ӨФ-ИЙ... ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТАРГА СОККУ ЖАСА!

Конокко барганда бут кийимиңизди чечкенден тартынасызбы? Демек, бул макала сиз үчүн. Врач-дерматолог, косметолог Жанара Байсеитова ашыкча тердөөнүн себептерин жана ага каршы туруунун жолдорун айтып бермекчи.

ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТАР КАЙДАН ЧЫГАТ?
– Адамдын организминде 2 миллионго жакын тер бездери жайгашкан. Алардан тер бөлүнүп чыгып турат. Эгер адам өзүнө кам көрбөсө, анда тердеген жерлерде бактериялар көбөйүп, жаман жыттын чыгуусун шарттайт. Кайсы учурларда?

  • Жеке гигиeнаны сактабаганда, синтетикалык кийимдерди, байпактарды кийгенде;
  • Сапатсыз материалдан тигилген бут кийимдер (дермантин) жана резина бут кийимдерди кийгенде;
  • Ысыкта бутка жабык бут кийим кийип жүргөндө;
  • Нерв, эндокриндик системдин иштеши бузулганда, айрым бир оорунун болушу (мисалы, кант диабети, ашыкча салмак);
  • Кара күч эмгеги менен узакка алектенүү;
  • Грибок ооруларына чалдыкканда.


ШЫБОО ЖАНА КОЛОҢСОНУН АЛДЫН АЛУУ

  • Тердеген убакта жуунуп туруңуз. Жок дегенде бут менен колтукту суу менен чайкаңыз.
  • Колтуктун түгү бактериялардын көбөйүп, жайланышына ыңгайлуу болгондуктан, убагында тазалап турууну унутпаңыз.
  • Жүндөн, пахтадан токулган кийимдерди, байпактарды алыңыз. Синтетикалык кийимдерден качыңыз. Жайкысын кенен кийимдерди тандап, денеге чапталышкан кийимдерден оолак болуңуз.
  • Булгаарыдан тигилген жана шамалдап турган бут кийимдерди кийип жүрсөңүз шыбоодон алыс болосуз.
  • Мончонун буусуна отуруп, организмдеги уулуу заттардан жана шлактардан арылып туруу зарыл.
  • Бактерияларга каршы самын, гелдерди такай пайдаланыңыз.
  • Грибок оорулары менен ооруган адамдардын кийимин кийүүдөн сактаныңыз. Грибок жугуп жаман жыттын чыгышын шарттайт.

Бут кийимдин жарактуу мөөнөтү – 600-700 чакырым басуу, чуркоо.
Мындан кийин ал өз сапатын жоготуп, буттан жагымсыз жыттын чыгышына өбөлгө болот.

ҮЙ ШАРТЫНДА ШЫБООДОН АРЫЛУУ

  • 1 стакан жылуу сууга 1 чай кашык соданы салып, бутуңузду эртең менен жана кечкисин жууп турсаңыз, жагымсыз жыттан арыласыз.
  • 1 литр сууга 100 грамм эмендин жалбырагын салып, 20-30 мүнөт жай отко кайнатасыз. Кайнатма өтө муздай электе бутту 10-15 мүнөт салып жүрсөңүз, бир жумадан кийин буттагы шыбоонун жыты жоголот.
  • Жалбыздын кайнатмасы менен бутуңузду бат-бат жууп турсаңыз да шыбоодон арыласыз.
  • 1 стакан кайнак сууга 1 чай кашык туз салып бутуңузду эртең менен жана кечкисин жууп турсаңыз, 2 жумада жыт кетет.
  • Таманды лимондун ширеси менен бат-баттан сүртүп туруу менен да жаман жыттан арылууга болот.


ҮЙ ШАРТЫНДА КОЛОҢСОДОН АРЫЛУУ

  • Колтуктун тердөөсүнө Теймур пастасы, формидрон сыяктуу каражаттар жакшы жардам берет. Бирок буларды колдонордон мурун дерматологдон кеңеш алыңыз. Анткени аллергия жаратышы мүмкүн.
  • 250 грамм сууга эмендин кабыгын кайнатып, бир даана лимондун ширесин кошосуз да, кайнатманы кебезге сиңирип алып, колтукту сүртөсүз. Мындай ыкманы бир күндө бир нече жолу кайталасаңыз, тердебей каласыз.
  • 6 кашык кургатылган ромашканы 2 литр сууга кайнатып, бир саатка коё турасыз. Кайнатмага 2 кашык ашкана содасынан кошуп, колтукту сүртсөңүз кечке тердебей жүрөсүз.



ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Колоңсодон косметологиялык жана операциялык жол менен да арылууга болот.

Ботокс сайдыруу. Дары атайын ийне менен колтуктун терисинин алдына жиберилет. Таасирдүүлүгү орточо эсеп менен 6 айга жетет.

Операциялык жол. Мында колтуктун түктүү бөлүгү тер бездери менен кошо алынып салынат. Жыйынтыгы жакшы болгону менен, тырык калат.

ДЕЗОДОРАНТ ТАНДАЙБЫЗ

Жөнөкөй дезодорант бактерияларды өлтүргөнү менен, тердөөнү токтото албайт. Анан да анын курамындагы триклозан затынын организмге пайдасынан зыяны көп. Ал эми курамындагы фарнезол болсо пайдалуу. Ал жалаң эфир майынан даярдалгандыктан тер менен мыкты күрөшөт. Жөнөкөй дезодоранттын курамында терди кургатуучу алюминий жана цинктин элементтери болот.

Парфюмериялык дезодорант терди да, бактерияны да жөнгө сала албайт. Болгону өзүнүн жыпар жыттуу композициясы менен колтуктун жаман жытын басат.

Дезодорант-антиперспирант эң мыкты натыйжа берет. Бир эле учурда колтуктагы терди кургатат, бактерияны өлтүрөт жана жаман жыттан арылтат.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Bazana
2018-05-29 12:25:55
Эмен эмне?
+1
azema96
2018-05-29 13:32:48
Bazana, "Кучук эмен жалбырагын казга тиштеп барыптыр, мобул сенин тамагын го - жерге тушуп калыптыр" дегенди окусан керек...)
+8
Baiana2017
2018-05-29 15:12:28
azema96,
-1
mamashovich88
2018-05-30 21:30:01
azema96,
"тамагын" эмес "таманың".
Кечиресиз бирок
0
Dalil
2018-05-29 13:52:01
Bazana,дуб
0
bekmaral
2018-05-29 15:08:56
Bazana,эрмен деген чоп
+1
Kg.arts.
2018-05-30 09:15:36
Bazana,Эмен дарагы (Дуб) болуш керек.
+2
bekmaral
2018-05-29 15:08:35
эрмен деген чоп,кээбирлери эмен деп айтат. эмрмендин дарылык касиети коп. акиташ куюлуп кеткен сыяктуу агыш болуп осот.
+2
Abdyrawit
2018-05-30 01:12:06
bekmaral,Эмен деген дарак, Эрмен деген чөп, экөөсү эки башка
+5
Ferdews
2018-05-29 15:45:28
Экинчи суроттогу красовки воощегоо))
-1
Nurmat92
2018-05-29 18:29:57
Теймур паста шыбоонун жытын бир жумага чейин жоготот. Бир жума откон сон бутунду таза жууп пастадан кайра шыбап койсон экинчи жумага чейин жоголот
+1
Snejana
2018-05-29 23:09:50
Nurmat92,ошентип отуруп, биротоло жоголобу?
+1
barsbegKG
2018-06-02 13:17:24
Snejana,жок биротоло жоголбойт. Бирок натыйжасы аябай жакшы.
0
№ 812, 25-май -31-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан