Нурдануу жөнүндө жомок: КЫРГЫЗСТАНДА УЮЛДУК ОПЕРАТОРДУН БАЗАЛЫК СТАНЦИЯЛАРЫНА КОШУНА ТУРГАН БИР ДА АДАМ ЖАБЫР ТАРТКАН ЭМЕС

Радиофобия Кыргызстандагы конуштарда уюлдук байланыштын жок болгондугунун эң олуттуу себеби болууда. Бул бир гана алыскы аймактарда жашаган, билим, маалымат алууга мүмкүнчүлүгү жок жашоочуларда эмес, борборубуздун жана өлкөбүздөгү чоң шаарлардын жашоочуларына да тийиштүү. Кээ бир адамдар базалык станцияларды орнотууга тоскоолдук кылып, уюлдук операторлордун мүлкүн бүлүндүрүп, аларды сотко беришүүдө. Бул жалпыга мүнөздүү маселе болгондуктан, элге түшүндүрүү үчүн адистерден сурап, чын эле уюлдук операторлордун жабдуулары адамдын ден соолугуна, айланадагы өсүмдүк жана жаныбарлардын абалына терс таасирин тийгизеби деп изилдеп көрдүк.

BEELINE 80 ЖАҢЫ БАЗАЛЫК СТАНЦИЯЛАРДЫ ОРНОТТУ

Биз жумасына 7 күн бою 24 саат байланышта болуп көнүп калганбыз. Учурда уюлдук телефон үн аркылуу гана байланыш эмес, абоненттер баарлашып, иштеп, көңүл ачкан мыкты жана ыңгайлуу реалдуулукка, башка ааламга сүңгүп кире турган порталга айланды. Экинчи муундагы технологиянын ордуна 3G менен 4G келди. Дүйнөдө эмитен эле биздин жашообузду өзгөртө турган келечектин байланышы – 5G технологиясын талкуу кылып жатышат.

Жаңы технологияларсыз сапаттуу байланышты жайылтууга мүмкүн эмес. Байланыштын сапатын жакшыртуу үчүн уюлдук операторлор жыл сайын жаңы технологияларды орнотуп, жаңылап, кошумча базалык станцияларды орнотуп келишет. Мисалы, Кыргызстандагы эң чоң телеком оператор Beeline акыркы жылы 80 жаңы базалык станцияларды орнотту жана мурункуларынын үчтөн бири жаңыланып өркүндөтүлдү.

Уюлдук байланыш камтыган аймакты кеңейтүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабай республиканын картасында дагы деле байланыштын сапаттуу болушу үчүн өзгөрүүгө зарыл «күңүрт тактар» калып жатат. Көбүнчө байланышты жакшыртууну тургундар өздөрү суранышат. Акылга сыйбагандык болушу мүмкүн, бирок кайра эле тургундар байланышты жаңылоого тоскоолдук кылышат. Мисалы, радионурдануудан коркобуз деген шылтоо менен базалык станцияларды бузушат.

Уюлдук байланыш кызматкерлеринин айткандарына ылайык, радиофобияга дуушар болгондор бир гана базалык станцияларды талкалашпастан, кээде монтаж кылгандар менен электриктерге да кол салган учурлар бар. Базалык станциялар ден соолукка зыян алып келерине ишенген адамдар бүт Кыргызстанда бар. Эң демилгечилери борборубуздун 4-кичи районунда жана 110-кварталда жашашат. Бул аймактарда жашагандар базалык станциядан улам калк ооруп баштаганын айтып, активдүү каршылык көрсөткөндүктөн Beeline байланыштын сапатына өзгөртүү киргизе алган жок.

"КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР САЛАМАТТЫГЫ ҮЧҮН КООПТОНБОЙ ЭЛЕ КОЙСО БОЛОТ"

Ал эми КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери Жаныбек Арзыкулов Кыргызстанда уюлдук операторлордун базалык станцияларына кошуна тургандардан бир да киши жабыр тарткан эмес деп билдирет.

"Ушул кезге чейин республикада уюлдук операторлордун базалык станциясына жакын жашаган бир да адамдын ооруган учуру катталган эмес! Биздин мекеме тиешелүү норма сакталышын тыкыр көзөмөлдөп турат. Уюлдук байланыштын базалык станциясын жөн эле кошуп коюу мүмкүн эмес. Алгач электромагниттик талаанын деңгээли эсептелген долбоор даярдалат, анан текшерилип, бизден корутунду алынат. Ал үчүн антеннанын айланасындагы жана атайын көзөмөлдөөчү чекиттердеги нурдануунун деңгээли өлчөнөт. Качан бардык керектүү документтер даяр болгондо гана базалык станция эфирге уланат",- дейт Арзыкулов.

Базалык станциядагы электромагниттик талааны өлчөө үчүн атайын П3-33 шайманы колдонулат. Бардык жабдуулар Казакстанда үзгүлтүксүз текшерилип турат жана сапаты тууралуу сертификат алынат.

"Биздин өлкөдө базалык станциялардын курулушу боюнча стандарттар бар. Ага ылайык, базалык станциялар иштеген жыштык үчүн берилген энергиянын агымынын тыгыздыгы (900, 1800, 2100 МГц) 10 мкВт/см2 барабар. Эгер бардык шарттар сакталса, анда жакын жашаган адамдарга эч кандай коркунуч жок",- деп түшүндүрөт адис.

Ал көпчүлүк батыш өлкөлөрүндө нурдануунун мүмкүн болгон өлчөмү биздикине караганда бир топ көп экенин белгилейт. Мисалы, АКШ жана Скандинавия өлкөлөрүндө 100 мкВт/см2 түзөт. Андыктан кыргызстандыктар саламаттыгы үчүн кооптонбой эле койсо болот.

"ӨЗ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН ОЙЛОГОН КОШУНАЛАРДЫН АМАЛЫНА АЛДАНБАҢЫЗ"
"Биз өз районунда базалык станциянын орнотулганына нааразы болгон жарандардын арыздарын кабыл алабыз. Көпчүлүк эл ден соолукка зыян келет деген шылтоону айтышат. Бирок биз абалды изилдеп, ар бир окуяны өзүнчө иликтеп чыгып, көпчүлүк учурда арыздын чыныгы себеби – көрө албастык жана пайда көрүү экенин түшүнөбүз.

Анткени телеком-операторлор жеке аймактарда станция орноткону үчүн акча төлөшөт. Ал эми өзүнө тиешелүү аймакты компанияга ижарага бере албаган кошуналар ушинтип арызданып келишет",- дейт Жаныбек Арзыкулов.

Ошондуктан өлкөбүздө базалык станциялардын антенналарын орнотуу бардык шарт, талаптарды аткаруу менен ишке ашырылат деп жыйынтык чыгарса болот. Антеннанын адамдын ден соолугуна зыяны жок. Демек, өз кызыкчылыгын ойлогон кошуналардын амалына алданбаңыз. Ден соолугуңуз үчүн кам санабай эле, ылдам интернет жана үзгүлтүксүз уюлдук байланышты ырахаттанып колдонуңуз!


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Chopi1990
2018-05-30 23:17:53
Биздин уйдун жанында да бар, жайында корком чагылган тушобу деп.сарайдын тубундо жайгашкан. Эшик алдында балдарым ойноп журушот. Чагылган тушушу мумкунбу, ток тартат деп айтышат го
0
№ 812, 25-май -31-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан