ЖАЙЫНДА БЕКЕР ЖАТПАЙ АКЧА ТАП!

Жай келгени мектеп окуучулары, студенттер, иштегендер да көптөн күткөн эс алууга чыгышат. Жөн жатпай кантип акча тапсам болот деп баш катыргандар көп. Анда биз сезондун эң кирешелүү бизнестерин сунуштайбыз. Идея бизден, ойлонуп тандап алуу сизден.

МУЗДАК СУУСУНДУК
Ысык аптапта эң өтүмдүүсү газдалган жана газы жок суусундук, желим бөтөлкөдөгү муздак чайлар. Ал үчүн муздаткычты көлөмүнө жараша ар кандай баада сатып алсаңыз болот. Баасы – 3000 сомдон жогору.
Газдалган таттуу суусундуктун дүң баасы 1 литрлиги – 38 сом болсо, чекене баасы – 45-50 сом. Желим бөтөлкөдөгү чайдын 1 литрлиги дүңүнөн – 20 сом, чекене баасы – 30-35 сом. 10 даана чайдан 100-150 сом, 10 даана газдалган таттуу суусундуктан 600-650 сом пайда табасыз. Газы жок суусундукту дүңүнөн арзаныраак аласыз да, кайра азыраак кошуп сатасыз.
Чыгаша: Ижарага, электр энергиясына, жайгашкан ордуңузга жараша акча сарптайсыз.

ЖҮГӨРҮ
10-15 күндөн кийин дүмбүлдүн жаңы (жүгөрүлөрдүн) сезону башталат. Жүгөрүнүн таттуу сорту – бул голландиялык трофи сортундагылар.

Жүгөрү бизнеске эмнелер керек?
Жүгөрү бышыруу үчүн буу казан – 1500 сомдон жогору.
Жүгөрүнү дүңүнөн жаңы чыгып баштаганда 1 даанасын – чоңдорун 10 сомдон 20 сомго чейин алсаңыз, сезон күчөгөндө – кичинесин 7-8 сом, чоңдорун 10 сомго чейин сатып ала аласыз.
Бышырылган жүгөрүнүн даанасы Бишкекте 50-60 сом, Ысык-Көл аймагында (анын ичинде кум жээктеринде) 80 сомдун тегерегинде сатылат. Сезон учурунда орточо эсеп менен күнүнө 120-150 жүгөрү өтөт. Бул деген 4800-6000 сом пайда табасыз дегендик. Эгер үйдө эле бышырам десеңиз, анда казан, отун керектелет. Жүгөрүнү да эл көп өткөн жерлерге койсоңуз же пляж араласаңыз жакшы өтөт.
Чыгаша: Электр энергиясына айына орточо 1000 сом, ижарага 4000-10 000 сом кетет.
Эскертүү: Бышырылган жүгөрүнү экинчи күнү сатууга болбойт. Ачып кетет.

БАССЕЙН ИШТЕТҮҮ
Сезон учурунда, айрыкча түштүк жергесинде бассейн аябай актуалдуу. Түбөлүктүү болсун десеңиз, мүмкүн болушунча райондордун борборуна бассейн курсаңыз болот. Бул, албетте, алгач көп акчаны талап кылат. Бетондон курам десеңиз, узун-туурасына, колдонгон материалына жараша 80 миң сом же андан көп каражат талап кылат. Балдар 2-3 саатка же күнүнө 50-80 сом, чоң кишилер 100-150 сомго түшүшсө чыгашаны жаап, пайда көрө баштайсыз. Ал эми каркастуу бассейнди көлөмүнө жараша 20 миң сомдон жогорку баага сатып аласыз.

МАЙДА ОЮНЧУКТАР
Бул бизнес үчүн турган жериңизге да акча коротпойсуз. Мисалы, Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтынан, сейил бактардан кечинде жаркырап асманга учкан рогаткаларды, жаныбар, машиналардын формасындагы шарларды саткандарды көрүп калсаңыздар керек. Жеңил оюнчуктарды сатсаңыз жакшы эле пайда табасыз.
Самын көбүгү – дүң баасы көлөмүнө жараша 18-25 сом, чекене баасы – 50-150 сомго чейин.
Түнү күйө турган таякча 1 даанасы – 25, чекене баасы – 50-100 сом.
Демек, бир оюнчуктун үстүнө бир нече эсе кошуп, жакшы акча тапсаңыз болот.

ТАТТУУ КЕБЕЗ
Таттуу кебезди жасаш үчүн атайын аппарат бар. Анын Кытайда жасалгандары орточо
10 миң сомдун тегерегинде болот. Колдо жасалгандары сапаттуу болуп, узакка кызмат өтөйт. Орточо баасы – 35 миң сом.
1 килограмм шекерден болжол менен 30 даана таттуу кебез чыгат. Шекердин дүң баасы – 1 килограммы 44 сом. 1 даана таттуу кебез – 20 сом. Ошондо 1 килограмм шекерден 550-600 сом пайда көрөсүз. Күнүнө жайгашкан ордуна жараша 50-100 даана таттуу кебез өтөт. Демек, 1000-2000 сом чөнтөккө түшөт.
Чыгаша: Ижарага, электр энергиясына, жайгашкан ордуңузга жараша акча сарптайсыз.
Эскертүү: Таттуу кебез газ менен иштегендиктен, газдан абайлоо керек!

БАЛМУЗДАК
Балмуздак бизнесине эмнелер керектелет?
Муздаткыч. Жаңысы – 12 000-
15 000 сом, колдонулганы – 5000-
10 000 сомго чейин (көлөмүнө жараша).
Балмуздак. Эң өтүмдүүсү учурда вафлиге салынган балмуздактар (рожок) – дүң баасы 18 сом, чекене баасы – 25 сомдон сатылат. Стакан түрүндөгү балмуздак, дүң баасы – 6 сом, чекене баасы – 10 сом.
Эгер вафлиге оролгон балмуздактан 10 даананы сатсаңыз – 70 сом, стакандагы балмуздактан (10 даанадан) 60 сом пайда табасыз.
Аракет кылып эл көп өтүүчү жерлерге коюп иштетсеңиз муздаткычтын акчасын чыгарып алгандан тышкары пайда да көрөсүз жана муздаткычты кийинки жылы да колдоно бересиз.

БАЛДАРДЫ КАРАП БЕРҮҮ
Ар бир ата-эне баласынан акча аябайт. Андыктан балдарга байланыштуу бизнестен эч качан утулбайсыз. Эгер кол өнөрчүлүккө кызыксаңыз, анда балдар үчүн чыгармачылыкты өнүктүрүүчү көркөм студия (арт студия) ачсаңыз болот. Ал жерде балдарга сүрөт тарттырасыз, пластилинден ар нерсени жасатасыз, кинетикалык кум менен (кумдай болгон, бирок жерди булгабаган жабышкак материал) ойнотосуз. Бул балдардын чыгармачылыгын арттыртат, эс алдырат. Ал үчүн үйүңүздүн бир бөлмөсүн жасалгалап же салкын жерге чарпая орнотуп шарт түзүп берсеңиз болот. Бизнес үчүн көп деле каражат кетпейт, ижара төлөбөйсүз. Колдонууга керектүү каражаттарды аласыз.
Балдардын тилин жакшы тапсаңыз же педагогикалык кесибиңиз болсо дагы бир идея, бекер отурбай балакайлар үчүн баланы убактылуу карап берүү кызматын көрсөтүңүз. Бул үчүн жеке ишкер катары керектүү документтерди чогултасыз. 1-2 саатка жашаган аймагыңыздын шартына ылайык бааны бычып, балакайларды көзөмөлүңүзгө алсаңыз болот. Жумушка байланган ата-энелердин ишеничин актасаңыз, анда бул ийгиликтүү, пайдалуу жумуш болуп берет.

БАТУТ
Учурда жел менен толтурулуучу батуттар популярдуу. Аны сейил бактарга, райондун борборлоруна, балдар көп ойногон жерлерге орнотсоңуз уттурбайсыз.
Батутту тандоодо анын сапатына да көңүл бөлүш керек. Баасы жаңысы 3000 доллардан (өлчөмүнө жараша) 10 миң долларга чейин сатылат. Колдонулгандары – 1000-5000 долларга чейин.
Бишкектеги сейил бактарда 15-20 мүнөткө 50-60 сом (1 кишиге), кээде 70 сом каалашынча ойногонго.
Демек, жумуш күндөрү 1 күнгө орточо 1000 сом түшсө, 5 күндө 5000 сом түшөт. Эс алуу күндөрү бир күнгө 2000 сомдон чейин тапсаңыз, 2 күндө 4000 сомго ээ болосуз. Бир айда орточо 36 миң сом пайда аласыз. Эгер майрам болуп калса 10-15 миң сомго чейин пайда көрүшүңүз мүмкүн. Ошондой эле аба ырайын да эске алуу керек. Бир айда жок дегенде 2-3 күн жаан жаап, аба ырайы ылайыктуу болбой калышы ыктымал. Ошентип отуруп 2 ай дегенде батуттун акчасын чыгарып, кийин жалаң таза киреше алып баштайсыз.
Эгер батутту Бишкектин сейил бактарына коём десеңиз, ижара акысы 4000 сомдон 10 000 сомго чейин болот.
Эскертүү: Батут жарылып калбоосу үчүн учтуу нерселерден абайлоо керек. Ойногонго кирген балдарда учтуу нерсенин болбошун көзөмөлдөңүз!

Мындан тышкары жайында Ысык-Көлгө барып суусундук, балмуздак, балыктарды сатып пайда көрүп жүрүшөт. Катамаран, кол чатырларды ижарага берип иштетсеңиз пайдасы жакшы. Эгер сүрөт тартканга шыктуу болсоңуз, көл жээгинде эс алуучуларга татуировка тартып берип акча тапсаңыз болот. Ошондой эле пирожки, самса, чебурек сыяктуу даамдарды жасап сатсаңыз кирешеси жакшы.

Андан сырткары дарбыз-коонду дүңүнөн алып, үйүңүздүн алдына коюп сатсаңыз да жакшы өтөт. Ижарага да акча төлөбөйсүз. Шишкебек бышырып сатуу да жайында жакшы киреше берет.


Гүлжамал Абылкасымова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
toktor89
2018-06-03 09:50:40
Иштесен тиштейсин
0
№ 812, 25-май -31-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан