Санжар Кадыралиевдин апасы Агдана Кочкорова: «НЕБЕРЕМ САНЖАРЫМА КУЮП КОЙГОНДОЙ ОКШОШ»

Тагдыр

ЖКнын эки жолку чакырылышынын депутаты Санжар Кадыралиевди 2009-жылы 14-апрелде атып кетишкен. Убагында тергөө иши башталып, бирок солгундоого учурап, “күнөөкөр” деп кармалган адам сот жообуна тартыла элек. Бирок Убактылуу өкмөт “буйрутма өлтүрүүлөр кайрадан каралат” деген чечим чыгарды. Ошондон улам маркумдун апасын кепке тарттык.

  • Санжар Кадыралиев 1976-жылы 16-ноя­брда туулган.
  • Кыргыз-Өзбек университетинин финансы-кредит факультетин 2000-жылы аяктаган.
  • 2000-жылы ОшМУнун юридикалык факультетине тапшырган.
  • 1999-жылы саясий карьера куруу максатында кыргыз-өзбек жаштарынан турган “Жаңы күч” жаштар биримдигин түзгөн.
  • Жети бир туугандын үчүнчүсү эле.

– Агдана апа, балаңыздын өмүрү коркунучта экенин энелик туюмуңуз менен сезгендирсиз?
– Бул каргашалуу окуянын алдында, тагыраак айтканда, 11-апрелде Санжар айылга келип, эл менен жолугушкан. Элдин көйгөйүн угуп жүрүп, үйгө түнкү саат 11де келди. Чогулгандар менен “18-апрелде келем да, маселелериңерди чечип берем” деп коштошуптур. Үйгө келип эле кайра түнү менен Ошко барып, анан борборго учмай болду. Санжардын баласы Жоомартты “тур, Санжар акең кетип жатат” деп ойготтук. Санжар уулун асманга так көтөрүп туруп, эки бетинен өөп койду. Баласына эч качан мындай мамиле кылган эмес. Келгенде ушундай бир тиктеп алчу. “Эркелетип, бетинен өөп койсоң боло?..”- десем: “Апа, сиздин балаңыз да. Сиз эркелетип жатпайсызбы”,- деп менден тартынып турчу.
14-апрелде кечинде үйдүн тепкичинен түшүп келатып эки жолу чүчкүрдүм. “Балдарым тынч болушса экен” деп чүчкүрүгүмдү жакшылыкка жорудум. Эшик алдында жолдошум, балам Орунбек болуп сүйлөшүп турушкан. Аңгыча Орунбектин телефону шыңгырап калды. Ал “эмне?!” деп бакырып, телефонду жерге бир чапты. Өң-алеттен кетип: “Санжарды атып кетишиптир!”- деди.
– Өлүмгө шектүү катары Санжардын өзүнүн эле досторунун бири кармалбады беле...
– Өлтүргөн дешип жаткан Итибаевди Санжар менен бир досу тааныштырган имиш. Балам эртең менен жумушка баратканда жанындагы жан сакчысы Итибаевдин коңшу подъездден чыгып баратканын көргөн экен. Бул жөнүндө күнөөкөр өзү: “Мен Санжарды эртең менен эле атканы баргам, бирок жанында адамдар көп экен”,- деп айткан. Аткандыгынын себебин “700 доллар карыз болчу” деп түшүндүрүп жатат.
Чынында, балам досторунан карыз алчу эмес. Ал студент кезинде эле 1996-жылы Оштогу туристтер базасын ижарага алып, дискоклуб кылып иштете баштаган. Союз урагандан кийин ал имарат каралбай калган экен, “оңдоо-түздөө иштерине жумша” деп атасы эки бука берген. Ошол эле учурда айрым чиновниктерге жан сакчы да боло койчу. Анан 2002-жылы “КСК Илбирс” (Кадыралиев Санжар Карымшакович) деген фирма ачып, Кытай менен Кыргызстан ортосунда соода иштерин жүргүзө баштаган. Соодадан түшкөн акчасын достору менен бөлүшө билчү. Аларды алып жүрүш үчүн чоң каражат керек да.
– Уулдарыңыз Санжар менен Канжардын кылмыш чөйрөсүнө аралашып калгандарын билдиңиз беле?
– Санжар биринчи жолу депутат болордо Куршабда 2000 адам чогулган жыйын болгон. Ошондо эл арасынан бирөө: “Санжар, сени криминал, баш кесер дешет. Буга эмне дейсиң?”- деп суроо берген. Балам: “Кадырлуу калайык-калкым. Араңардан бирөөңөрдүн бир тал чачыңарды түшүрсөм, бир тамчы каныңарды агызсам, бир сом тыйыныңарды алган болсом, эл алдына чыгып айткыла. Жигитчилик сөзүмдү берем. Талапкерлигимди азыр алып, трибунадан түшүп кетем”,- деген. Эл унчукпай туруп калып, дуулдата кол чаап жиберишкен.
– Ош шаарындагы “Алай” мейманканасынын алдынан кайсы бир криминалдык топ менен атышыптыр эле...
– Кимдер менен кагылышканын билбейм, бирок атышуу болгон. Ал учурда Санжар башка жакта жүрүптүр. Бирок анын жети баласына ок тийген экен.
– Небереңиз Жоомарттын апасы жөнүндө эмнеге айтпай келди?
– Мен Куршаб айылында мээрман айым болуп иштечүмүн. Бир жолу Санжарды достору жетелеп келишип: “Келиндүү жана неберелүү болдуңуз”,- дешти. Санжар: “Апа, ал кызды албайм. Биз түшүнүшүп алдык. Бала бизде калат”,- деди. Кантсе да энемин да, “кой, балам, алып кел” деп неберемди энеси менен үйгө алдырттым. Нике кыйылды, анан окуусу башталганда келин кетип калды.
– Санжардын өзү жок болсо да, артында туяк калган турбайбы...
– Жоомартым атасына куюп койгондой окшош. Басканы, уктап жатканы дал өзү. Атасы келгенде калем сабын, саатын кармалап, укмуш сүйүнөр эле. Санжар каза болгондо 1-классты аяктап жаткан. Экөөбүз отуруп алып ыр жаттайбыз, эсеп чыгарабыз. Таң аткыча отуруп бир куплет ыр жаттай албаган да күндөр болду. Кыскасы, көп кыйынчылык менен чоңойттум. 2-класстан чоң атасы менен кеңешип, англис жана орус тилдерин азыртадан өздөштүрсүн деп Оштогу “Илим” жеке мектебине бердик. Мага неберем Санжардан да курч көрүнөт.
– “Ажар” тобунун ырчысы Назгүл Санжар каза болгондон кийин “мен сүйлөшкөн кызы элем, үйлөнгөнү жатканбыз” деп чыкты. Силер билчү белеңер?
– Ал жөнүндө кызым Ыргал эле айтып калат. Ал кыз ЖКдан “мен Москвадан келдим, эжеси менен жолугат элем” деп кызымдын телефон номерин алыптыр. Кызымды капчыгы калың деп ойлосо керек. Ыргал “тигил кыз үйгө келгенде залда жарык жок, коридордо отурганбыз” деп күлүп калат. Акыркы убакта Санжарды үйлөн дей берчү болгонбуз. Ал “бир кыз менен сүйлөшүп жүрөм, күзүндө үйлөнөм” деп жаткан. Ыргал Назгүл деген кызды ошол кыз экен деп ойлоптур. Назгүл кирип келип эле кызымдын үйүнүн ичин карап, анан “Санжар экөөбүз түшкөнбүз” деп монтаждалган сүрөттү көрсөтүптүр. Ыргал көрөрү менен түшүнүп, башын чайкаптыр. Ал кыз үйдөн чыгып, дароо кайсы бир гезитке барып: “Санжардын сүйлөшкөн кызы элем. Азыр эле эжеси менен жолугуп келе жатам. Экөөбүз аябай ыйладык”,- деп интервью бериптир. Баламдын достору кызыма нааразы болушуп: “Ал кыздын Санжар менен эч тааныштыгы жок болчу. Аны кайдан таптың?”- деп телефон чалышыптыр. Ыргал тиги кызга телефон чалып “эмне калп айтасың? Качан ыйладык эле?” десе, азыр чалам деген боюнча жоголуптур.
– Маек соңунда айтар сөзүңүз...
– Тергөөчүлөр диплому, тажрыйбасы бар адамдар. Аткан адам колдорунда турат. “Кайдан, кантип аттың? Ким буйрук берди?” десе эле чыгат го. “Итибаев аткан эмес. Мунун башында мандем бар, жиндиканага жиберебиз” деп да чыгышты. Санжарды өлтүрүүгө ким буйрук бергенин айтпаган себеби “айтсаң үй-бүлөңдөн ажырайсың!” деген коркутуулар болсо керек деп ойлойм. Убактылуу өкмөттөн мындай кылмышкерлердин тамырын кыркып соолутушун суранам. Менин башыма түшкөн күн эртеңки күнү башка эненин башына түшпөсүн. Чыгаан уулдарыбыз аман болушса экен деп тилейм.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Turman
2010-06-18 16:26:51
Эгер козу тируу болгондо качкын чиновниктердин бири болмок. Карга да баласын аппагым дейт демекчи, балам криминал эмес болчу деп жазыптыр. Еще как криминал болгон, эл жакшы билет Санжар кандай адам болгонун.Козунорду чон ачып, терен ой жугуртуп иш кылгыла. Итибаевдин эч кандай куноосу жок. Эч кандай конкретный далил жок. Эгер жансакчысы коргон болсо, Итибаевди ошол эле куну кармамак. Бул жерде саясий олтуруу болду десем жанылышпайм. Чындыгын Бакиевдерден сурап алгылы деп айтмакчмын.
+2
Zhenishbek_87
2012-10-13 19:51:16
баласына ийгилик кыргызтан учун куйгон азаматтардан болсун
0
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан