BEELINE МЕНЕН КОШО ИЙГИЛИКТЕРГЕ, ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯ МЕНЕН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРГӨ!

«Beeline» оператору: «Биз смартфон доорунда, болгондо да баарлашуулар буга чейин болуп көрбөгөндөй жеткиликтүү доордо жашап жатабыз. Биз мобилдик интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү аркылуу маанилүү маалыматтар менен алмашуу, маанилүү көз ирмемдерди жана таасирлерди бөлүшүүнү жеңил кылып берүүдөбүз. Биз миллиондогон адамдарды дүйнөнүн кайсы жеринде, сутканын кайсы убактысында экенине карабай жакындаштырабыз. Ошентип адамдардын күндөлүк жашоосун жеңилдетебиз. Баарлашуулар дайыма жагымдуу болсун, а биз байланышка кам көрөбүз!»

2018-жылдын 22-майында Бишкектин Асанбай борборунда «Beeline» операторунун курултайы болуп өттү. Курултайда технологиялар жашообузду кантип өзгөртө ала тургандыгы, смартфон үчүн насыя, SWAP Siv-Kart, Бишкек-Ош жолуна мөңгү түшкөндө абоненттерге кандайча колдоо көрсөтүлгөндүгү, Пүлгөн айылындагы базалык станциядагы кыска туташуудагы (замыкание) абоненттерди колдоо кандайча жүргүзүлгөндүгү жана башкалар боюнча маалыматтар угулду. Маалыматтар экрандагы инфографикалар менен коштолуп турду. Айрымдарынан мисал келтирсек.

  • Пүлгөн айылындагы базалык станциядагы кыска туташуудагы (замыкание) абал жаралганда...
  1. 14 000 абонент байланышсыз калды.
  2. Станцияда оңдоп-түзөө иштери токтоосуз жасалды.
  3. Абоненттерден кечирим сураган СМСтер жиберилди
  4. Чалуу жана СМС түрүндө компенсация берилди.
  • Бишкек-Ош жолуна мөңгү түшкөндө абоненттерди колдоо
    Жабырлануучулар Ош-Бишкек жолунда мөңгүнү жөө айланып өтүштү. Ошол кырдаалда бир эле маалда туугандарына телефон чалууларды «Beeline» бекер камсыздады.
  • Динара Аляева аталган оператор менен «Помогать легконун» мобилдик тиркемесин түзүү жана жоголгон балдарды издөө боюнча долбоорун сунуштап, иштешүүгө макулдашылды.

Курултайдан соң пресс-конференция өттү. Ага «Скай Мобайл» («Beeline» соода маркасы) ЖЧКсынын башкы директору Ернар Накисбеков, ММКлар менен иштешүү эсперти Софья Балакина, стратегиялык өнүктүрүү кызматынын жетекчиси Нуртай Абилгалиев, ММКлардын өкүлдөрү жана «Помогать легко» фондунун жана балдар хосписинин жетекчиси Динара Аляева катышты. Пресс-конференцияда «Башкаларды эмес, эмнеге «Beeline» операторун тандашыбыз керек?, «Beeline» оператору акылдуу шаар долбоорунун ишке ашышына салым кошо алабы?, Уюлдук оператор бизнесин кантип дагы да өнүктүрө алат?» жана башка суроолор берилип, аларга жооп алынды.

ММК ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН СУРОО-ЖООПТОРДОН

Суроо: – Атаандаштыкка туруштук берүү үчүн эмнелерди жасайсыздар?

Жооп: – Мунун жолу – жаңы идеяларды ылдам өздөштүрүү. Дүйнө ылдам өзгөрүүдө. Учурда үйдө отуруп эле балдарды көзөмөлдөөгө, бизнести башкарууга, тааныштар менен баарлашууга, такси чакырууга, интернет дүкөндөн буюм сатып алууга болот. Биздин эл көп иштегиси, көп кирешеге ээ болгусу келет. Аларга заманбап, жаңы технологиядагы сервис керек. Биз ушунун үстүндө тынымсыз иштөөдөбүз.

Биздин сервистин максаты – абоненттин смартфонуна керектүүнүн баарын топтоп берүү. Мисалы, абонент кайсы жерде арзандатуу болуп жатканын да, рейтингине карап мыкты чач тарачтарды тандап алуусу да керек.

Бизде келечекке көптөгөн пландар бар. Биз уюлдук байланыш бойдон калабыз, бирок өнүгөбүз. Мисалы, Баткенден Бишкекке бирөөгө акча жөнөтүү керек болсо, таксистке берип, жеткиргени үчүн акча төлөөнүн кереги эмне? Анын ордуна электрондук капчык менен акчаны которуп коюуга болот. Ушуга окшош сервистерди биз жөнөкөйлөтүп, абоненттерге жеткиликтүү кылып берүү үстүндөбүз.

Уюлдук байланыш жөн гана өнүкпөй, пайда да алып келүүсү зарыл. Мисалы, биз үйгө жылуулук киргизген же жылуу пол салуу менен алектенген компаниялар менен иштешүүнү, аларга бюджетти, реклама кылып берүүнү сунуштайбыз. Ошентип бизнес жаатында шериктерди табабыз, кошумча кирешеге да ээ болобуз.

Суроо: – Ийгилик компанияда качан жаралат?

Жооп: – Ар бир кызматкер өзүн компаниянын керектүү мүчөсү катары сезип, ийгилик менден да көз каранды деп билиши керек. Кызматкерлер баары бир максатка умтулуп, атаандаштарга татыктуу каршы туруп, алардан алдыга өтүп кетүү үчүн жаңы өзгөрүүлөргө даяр болуп жана жаңы нерселерди кошо өздөштүрүүсү кажет.

Суроо: – Акылдуу шаар долбоору Бишкекте ишке ашпай калды окшойт. Акылдуу шаар деген өзү кандай болуусу керек? Ага сиздер кандай колдоо көрсөтө аласыздар?

Жооп: – Акылдуу шаар бул көчөлөргө видеокөзөмөл коюп коюу эле эмес. Биздин пландардын бири – акылдуу шаарды курууга катышуу. Акылдуу шаар – бул жашоонун сапатын шаардык информатикалык технологиянын жардамы менен тейлөөнүн эффективдүүлүгүн жакшыртуу. Бул шаар бийлигин коомчулук жана инфраструктура менен түз байланышта кылат, шаарда эмне болуп жатканын байкап билүүгө шарт түзөт. Шаар кантип өнүгүп жатканын, адамдардын жашоосун кантип жакшыртууга болорлугу ачык байкалып турат. Колдонулган датчиктерде топтолгон маалыматтар иштетүүдөн өткөзүлөт жана анализденет. Ошого жараша пландар түзүлөт жана ишке ашырылат.

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАРДАН

АРДАГЕРЛЕРДИ КОЛДОО
«Beeline» Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерине жардам катары уюштурган «Эскеребиз» акциясынын жыйынтыгын чыгарды. Акция 2018-жылдын 23-апрелинен баштап 9-майына чейин созулду. Оператордун абоненттеринен 135 102 сом которулган. Оператор калыптанып калган салтты бузбай, өзүнүн бюджетинен 340 898 сом чыгарды. Жалпы жыйынтыкта 476 000 сом чогулду. Каражат өлкөдөгү ардагерлердин баарына бөлүштүрүлүп берилди.

«FUNMIX 333» ТААНЫШУУСУ
«Funmix 333» үн порталында таанышыңыз, баарлашыңыз жана сүйүңүз. Абоненттик төлөм – 1 күнгө 3 сом. Кошулуу – 0 сом. Акысыз байкоо убактысы – 7 күн.

«БАЛАНС KG»: ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР
Жакында «Balance» АБН микрокредиттик компаниясынын «TEZАКЧА» кызматы менен биргеликте мобилдик капчыкка 1000 сомдон 5000 сомго чейин насыя алуу мүмкүнчүлүгүн ачат.
Келечекте «Баланс KG» аркылуу дүкөн, кафе-ресторандардан соода кылуу мүмкүнчүлүгү ачылат. Кийинчерээк абоненттер банктык акча которууларды жүргүзүп, дүкөндөрдөн насыяга товар алуу сыяктуу кызматтарды колдонуп калышат. Такси кызматтарын да «Баланс KG» аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн тартуулоону пландап жатабыз. Абоненттерибиз үчүн өнөктөштөр менен биргеликте сунушталган кызматтарга арзандатуулар каралат.

«BALANCE.KG» АРКЫЛУУ КИНОГО БИЛЕТ
Киного барууга камданып жатасызбы? Бирок билет алууга кезекте турууга убактыңыз жокпу? «Balance.kg» аркылуу билетке төлөңүз да, билет алганга үлгүрбөй калдым деп кооптонууну унутуңуз! Билетке кантип төлөөгө болот? «Balance» жана Cinematica тиркемесин жүктөңүз. Cinematica тиркемесине кирип фильмди жана сеансты тандаңыз. Төлөө бөлүмүнөн «Balance»басыңыз. Кинотеатрдын терминалынан билетиңизди алыңыз да, фильмди көрүңүз.

РОБОТ КЕҢЕШЧИ АЙДАНА ЖАКЫНДА...
Beeline компаниясынын сайтында кардарларды робот-кеңешчи Айдана тейлейт. Кардарлар ага суроолорун берип, жооп ала алышат. Ал бир учурда бир нече кардардын суроосуна жооп бере алат. Жакынкы аралыкта Айдана кардардын уюлдук телефонундагы бирдиги, ал кошулган тарифтик план тууралуу, кайсы убакта кандай кызматтарды колдонгондугу жөнүндө маалымат берүүнү үйрөнөт. Анан да Айдана менен Facebook, Skype, Telegram, Viber аркылуу байланышуу мүмкүн болот.

«СЕН БИЛЕСИҢБИ?» – ЖАКЫНКЫ КЕЛЕЧЕКТИН ДОЛБООРУ
Бул кызмат 12 жаштан жогорку кардарларды тейлөөгө багытталган. Мисалы, абонент эмнени билгиси келсе, аны аудио аркылуу жиберип, жообун кайра аудио түрүндө уга алат. Демилге «маалыматтык ачкачылыкты» жоюуга багытталган. Кызматтан айыл жергесиндеги кардарлар көбүрөөк колдонору күтүлүүдө. Бул да болсо уюлдук бизнестин бир түрү экендиги маалым.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 813, 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан