Учурда улам бир чоң коррупциянын бети ачылып жатат. Депутаттар эшекке окшоштурган Тарых музейиндеги аттар далайдын оозун ачырды. Ошол кезде маданият министри болуп турган Түгөлбай Казаков бул жагдайды ачыктап, өзү тууралуу, кыргыз улуту тууралуу өзгөчө ойлору менен тең бөлүштү.
– Түгөлбай агай, кош келдиңиз. Азыркы жылдыздар студияда ыр жаздыруу, клип тартуу, тойго ырдоо менен алек болушат. А сиздердин доордо кандай болгон?
– Жылдыз деп биз анда көктөгү эле жылдызды билчүбүз. Ырларыбыз комиссиядан өтүп, анан эфирге кетчү. Жакшы систем болчу, ырга демократиянын кереги жок эле. Кийинки муун ырларды угуп чоңоёт, анын көркөм табити ошондон улам калыптанат. Азыр ылганбаган ырлар менен кийинки муундун табитин бузуп жатабыз. Акаевдин учурунда бүлгүнгө учураса, Бакиевдин учурунда таш-талканы чыгып кетти. Ошол учурда “ырлар иргелсин, дөөдүрөгөн ырларды жоёлу” дегенде, Бакиев өзү Эшимкановго телефон чалып токтоттурган. Бул нерсенин аркасында чоң күчтөр турат. Ал күчтөр улуттук музыкасы жоголуп кетсин деп жасалма дөөлөттөрдү бизге шыкап жатат. Муун ошонун баарын жутууда. Жыландын оозуна кирип бара жаткан чычкандай эле кирип бара жатабыз.
– Демек, азыркы ырчылардай кабат-кабат там салуу түшүңөргө да кирбесе керек?
– Ал кезде тойго ырдаган уят болчу. Ресторанда ырдаганды биринчи мен баштагам, анткени жердин баарында орус ырларын беришчү. Комуз эч жерде ойнолбойт. Намыстандым да, “Ак-Суу” деген кафеге барып кыргыз ырларын ырдап, ансамбль түзгөм. Муну акча үчүн кылган эмесмин. Кийин 1980-жылы жеке концертимди бердим. Азыркылар концертинде 4-5 ырды өзү ырдайт, калганын башкалар ырдайт эмеспи. Ошол жеке концерт болмок беле? Филармонияда 2 саат 40 мүнөт жалгыз ырдадым. 3 күн ырдадым, ар бир күнүнө 4 рубль 50 тыйындан төлөштү. Анан кайдагы байлык?
– “Жамгыр төктү” ырыңыздын тарыхын айтып жүрөсүз, “Насыйкаттын” жаралуу тарыхына токтолуп кетсеңиз?
– Комузду ал кезде эч ким укпай калган дебедимби. Ушинтип кете берсек комуздан айрылып калабызбы деп ушул идеяны ойлонгом да. Мен комузду жакшы чертем. Ал жылдары популярдуу болуп турган кезим болчу. Күүнү ырга айлантсам мен аркылуу угуп калышабы дедим. Болжолдогондой эле “Насыйкат” ал жылдары “бум” болду. Эчендер кыздарына Насыйкат деп ат койду.
– Аткаруучу, обончу, жазуучу Түгөлбай агай министр болгондо өзгөрдүбү?
– Жок, ага чейин эле жетекчилик кызматтарда иштеп келгем. Кызмат убактылуу нерсе, ага өзгөрүү мүмкүн эмес. Адам куугунтукта жүрөбү, кызматта жүрөбү өзгөрбөшү керек.
– Көп жерди, улутту көрсөңүз керек? Кыргыз деген улутка кандай мүнөздөмө берет элеңиз?
– Кыргызды мактасам эле көбүнүн жини келет. Албетте, кытайдай эмгекчил эмес, бирок кыйын, чыдамкай эл. Түбүбүз эң жакшы болчу. Кыргыз материалдык байлыктын аркасынан түшкөн эмес. Алтын-күмүшү болгон эмес. Ашык баш дүйнө жыйнаган жок, боз үйдө дүнүйөнүн эмне кереги бар? Ушинтип айтса эле мурунку заманды самап жаткандай карашат. Мен көчмөн кыргыздын ошол кездеги дүйнө таанымына суктанам. Эч кандай обсерваториясыз, телескоп-мелескобу жок эле жылдыз белгилерди айткан. Синоптиктерсиз эле кыш кандай болорун чөптөн, бактан, куштан улам билип коюшкан. Мындай баамчыл, зирек эл аз. Бирөөлөр ажырашып кетсе “жылдызы келишпей калыптыр” деген сөзү бар. Бул жылдыз белгиси дал келбей тил табыша албай жатат деген маани. Кытайлар, жапондор календары деген нерсени кыргыздар ойлоп табышкан. Тилекке каршы, азыр бузулуп бара жатат.
– Эмнеден улам бузулуп жатат?
– Материалдык мүдөө өйдө чыгып кетти. Руханий дүйнөнү жоготтук. Акчанын аркасынан түшкөн адамга эпосуңдун эмне кереги бар да, “Манасыңдын” эмне кереги бар? Мансаптын, дүнүйөнүн кулу болуп калышты. Азыр акча кууп кыргыздар кайда гана кетпеди? Ушул материалдык мүдөөнүн алдынан суурулуп чыгып кетсек жакшы болот эле.
Кыргызга таандык дагы бир мүнөз бар, муну сындап, урушуп оңолто албайсың. Чекесинен сүйүп, жакшы сөз айтып, жакшы жагын чыгарып турса оңолот. Болбосо чүнчүп кетет. Менимче, кыргыздын кыйын чыкмасынын баарын каймактай калпып эле өлтүрө беришкен окшойт. Мына Үркүндө бир кырды, революцияда бир кырды, 1938-жылы бир кырды, 1950-жылдары бир кырды жана согушта кырылды. Келесоолорун терип өлтүрмөк беле, атайын колго илине турган, кыйын чыкмаларды терди. Кээде эмнеге азыр намысы жок, ууру-кескилер көбөйдү деп ойлойм. Ошондо кыйындардын баары кырылып, жалаң ууру-кескинин тукумдары калып калган окшойбуз.
– Ууру-кески демекчи, азыр улам бир коррупциянын бети ачылып жатат. Тарых музейинин айланасындагы чуулгандуу иштер боюнча оюңуз кандай?
– Тарых музейиндеги миллиондорду угуп тааныштарым чалып сурап жатышат, шекшип жатышат. Ачык айтып коёюн, Тарых музейин мен кызматка келгенде жаап салышыптыр, ремонтуна да, башкасына да министрликтин тиешеси жок. Министрлик тендер да жүргүзгөн жок, ал акчаны да көргөн жок, ким буйрутма берди, ким алды, эч бир документ көргөн эмесмин. Түрктөрдүн фирмасы иштеп жатат дешти. Министрлик заказ кылбаса, акчасын көрбөсө мен чокчоңдой бермек белем? Сапар Исаков куратор болгон, ошол ийне-жибине чейин билет. Кайсы буюмдун канча акчага алынып жатканын, эмне болгонунун баарын Мамлекеттик курулуш агенттиги менен Сапар Исаков жана Ак үй чечишкен.
Дагы бир маселе бар. Мен ошол жерде отурганда кимдир бирөөлөргө менин кетишим керек болду. Анан эле “Тарых музейиндеги экспонаттар жоголду, алтын-күмүш жоголду” дешти. Телеканалдар, гезиттер дүңгүрөп эле жатып калышты. Муну атайын уюштурушту, кайсы жигит уюштурганына чейин билем. Анан мен экспонаттарды качан, кайсы учурда жоголгонун тактаттым. Биринчи жолку жоголгондо мен Таласта 9-класста окучу экем. Тиешем болобу? Экинчи алтын-күмүштөр жоголгондо Караколдо пединститутта кафедра башкарып жүргөм. Кийинкилеринде телеканалда иштечү экем. Буга менин кандай тиешем болот? Ошону так датасын айтпай, кечээ түштөн кийин жоголгондой айтып жатышпайбы. Коомдук пикир түзүү үчүн ушундай жолго барышты. Министрге тийишүү үчүн ушул фактыны атайын кармап турушат да, ошо менен урат. Эл “аа, атаң көрү, чын эле министр жептир” деп кала беришет.
– Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушуна да көп акча короду, анын кайда кеткени белгисиз деген сөздөр бар...
– 2016-жылы Көчмөндөр оюну уюштурулду. Министрликке “силер болгону Кырчында өтө турган иш-чараларга жооптуусуңар, ипподромго жолобогула, силердин тиешеңер жок” дешти. Ошону менен биз тоодо жүрдүк. Курдук, мыкты өткөрдүк. А ипподромго кеткен чыгым, иш-чаралар кайра эле Сапар Исаковдун көзөмөлүндө калды. Башында өзү турган.
– Маегиңизге рахмат.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg