Шаирбек Жусуев, “ЭрК” саясий партиясынын төрагасы: «КОНСОТТУ КАЛТЫРУУ ЗАРЫЛ БОЛЧУ»

Блицмаек

Баш-аягы сегиз жолу «кулпурган» Конституция дагы бир жолу өзгөрүүнүн алдында. Өлкөнүн негизги документи кайсы жолго бурулду жана кандай кемчиликтер болгондугу тууралуу Шаирбек мырза менен маек курдук.

– Конституциялык кеңештин мүчөсү катары Баш мыйзамды талкуулоого катыштыңыз. Өлкөнүн негизги документинин акыркы вариантына кандай баа бересиз?
– Азыркы Баш мыйзамдагы өзгөрүү­лөргө токтолсок, алгачкы жолу парламенттик башкарууга кирип жатканыбыз оркоюп көрүнүп турат. Менин оюмча, Конституциялык Сотту калтыруу зарыл эле. Биз карап берген Баш мыйзамдын акыркы вариантына Убактылуу өкмөт өзгөртүү киргизип жибергендигине бир топ нааразычылыктар болду.
– Баш мыйзамды талкуулоодо башкаруу түрү, тил жана дин маселелерине көңүл бурулду. Сиз кандай ой-пикир билдирдиңиз?
– Ооба, дал ушул беренелер калк тарабынан чоң резонансты жаратты. «Чү» дегенде эле Конституциянын 1-беренесине каршы чыктым. Себеби ал жерде: “Мамлекеттик тил – кыргыз тили, ал эми расмий тил – орус тили болуп эсептелет”,- деп жазылат. Мен “мамлекеттик тил – кыргыз тили болуп эсептелет, ал эми расмий тил катары орус тилин колдонууга болот” деп жазууга сунуш киргиздим.
Ал эми башкаруу түрүнө келсек, аты парламенттик болгону менен, маңызы президенттик-парламенттик башкаруу болот. Үчүнчүсү боюнча, дин – Баш мыйзам жана саясий кырдаалдан дагы ыйык нерсе. Мусулмандардын укугун Баш мыйзамда тебелебөө керек болчу деп айтмакмын. Баш мыйзамда “светский” деген сөздүн ордуна “динге негизделбеген” деп жазуу керек эле. Азыр көбү айтып жүргөн “динден тышкары” деген түшүнүк айрымдарды бетке чапкандай эле болот.
– Дагы кайсы беренелер нааразычылык жаратты?
– Баш мыйзамдын 114-беренеси боюнча, 300 миң шайлоочунун колу менен Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө укуктуу болчубуз. Бирок Убактылуу өкмөттүн 19-майдагы №39-декретинин негизинде бул берене 2020-жылдын 1-сентябрында гана күчүнө кирет экен. Кошумча мыйзам түрүндө Конституцияга жакынкы
10 жылда өзгөртүү киргизбөө каралыптыр. Бул жагдайды мен “ит куйрукту эмес, куйрук итти башкарып калды” деп баалаар элем.
– Буга чейинки “ЭрК” партиясынын башчысы Турсунбай Бакир уулу элчилик кызматка кеткен эле. Эми ал кайра партияга кошулабы?
– Албетте, Турсунбай Бакир уулу биздин легендарлуу төрага. Ал жакынкы күндөрдө өлкөгө кайтып келип, шайлоого даярдыктарга киришет.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан