
мындай ситуацияда биздин келечегибиз кандай болот ким билет.
0
DJMYRZA
2010-06-19 16:24:32
Атайдын электрондук почтасынын дарегин ким билет? айтып койгулачы. кат жазам :-)
0
aimilashka
2010-06-21 09:33:30
DJMYRZA: Мына сага Атайдын эл. почтасы tristan_kg.mail.ru
0
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан