«Каралар» арасында да бийлик үчүн согуш дайыма эле болуп келген. Анын айынан көптөгөн адамдар өлтүрүлүп келгени белгилүү. ЖАМКнын кызматкерлери мындан 6 жыл мурда катталган абактагы киши өлтүрүү буюртма болгондугун жакында аныктап чыгышты.
АРМАТУРА ЖАНА МЫК СУУРУГУЧ МЕНЕН САБАП ӨЛТҮРҮШКӨН
2012-жылдын 12-июлунда Чүй облусуна караштуу Беловодск айылында жайгашкан №16 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адам өлтүрүлгөн. Анда абактын айып изоляторунун 4-камерасында жаткан 4 соттолуучу 14-камерада отурган соттолуучу Улук Жураевди сабап өлтүрүшкөн.
Бул факт боюнча ЖАМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Роман Золотарёв, Асанбек Урустамов, Урматбек Токтогонов жана Ильдар Хусаинов сот тарабынан бул кылмышка күнөөлүү деп табылып, алардын өтөп жаткан жаза мөөнөтүнө дагы мөөнөт кошулган. Контролёр Аман Молдоянов да күнөөлүү деп табылып, сот жообуна тартылган. Бирок бул кылмыш буюртма болгондугу кийин гана билинип отурат. Киши өлтүрүүгө буюртма берген деп шектелген адам эчак эле жаза мөөнөтүн аяктап, Орусияга кетип калган. «КИШИ ӨЛТҮРҮШКӨНҮ ҮЧҮН 20 МИҢ СОМДОН БЕРҮҮГӨ УБАДА БЕРИШКЕН»
Бул кылмыш тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Рахатбек Абышов төмөнкүлөрдү айтып берди:
-Бул жыйынтык көп жылдык эмгектин үзүрү. Абактарда айтылган сөздөрдү тактап отуруп буюртма берген адамга чыктык. Андан сырткары арматураларды атайын кесип, мык сууругуч менен кошо даярдап, аларды алып барып берген адамдардын баарын таптык. Алар алгач коркуп айтпай жатышкан, кийин гана эмне себептен өлтүргөндөрүн айтып беришти. Ар бирине 20 миң сомдон беребиз деп айтып, бербей коюшкан экен.
Ушул убакта ал адамдар ар кайсы абактарда жазасын өтөп жатышат. 2017-жылдын ноябрь айында Роман Золотарёв суралып, ал кылмыш кылган буюмдарды – 2 арматура менен мык сууругучту алардын камерасынын терезесинен А.Титов аттуу соттолуучу бергенин айтып көрсөтмө берди. Ал эми №16 абактын «общагынын» лидери жана «смотрящийи» Асхатбек Орозбаев Улук Жураевди өлтүрүүгө буюртма берген экен. Сурак учурунда башка соттолуучулар да муну толук тастыктап беришти.
А.Титов деген соттолуучу күбө катары өтүп, ошол убакта айып изоляторунун «смотрящийи» болгондугун, Улук Жураев өлтүрүлөрдөн мурун ага Асхатбек Орозбаев келип №4 камерага арматура менен мык сууругуч алып барып беришин сурангандыгын айтты. Титов Орозбаев айткан буюмдарды камеранын терезеси аркылуу Жураевди өлтүргөн соттолуучуларга берген.
Ал эми контролёр Аман Молдоянов ошол күнү айып изоляторунда нөөмөттө турганын, түш ченде ага бир абак кызматкери келгенин, анын айтканы боюнча Улук Жураевди иш бөлмөгө алып келип берип, өзү сыртта күтүп турганын айтып берди.
Абак кызматкери ошол эле күнү кечки 7лер чамасында абактын «положенеци» Асхатбек Орозбаев жана анын жакындары болгон 7 адам менен чогуу дагы келген. Молдоянов аларга №4 менен №6 камералардын эшигин ачып берген. Орозбаев жана анын адамдары аталган камераларда отурган соттолуучулар менен 15-20 мүнөттөй сүйлөшкөндөн кийин кетип калышкан. Алар кеткен соң №4 камерада отурган Роман Золотарёв, Асанбек Урустамов, Урматбек Токтогонов жана Ильдар Хусаинов аттуу соттолуучулар «камерадагы унитаз иштебей калды, аны тазалайбыз» деп Молдояновдон эшикти ачышын талап кылышкан. Молдоянов камеранын эшигин ачкан соң алар күч колдонуп Молдояновдун жанындагы ачкычтарды алып, өзүн байлап 6-камерага камап коюшат. Анан өздөрү 2 арматура жана мык сууругучту колдонуп, соттолуучу Улук Жураев отурган 14-камеранын эшигин бузуп киришкен. Төртөөлөп Улук Жураевди арматура жана мык сууругуч менен катуу сабашат да, абак кызматкерлерине «Жураевди биз өлтүрдүк» деп барышкан. Улук Жураев алган соккулардан улам өзүнө келбей ооруканада каза болгон.
«КИШИ ӨЛТҮРҮҮГӨ АБАК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ШАРТ ТҮЗҮП БЕРИШКЕН»
-Улук Жураевдин өздүк делосу менен таанышуу учурунда №1 абактын жетекчисинин Жураевдин коопсуздугу үчүн аны №1 абактан №24 абакка которуу зарылдыгы тууралуу рапорту бар экендиги аныкталды. Себеби «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин адамы катары саналган Жураев №1 абакта «положенец» болуп турган кезинде башка бир «мыйзамдагы ууруга» ачык каршы чыгып, анын койгон талаптарына баш ийген эмес экен. Мындайча айтканда, Жураев Батукаевдин кишиси болгон, Батукаев кеткенден кийин ал Камчы Көлбаевге баш ийиши керек эле, бирок ал баш ийбей койгон. Аны ошол себептен өлтүрүшү мүмкүн, бирок азырынча далил жок. Ошондуктан №1 абакта «мыйзамдагы уурунун» тарапташтары менен Жураевдин тарапташтарынын ортосунда чыр чыгып кетүү коркунучу бар оор кырдаал жаралып, Жураев Нарындагы СИЗОго которулган.
Жураев 2012-жылдын май айында №16 абакка СИЗОдон этап болуп келгенде эле ага Асхатбек Орозбаев тарабынан кысым болуп келген экен. Ошондуктан Жураев абактын айып изоляторунда өзүнчө отурган, бирок аны өлтүрүүгө абак кызматкерлери шарт түзүп беришкен.
Асхатбек Орозбаев Орусиядан келер замат аэропорттон кармап келдик. Ал Улук Жураевди өлтүрүүгө «мыйзамдагы уурунун» атынан Бишкек шаарынын «смотрящийинен» тапшырма берилгендигин жана келген буюртманы аткарганга милдеттүү экенин гана айтууда. Бирок кайсы «мыйзамдагы ууру» жана кайсы «смотрящий» тапшырма бергендигин айтпай жатат, аларды аныктоо боюнча кошумча иликтөө иштери жүрүүдө.
Ошондой эле киши өлтүрүүгө абак кызматкерлери да жардам бергени билинип, алардын үстүнөн прокуратура тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.
«ЖӨН ЭЛЕ ТАГДЫРЫМА БАЛТА ЧАБЫЛЫП КАЛДЫ»
Ошол күнү Улук Жураевди өлтүргөндөрдүн эшигин ачып берген деп айыпталган Аман Молдоянов «бул алдын ала пландалган иш экен. Мен жөн эле садага чабылып кеттим» дейт:
– Ошол күнү негизи башка бир кызматкердин нөөмөтү болчу, экөөбүз иш күнүбүздү алмашкан элек. Абак жетекчисинин нөөмөттөгү жардамчысы экөөбүздүн мамилебиз начар эле, ал ошол күнү мени айып изоляторуна жөнөтүп жиберди. Түш ченде абак жетекчисинин оперативдүү иштер боюнча орун басары Сейталиев Жураев менен сүйлөшкөнү келип, экөө уруша кетишкен. Жураев эртеси этап менен башка жакка кетмек экен. Сейталиев Жураевге «мен сага эртең көрсөтөм» деп жаткан. Анан кечки 7лерде ал «общактын» 5-6 мүчөсү болуп келип камерадагылар менен сүйлөшүп кетишти. Ортолорунда кандай сөздөр болгонун билбейм.
Алар кеткенден кийин 10 мүнөт өтүп-өтпөй баары башталды. Камерада отургандар унитаздын ичине болгон нерселерди тыгып, андан суу агып кетпегендей кылышыптыр. Суу ашып, коридорго чейин агып кетти. Ошондо камерадагылар «эшикти ачкыла» деп кирди. Мен абак жетекчисинин нөөмөттөгү жардамчысына байланышып, окуя тууралуу билдирсем, ал «өзүң ача бер» деп койду. Негизи ал келип эшикти ачышы керек эле. Жаман нерсе оюмда жок, нөөмөттөгү жоокерди ээрчитип келип, камеранын эшигин ачып жоокерди киргиздим. Ошол замат камерадагылар чыгып, экөөсү колу-бутумду кайрып башка камерага киргизип, эшикти жаап салышты. Ал камерада отурган соттолуучу мага бычак такап кыймылдатпай кармап турду. Сыртта кыйкырык-өкүрүк чыгып ызы-чуу болуп жатты, эмне болгонун билген жокмун. Жарым сааттан кийин гана эшикти ачып мени бошотушту. Камерадан сыртка чыксам бирөө канжалап жаткан, көрсө Жураев экен. Аны өлтүрүп коюшуптур.
Кийин угушумча, Сейталиев Жураевге акча карыз экен. Жураев которулуп кеткенден кийин Сейталиевге кыйын болуп калмак, ошондуктан «общак» менен сүйлөшүп аны жок кылышыптыр. Мунун баары алдын ала сүйлөшүлүп, даярдалып, Жураев кеткиче жок кылышмак тура. Менин ордумда башка бирөө нөөмөттө турган болсо ал деле мен кылганды кылмак. Ортодо мен жөн эле садага чабылып кеттим. Анын айынан «шалаакылык» беренеси менен жумуштан айдалдым, 1 жыл шарттуу түрдө жаза алдым. Менин барымтага алынып, өмүрүмө коркунуч туулганы эске алынган жок.
«Общак» менен сүйлөшүп кылгылыкты кылгандар болсо кутулуп, дагы деле иштеп жүрүшөт. Алар мага «сен эле моюнуңа ала бер. Сага жардам беребиз» деп алдап башымды айлантып салышыптыр. Аягында жалгыз мен күнөөлүү болуп калдым. Ортодо жөн эле тагдырыма балта чабылып калды.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg