ЖЫЛДЫЗДАРГА ЖЕТИ СОБОЛ

Суроолор парады

Рубрикабыздын аты айтып тургандай, белгилүү адамдарга ар кандай суроо узатып, жооп алабыз. Арасында курч да, “мурч” да суроолор бар. Мына ошолорго жооптор төмөндө.


КЫЙЫН СОБОЛ

Өткөндө бир гезит сизди “таластыкмын деп айтыптыр” деп жазды эле. Биз билген Ибрагим Жунусов Оштон болчу...

ИБРАГИМ ЖУНУСОВ, экс-депутат:
– Бул суроого жооп берерден мурда бир аксакалдын “Оштун кыйын жигитин көрдүм. Көлдүн, Чүйдүн, Таластын, Нарындын да кыйын чыкма жигиттерин көрдүм, бирок Кыргызстандын кыйынымын дегенин укпадым” деген сөзүнөн баштасам. Анын сыңарындай, мен кыргызстандыкмын. Киндик кан тамган жерим Оштун Кара-Суусу. Жети атам жердеген жер да Кара-Суу. Өткөндө бир гезит менден “сизди таластык деп жүрүшөт” деп сураганда “жок, мен Оштонмун” деп айткан элем. Бирок башка бирөөлөр “таластык экен” деп жазышыптыр. Бул сөздүн чыгышына биздин кушчу уруусунан болгонубуз негиз болсо керек. Таласта да кушчу уруусунан тарагандар бар экен. Мүмкүн, ошого байланыштырышкандыр. Бирок ал маалымат жалган деп айтам.


"КАЙЫН СОБОЛ

”Кайнага каарданбаса, келин кебелбейт” дешет. Сизде ушундай учур болгонбу?

БЕГАЙЫМ АБДЫКАДЫРОВА, “Тумар” радиосунун ди-джейи:
– Жаңыдан келин болуп барганда кайненем кайнатамдын бир тууган инисин көрсөтүп, “кайнагаңа жүгүнүп жүр, кызым” деп айткан. Жакшы эле жүгүнүп жүргөм. Бир күнү чай үстүндө маңдай-тескей отуруп калдык. Ий, аябай калтаарыганымды айтпа. Ошондо кайнаганын сүрүн сездим. Демейде оң колум менен чай сунчу жаным анда сол кол менен чыныны бериптирмин. Анысы аз келгенсип, чайды кайтарып куям деп жатып төгүп-чачып, аябай эле сүрдөгөм. Негизи эле кайынды сыйлоону келиндин милдети деп билем. Жогорудагы макал да бекеринен айтылып калбагандыр. Айтор, кайын журтума ийкемдүү болуп, келиндик милдетимди аткарып жатам.


КУРЧ СОБОЛ

Шоу-бизнесте билинбеген менен, бут тосуулар толтура. Сиздердин топ да ушундай учурга кабылды беле?

ТОТОМИДИН, “Таалай элеси” тобунун жетекчиси:
– Бут тосуулар мындан 2-3 жыл мурун аябай эле күчөгөн. Айрыкча жаш ырчылардын продюсерлери тарабынан. Телеге ырларыбызды алпарсак жаратпай, чыгартпай коюп, чыгармачылыкка бут тосушкан. Мисалы, “Улуттук хитпарад” берүүсүнө көп эле жолу кайрылдым. Биздин ырларды чыгарышпайт да, өздөрүнүн ырчыларынын ырларын бир айда 2-3 жолу бердирип, жеңишке жеткиришчү. Аттарын атабай эле коёюн, азыркы продюсерлерге көп жолу кайрылып, жыйынтык чыккан эмес. Анысы аз келгенсип, радиолор да албай, айтор, бир топ эле убаракерчилик болчу. Апрелдеги төңкөрүштөн кийин оңолуп калышкан окшойт. Себеби радиолор ырларыбызды кабыл алып калышыптыр.


"МУРЧ" СОБОЛ

Айпери, сени маркум Микаэль менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрчү дешет. Чынбы?

АЙПЕРИ, “Версус” бий тобунун бийчиси:
– Чын. Микаэль менен эки жылдай дос болуп жүрдүм. Кийин эле достугубуз сүйүүгө айланып кетти. Миканы тааныганыма 6 жылдын жүзү болгон эле. Мика абдан сулуу, тамашакөй болгондуктан, мен аны кыздардан кызгана берчүмүн. Ошонун айынан эки ай жакшы сүйлөшсөк, бир айын урушуп эле өткөрчүбүз. Муну көпчүлүк билбегени менен, жакындарыбыз билишчү. Мен Европага кетип жатканда да Микаэль узаткан эле. Тилекке каршы, ошону менен Кыргызстанга кайтып келип, аны таппай калдым. Күйөрмандарын, жакындарын кейитип дүйнө салып кете бергени абдан өкүндүрөт.


ТАМАШАЛУУ СОБОЛ

Кыз колун кыса кармап, белинен имере тартып өпкөн учур эсиңиздеби?

ДАНИЯР, “Дем” театрынын актёру:
– Тамаша суроо болгондуктан, тамашалуу жооп бергенге аракет кылайын. Учурда сүйлөшкөн кызым жок, мен “одинокий волк” сыяктуумун. Эсимде, окуучу кезимде классташ кызымды жакшы көрчүмүн. Бир жолу аны жай бийге тартып, шылтоо менен албырып турган жүзүнөн өөп алгам. Ал эми сахнада спектакль ойногон учурда көп эле жолу өпкөм, бирок колун кыса кармап, белинен имере тарткан эмесмин. Себеби имере тартыш үчүн ыңгайлуу учур керек да. Анан сахна артында караңгы жерде татынакай кыздарды кучактап өпкөн учурлар болот. Эми муну “эт жебесек да, шорпо ичкендей...” деп тамашалап коёт эмеспизби.


ЖЕКЕ СОБОЛ

Арыла албай жүргөн адатыңыз барбы?

ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ, ырчы:
– Ой, менин андай адаттарым өтө эле көп. Өзүмө байкалбаганы менен, жакындарым айтышканда гана “кой, ушул адатымды таштайын” деп уялып калам. Ишенесиңерби, тааныштарыма күнүнө беш жолу максатсыз эле чала берет экенмин. Муну продюсерим көп айтат. Себеби ага чалып, “ден соолук, иштер кандай?” деп күнүнө 5-6 жолу сурайт экенмин. Бирок мага кайра-кайра сураганым сезилбейт. Анан да өзүмдүн эмес, башка ырчылардын ырын тыңшап калсам, ошол ырды үч күн оозумдан түшүрбөй кыңылдап ырдай берем. Тамактан соң сөзсүз муздак суу ичмей адатым да бала кезимден бери калбас болду. Кыскасы, бул адаттарымдан кантип кутуларымды билбей жүрөм.


"ЖЕТКИНЧЕК" СОБОЛ

Сайкал, ырчы эжелериңди катыра туурайсың. Келечекте ырчы болосуңбу же куудулбу?

САЙКАЛ, кичинекей пародист:
– Мен 4-классты аяктадым. Бактыгүл Бадыеваны, Кундуз 90-60-90 эжени, “Кыз-Бурактын” кыздарынын ырларын өзүндөй туурап ырдайм. Азыр да Баткенде Мажит байкем, Нурлан Алдаяров байке жана башка ырчылар менен концерт коюп, ырдап жүрөм. Мектепте, үйдө, сахнада ырдап-бийлегенди абдан жакшы көрөм. Ошентсе да чоңойгондо юрист болом деп кыялданам. Билбейм, эмнеге экенин, бирок юрист болгон жакшы да. Андыктан азыртадан сабакты жакшы окуганга аракет кылам. Анан да агай-эжейдин, ата-энемдин, байкелеримдин айткандарын угуп, тилин алышым керек.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан