Назира Мамбетова, Кыргыз Эл артисти: «ҮЙЛҮҮ БОЛОМ, ЖЕРДИН АЛДЫНДАБЫ, ҮСТҮНДӨБҮ АЙЫРМАСЫ ЭМНЕ?»

«Курманжан датка» тасмасында Курманжан датканын уулу Камчыбекти дарга асып жаткан жери бар эмеспи. Курманжан датка бир тиктеп басып кеткен жери таасирдүү, ээ? Ошол күчтүү көз караштын ээси, көп наамдарды алып жаткан актриса Назира Мамбетова маек төрүбүздө.

– Эже, акыркы жылдары жемиштүү эмгектенип жатасыз. Жаңылыктарыңыз көп болсо керек.

– Рахмат, иштеп жатабыз.Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» чыгармасын спекталь кылып койдум. Бул долбоордун автору мен болдум. Премьерага көптөгөн белгилүү адамдар келишти. Роза Отунбаева, Роза Айтматова да келип ыраазы болуп кетишти. Мен өзүм элестеткенден да күчтүү чыкты, ошого дагы да толкунданып жүрөм.

– Сиздин чыгармачылык жылдызыңыз, азыр ачылып жаткандай.

– Демек, чыгармачылыкка болгон мамилем бышып жетилди деп ойлойм. Анткени мага авторлор, продюсерлер өздөрү келип жатат. Султан Раев мага арнап «Суфлёр» деген пьеса жазып, өзү каражатын бүт көтөрүп театрларга койдук. Бул спектакль менен Лондонго эл аралык фестивалга бардык. Гран прини, «Аялдын эң мыкты ролу үчүн» деген сыйлыкты алып келдим. Андан соң Меңди Мамазаирова «Актриса» деген чыгармасын мага арнап жазды. Ал дагы бир топ беделдүү фестивалда 4 сыйлыктын ээси болду. «Манас» орденин алдым, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыкты мага ыраа көрүштү. Жакшы, буюрса, ийгиликтер биринен сала бири болуп жатат.

– Ошого карабай сиз театрдан көрүнбөй калыптырсыз? Себеби эмнеде?
– Ооба, барбай калдым. Себеби (айтсамбы же айтпасамбы деп ойлонуп)... Көрө албастык, бут тосуу болду. Ушундай мыкты ролдорду ойноп жатканым, ийгиликтерим бирөөлөрдү тынч уктатпай жатат окшойт. Кысым болду, «Актриса» спектаклин театрдын көркөм кеңеши кабыл алган эмес, «Жамиляны» болсо Маданият министрлигинин эксперттик кеңешмеси жүз пайыз кабыл алса, театрдын кеңешмеси кабыл албай койду. Ушундай майда-чүйдө нерселер аябай жүдөтүп ийди. Аралашкым келбей «силер иштегиле, мен өз чыгармачылыгым менен кетем» дедим. Азыр иштерим чыгып калганда эле барбасам, көп каттабайм.

– Атактуулук сизге эмгек менен келдиби, же кокустукпу же талантыңыздан уламбы?

– Эмгек менен келди. Анткени аны сатып алайын десем, менде акча жок. Бул сатып ала турган да нерсе эмес. Жон терим менен кылган эмгегим. Ош шаардык драма театрында 22 жыл иштедим. Кийин тополоң заман башталып кетти. Эл катары мен дагы борборго чоң чыгармачылык издеп келдим.
9 жыл ишим жок отуруп калдым. Майда-чүйдө иштер болуп жатты, бирок чоң нерсе кыла албай жүрдүм. 1994-жылдан баштап чоң-чоң ролдорду ойноп калдым.

– Ролдоруңузга келсек, «Мен Тянь-Шань» тасмасында Кадичанын ролу менен таанылгансыз. Адатта кайсы ролду аткарсаң, ошол тагдырга таасир берет дешет го. Мындай нерсе сизде болгон жокпу?

– Жок, ал жөн эле сөз. Мен театрда миң жолу өлдүм, өлүп калбайт белем. Мына, 70ке чыгып калдым. Болгону ролуңду жан дүйнөң менен кабыл аласың. Өз турмушуңду унутуп сиңип кетесиң. Мисалы, Кадичаны аткарган ролумду эл башкача карайт, мен башкача карайм. Кадича байкушту «үй-бүлөсүн бузду, Ильяз менен Аселди ажыраштырды» дешет, бирок ал Аселге чейин Ильязды сүйүп калган. Эмнеге ал өз сүйүүсү үчүн күрөшпөшү керек? Сүйүүгө Кадичанын да укугу бар.

– Сиз да сүйүүңүз үчүн күрөшкөн учур болгонбу?

– Ал абалга жараша болот.

– Күчтүү аялсызбы?

– Жок, мортмун. Күчтүү эмесмин. Мени сындырып коюш оңой.

– Анан кантип ушул чөйрөдө атыңызды жасай алдыңыз?

– Мен күчүмдү эмгектен чыгардым. Бири мени артка сүргүлөсө, аны менен тирешкенден көрө артка чегингеним жакшы. Сөз кайтарып айтышып, өзүмдүкүн далилдөө мен үчүн эмес. Түшүнбөгөн адам менен акыйлашуу – тыянаксыз иш. Андан көрө баркымды билген башка нерсеге арнайм өзүмдү.

– «Курманжан датка» тасмасында таасирдүү көз карашыңыз эсте калды, ушул эпизод арасында көп сөздөр жүрдү эле. Буга сиздин көз карашыңыз?

– «Курманжан датка» тасмасына көп актрисанын арасынан мени тандашты. Ошол мени чакырган мүнөттөн баштап тынчсыздандым. Анткени ал кыргыздын көкүрөгүнө уюп калган ыйык образ да. "Аны кантип ачып берем?" деген ой болду. Эгерде башынан баштап бир адам ойносо башка кеп. Мында төрт Курманжан бар. Баарыбыз өз ишибизди кылдык. Кандай чыкты, бул элдин сыноосундагы нерсе. Сындар да болду. Айрымдар «балам, өлүмгө тике кара» деген сөз эмнеге жок дешти. Анткени ал чыгармада бар да. Режиссёр эмнеге мындай кылды? Эми эки датканын ортосунан чыккан баатыр мырмыңдап ыйлап турса, энеси каргылданып «балам, өлүмгө тике кара» десе болмок беле? Тиги жакта душмандар карап турса... Датканын бир ооз сөзү менен кыргыз кырылып кете тургандай оор кырдаал түзүлсө, ал сөздү айттырыштын канчалык кажети бар? Башында эле кичинесинде "атка минем" деп жатканда «мине албайсың» деп тиктеп башын чайкап, көз менен сүйлөшүп көндүрбөдү беле. Менимче, эне менен бала көз караш менен тиктешип койгону режиссёрдун күчтүү чечими болду.

– Сиздин энелигиңизге келсек, балдарыңызды жалгыз чоңойтуптурсуз, оор болгондур.

– Тагдырга эмне туш келсе көтөрөбүз. Оордугу болбогон энелик болбосо керек. Чоңойттум, Кудайга шүгүр,
1 кыз, 1 уул, 4 неберем бар. Балдарым чыгармачылыктан алыс. Ошого сүйүнөм, анткени бул оор кесип.

– Кайсы наам сиз үчүн күтүүсүз болду?

– Бардыгы күтүүсүз болду. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти менен Эл артистин Ош шаардык драма театрында жүргөндө алгам. Анда документтерибиз кетип жатканын деле билчү эмеспиз. Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыкты айтышканда үйдө жалгыз элем, кыйкырып-кыйкырып алдым. Эмоциямды чыгардым окшойт. «Манас» орденин алганымды укканда көчөдө бараткам, "эл эмне дейт?" деп кыйкыра алган жокмун. Баарында эле сүйүндүм, толкундандым.

– "Үйүм жок, мен өлгөндө өзүңөр уялып калбагыла" деп тамашалаган экенсиз? Азыр үй маселеси кантип жатат?

– Азыр үйгө кызыкпай деле калдым. Журналисттердин бири «Канча бөлмөлүү үйүңүз бар?» деп сурап калды. «Үйүм жок» десем эле коомчулукка чыгып кетти. Бирок мен эч кимдин эшигин тешип "мага үй бергиле" деп айтып көргөн эмесмин. Жок болсо жок да. Аны туура эмес кабыл алгандар болду. Маданият министри «мени уят кылып үй сурайсың» деп чыкты. Жакында үйлүү болом. Ал беш жылдабы, жыйырма жылдабы, ким билет? Жердин алдындабы, үстүндөбү, ал дагы белгисиз.Жеткен бийиктиктериме, ийгиликтериме, элдин оозунда калганыма, балким, тарыхта калганыма, айтор, мен баарына ыраазымын. Башка эмне керек? Министрге да ушинтип айттым «сиз үй бербесеңиз да ыраазымын, чыгармачылыгыма бут тоспогула» дедим.

– 70 жашка келип калыптырсыз, бирок келбетиңизди да, жүзүңүздү да жаш сактаптырсыз. Сыры эмнеде?

– Мен актрисамын. Өзүмдүн ички дүйнөмө, жүзүмө, келбетиме ар дайым кам көрүшүм керек. Эл менин майларымды, жүзүмдөгү бырышымды көргөнү келмек беле? Искусство жаштыкты, сулуулукту сүйөт.

– Дайым жаш бойдон жүрүңүз.

"СССР убагында "Санниковдун жери" тасмасында Гошардын ролун аткаргам".
"Суфлёр" спектаклин аткаруу учурунда".


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Aitun
2018-05-29 11:32:07
Ишинизге ийгилик!!!
+2
asil-08
2018-05-29 12:50:29
Кыйын актриса
0
fanatka19
2018-05-29 13:27:56
Кыйынды кыйын деш керек баардык ролдору жагат сонун аткарат. омурлуу болсун эжекебиз.
+8
engel
2018-05-29 14:56:21
Квартира бербесе да ушундай таланттуу айымга 70ке чыкканда бут тоспой эле коюшпайбы?!
+22
Kalemkash
2018-05-29 16:30:06
Убагында берилген Оштогу квартирасын сатып ийген го.
+1
Yasmina87
2018-05-29 16:41:37
Азаматсыз акты ак,кокту кок деп чындыкды айтыптыр бактылуу карылык каалаймын
+1
FK2
2018-05-29 21:00:12
Ушундай кыргыз учун бут омурун берген адамга 1 квартираны жон эле берип койсо болмок. Ансыз деле канчалаган акчалар коррупционерлер тарабынан жок болуп кетти го.
+12
love.me.again
2018-05-29 21:59:19
Ошондо Ким тосуп атат бутту Буга??
-1
love.me.again
2018-05-29 22:00:36
Ай кыргыздар ай ушинтип эле журушот озгочо театрдагы адамдар. Азыр театрдагы жетекчи кыргыздар осмоновго же башка бироо тосуп атабы
0
-Sumitra-
2018-05-30 22:42:51
Убагында уй берилген экен го.Дагы эмнесин берет мамлекет?Кийингендери эле биздин эки айлык маянабыз булардын.Артистмин деп эле журо бериш керекпи?Балдары бар экен иштеп алышсын да уй.
+1
surgeon777
2018-06-02 23:39:09
-Sumitra-,ошол Оштогу уйун айтып койбодунар го,ал уйун жыргаганынан сатты дейсинерби,ал кезде Оштун баары Бишкекке чууруп кочуп келишпеди беле жана башка жерлер да,анан дагы баласы алып бербейт деп,азыр уй алыш онойбу,коп киши квартиралап журот.
Дагы бир нерсе:Эже журналисттин уйунуз барбы деген суроосуна уйум жок деп жооп берип койгондон баштап жумушунда проблемалар башталыптыр,ошону айтып жатса министрден баштап жонокой адамга чейин туура эмес тушунуп алыпсынар,эшик жыртып уй сурап
+2
surgeon777
2018-06-02 23:44:28
surgeon777,уй сурап жургон жокмун деп экинчи жолу маек берип жатат,хотя бир комнат болсо да берип коюшса болмок,убагында Болот Бейшеналиев да общежитиенин суу тамчылаган жарыбаган бир болмосундо жашаган,жана башка канча таланттар журот уйу жок,эмгеги синсе да Эмгек синирген артистти албай каяктагы акчалуу катындар алып журушот,а залкар адамдарды эч ким эсине албайт!
+3
nurhan2702
2018-06-01 12:55:27
"Мен Тянь-Шань" киносундагы ролун жакшы аткарган.
+1
Floweriza
2018-06-01 14:09:41
Оштон болобу
0
kadam
2018-06-03 10:52:50
Назира Эженин оптимистик көз карашы, дүйнө таанымы жакты. Ушунуңуздан жазбай, ден соолукта болуңуз. Албетте, буюрса сөзсүз үйлүү болосуз!
0
Kroxa
2018-06-04 21:08:40
Уят ушу тарых музейине 14мин евродон ат алгыча ушул эженин талантын баалап 1 ком квартира алып берсе болмок ошол европоид атынарага чоон ыраазы элек.. Адамдын айтпаса жанын кашайтышат.. Айткандын оозу ыйлагандын козу жаман..
+1
Medina87
2018-06-04 23:36:47
Мамлекет бул эженин эмгегин убагында баалап сыйлыктарын да ,уй да берген.
Эми дагы да уй берсе билбейм!!
-1
№ 812, 25-май -31-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан