«Үй-бүлөгө көмөк», «балага сүйүнчү пул» тууралуу окурмандардан келген суроолорго Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын адиси Айкөл Турганбаева жооп берет.
– Менин эки балам бар. Буюрса, августта үчүнчү наристем жарыкка келет. Сурайын дегеним, буга чейин мен банктан 3 жолу кредит алгам. Угушума караганда, банктардан кредит алган үй-бүлөлөргө үй-бүлөгө көмөк каражаты берилбейт экен. Мунун канчалык чындыгы бар?
Асел, Жалал-Абад шаары
– Ата-эне балдарга берилүүчү жөлөк пулдарды баланын өзүнө гана жумшоосу керек. Кредитти төлөө үчүн берилбейт. Негизи кредитти төлөөгө кирешеси бар, жетиштүү жашаган үй-бүлөлөр алышат. Кредитти банктан алууда, аны жабууда кирешелер көрсөтүлөт. Ошол кирешени тастыктаган маалым катты дагы жөлөк пул алуу үчүн кайрылганда көрсөтүү зарыл.
Августта көз жарсаңыз, кирешени эсепке албастан 4000 сом өлчөмүндө балага сүйүнчү пул ала аласыз.
«БИР ҮЙДӨ ЭКИ ҮЙ-БҮЛӨ ЧОГУУ ЖАШАЙБЫЗ»
– 3 балам бар. Кайненемдин колунда турабыз. Жолдошум экөөбүз тең иштебейбиз. Бизден башка үйдө эки кайним бар, студенттер. Кайненем гимназиянын директору болгондуктан «эмгек акысы көп» деп менин балдарыма үй-бүлөгө көмөк акчасын чегербей коюшту. Кайненем айлык акысына өз студент балдарын багышы керек да, чынбы? Же алган айлыгын менин балдарыма да жеткириши керекпи?
Жазгүл, Ош шаары
– Үй-бүлөгө көмөк – муктаж үй-бүлөдөгү 16 жашка чейинки балдарга ай сайын төлөнүүчү жөлөк пул. Эгерде бир нече үй-бүлө чогуу жашаган учурда алардын бюджети бирге болсо, бир айлык кирешеси чогуу эсептелет. Ал эми бир нече үй-бүлө бирге жашап, бирок бюджеттери башка болсо, өз-өзүнчө кирешелери эсептелип, муктаждыгы аныкталса, үй-бүлөгө көмөк каражаты ар бир үй-бүлөгө өзүнчө чектелет.
Тактап айтканда, бир айлык киреше үй-бүлөдө жашаган ар бир жандын башына бөлүнөт. Эгер сумма кепилденген эң төмөнкү кирешеден ашпаса (КЭТКнин өлчөмү 900 сом), анда үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун чегерте аласыз. Бүгүнкү күндө үй-бүлөгө көмөк каражатынын өлчөмү бир балага – 810 сом.
Жөлөк пул аты айтылып тургандай эле муктаж үй-бүлөгө убактылуу мамлекет тарабынан берилчү жөлөк акча. 3 балаңызга 810х3=2430 сом алганга салыштырмалуу жолдошуңуз экөөңөр иштесеңер бир айлык эмгек акыңар мындан жогору болсо керек. Жашаган жериңер боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылыңыздар. Алар акысыз курстарга окутуп, жумушка киргизүүгө көмөктөшөт.
«ЖОЛДОШУМ ОРУСИЯНЫН ЖАРАНЫ...»
– Жолдошум Орусиянын жараны, мен Кыргызстандын. Жакында Кыргыз жеринде көз жардым. Балама сүйүнчү пул ала аламбы?
Тахмина, Бишкек шаары
– Кыргызстандын аймагында төрөлсө жана туруктуу жашасаңыз сүйүнчү акчаны ала аласыз. Жашаган аймагыңыздагы калкты тейлөө борборлоруна, маалыматтык күркөлөр жана жарандык абалды каттоо органдарына кайрылыңыз. Эки гана документ талап кылынат: паспортуңуз жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
«ЖАЛГЫЗ БОЙ ЭНЕНИН БАЛДАРЫНА ЖӨЛӨК ПУЛ ЧЕГЕРИЛЕБИ?»
– Жалгыз бой энемин. 2 балам бар. Бирөөсү 2 жашта, бирөөсү 6 айлык. Эч жерде иштебейм. Эжем менен чогуу турам, анын да баласы бар, жездем каза болуп калган. Тааныштарым «эжең иштейт да, сага жөлөк пул беребесе керек» дешти. Эмнеге андай? Анын тапканы өз баласына араң жетет? Мен "үй-бүлөгө көмөк" каражатын чегертсем болобу?
Адина, Бишкек шаары
– Жалгыз бой энелердин балдарына да жалпы негизде гана жөлөк пулдар чектелет. Тактап айтканда, жалгыз бой эне статусу бөлүнүп каралбайт. Бир нече үй-бүлө бирге жашап, бирок бюджеттери башка болсо, муктаждыгы аныкталгандан кийин жөлөк пул ар бир үй-бүлөгө өзүнчө чектелет.
«СҮЙҮНЧҮ ПУЛДУН БЕРИЛИШИ КЕЧИКТИРИЛИП ЖАТАТ»
– Мен сүйүнчү пулга документтерди тапшырдым эле, бир жарым ай болду, тийбей жатат. Тапшырган жеримден сурасам «Бишкектегилер билет, биз билбейбиз» дешти. Сураныч, ушуну билип бериңиздерчи. Каякка кайрылышым керек? Ушинтип созуп жүрө берип анан «6 ай болду, эми берилбейт» дешпейби?
Бакыт, Алай району
– Жашаган жериңиздеги социалдык өнүгүү башкармалыгынан биле аласыз. Эгер так жооп ала албасаңыз министрликтин коомдук кабылдамасына, 0312 66-01-07 номерине чалыңыз.
«ЖӨЛӨК ПУЛ ЧЕГЕРТҮҮДӨ ҮЙДҮН КЫЗЫЛ КИТЕБИ КЕРЕКПИ?»
– Үй-бүлөм менен Бишкекте батирде турам. Батир акысына айына 3000 сом төлөйбүз. Бир уул, бир кызым бар. Буюрса, келинчегим жакында көз жарганы турат. Өзүм майыптыгым үчүн пенсия алам, кара жумушка жарабайм. Келинчегим иштебейт, балдар менен үйдө. Үй-бүлөгө көмөк каражатын алуу үчүн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына барсам «жашап жаткан батириңердин кызыл китеби керек» дешти. Кожойкеге айтсам макул болбоду. Сөзсүз жашап жаткан батирибиздин кызыл китеби керекпи?
Арзымат, Бишкек шаары
– Үй-бүлөгө көмөк каражатын, дегеле жөлөк пул чектөөдө батирдин кызыл китеби талап кылынбайт.
Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу
адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg