МАФИЯ КАЙДАН ЖАРАЛГАН?

Мафиянын жаралыш тарыхы тээ орто кылымдарга барып такалат. Тагыраак айтканда, 1282-жылы фран­цуз баскынчыларына каршы Сицилия эли куралдуу көтөрү­лүшкө чыккан. Мына ошол көтө­рүлүштө “Morete alla Francia, Italia anela” – «Франция өлсүн, Италия эркин дем алсын» деген ураан пайда болгон. Аталган ураандын баш тамгалары «мафия» деген сөздү бириктирет. Чамасы, кийинчерээк Италияда уюшулган кылмыштуу топтор бийликке жана дыйкандарга таасир этиш үчүн ушул ураандын алдында биригишсе керек. Эмесе, мафиялардын жашоосу, жаргондору жана мыйзамдары жөнүндө баян.

МАФИЯНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

«Үйбүлө» – бул мафиянын негизги очогу. Ал бир туугандардан, туугандардан, алардын жакындарынан, жок эле дегенде “үйбүлө” менен тилектеш “достордон” түзүлөт. Мафиянын маңызы да, максаты да, келечеги да «үйбүлөгө» көз каранды. Мафияны «үйбүлөлүк кландын» улуусубу же кичүүсүбү, айтор, эң кадыр-барктуу мүчөсү башкарат жана аны «атасы» деп коюшат.
«Атасы» канчалык таасирдүү адамдар менен байланыш түзсө, кол алдындагыларга да ошончолук барктуу болот. «Үйбүлөлөр» башка «үйбүлөлөр» менен туугандык карым-катышта болууга, достук мамиле күтүүгө аракеттенишет. Анткени, добуш берүү учурунда мындай туугандык катыштын таасири чоң. Мисалы, бир мафиянын кызы башка мафиянын баласына тийген болсо, кийин алардын баласы эки жактан тең добушка ээ болот.
«Коска» – бул бир нече мафиялык «үйбүлөлөрдүн» биримдиги жана авторитардык түзүлүшкө ээ. Ага кирген мафиоздордун өз алдынчалуулугу чектелүү болот. «Косканын» башында «капо» (башчы) турат. «Коскалардын» курамын «пичоттилер» түзөт жана алар «капого» кол бала катары кызмат кылууга милдеттүү болушат.
Бардык сицилиялык мафияларды болсо «вождь» башкарат. Ар бир «косканын» өзүнө таандык аймагы болот. Эгер башка «коскалардын» ошол аймакта иши чыгып калса, анда сөзсүз жергиликтүү «коскадан» уруксат алып кирүүгө тийиш. Айрым учурларда көз караштары келишпей, «коскалардын» арасында согуш да чыгып кетет. Эгер мындай от тутанса, анда «коска» атаандашын жок кылганга чейин барат. Натыйжада, өч алуу укумдан-тукумга өтүп, кээде бейкү­нөө курмандыктар да кездешет.

АБИЙИР МЫЙЗАМЫ

Мафиялардын биримдиги жана күчү өздөрү иштеп чыккан мыйзамдарды так аткарганында. Мафияга кошулган ар бир жаңы мүчө ошол мыйзамдарды так сактоого ант берет жана аны бул чынжырдан бир гана өлүм бошотушу мүм­күн. Мафиялардын ички «абийир мыйзамы» төмөнкүдөй:

  1. Мафиянын мүчөлөрү кандай гана кырдаал болбосун, бири-бирине чын ыкластан жардам берүүгө тийиш.
  2. Мафиянын мүчөлөрүнүн бирине кол салуу – бул баарына кол салуу деген сөз. Демек, андан кандай гана ыкма менен болбосун өч алуу керек.
  3. Ар бир мүчө жогорку башчыларга кыңк этпей баш ийүүгө милдеттүү.
  4. Эгер кимдир-бирөөнү жазалаш керек болсо, мафиянын мүчөлөрү мамлекеттик бийликке кайрылбай, мафиянын жетекчилерине кайрылууга тийиш. Бир гана ошолор соттойт, ошолор өкүм чыгарат, ошолор өкүмдүн аткарылышын көзөмөлдөйт. Эгер кимдир-бирөө «уюмдун мүчөлөрүн» сатып койсо, ал качан жана ким тарабынан болбосун өлтүрү­лөт. Мындай жаза анын өзүнө гана эмес, жалпы үйбүлөсүнө да колдонулат.

УНЧУКПОО МЫЙЗАМЫ ЖЕ «ОМЕРТА»

Мафиянын жоюлбай жашап келатышына ушул унчукпоо мыйзамы же «омерта» өбөлгө түзгөн. Сицилиялыктар эч убакта бийликке арызданып, алардан жардам күтүшпөйт. Анткени, мамлекеттик мыйзамга баш ийүүнү алар жакындарын сатып кетүү катары түшүнүп калышкан. Мындай адат ушунчалык кандарына терең сиңгендиктен, кокус мафиянын мүчөсү башка өлкөнүн атуулдугун алса да, ал жердин мыйзамына баш ийүүдөн баш тартат.
«Омерта» – бул жөн гана унчукпоо мыйзамы эмес, ал кимдир-бирөөнү колго түшү­рүш үчүн жасалган тузак, атайын алдоо жана коргонуу.

«ВЕНДЕТТА»

«Вендетта» – бул укумдан-тукумга өткөн өч алуу же мафиянын эң башкы принциптеринин бири. Кимдир-бирөө «мыйзамды» бузса, ага «вендетта» колдонулат. «Вендеттанын» аягы сөзсүз өлүм менен бүтөт. Ал эми өлүмдүн түр­лөрү аябай көп экени белгилүү. 1920-жылдары мафия өзүнүн күчүн көрсөтүш үчүн лезвиени, ууну, тирүүлөй өрттөөнү, башын алууну жана башка толуп жаткан мыкаачылыкты колдонгон. Албетте, мындай жазалар сатып кеткендерге гана колдонулаарын эскерте кетели. Мафиянын акчасына алданган, күчүнөн корккон бийлик да алардын таламын талашып келген.

МАФИЯЛАР ДООРУНУН БАШТАЛЫШЫ

Алгач 1814-1870-жылдардын аралыгында мафия жөн гана айылдык көрүнүш болгон. Кызыкчылыгы кыштактык деңгээлден өйдө көтө­рүлгөн эмес. Римдин алыскы аралдарындагы дворяндар аябагандай чоң айыл-чарба менчигине ээ болушкан. Борбордук бийликтен алыс жайгашканы жана жеке үлүштүн көптүгү менчик ээлерине көйгөй туудура баштаган. Майда кылмышкерлер алардын ээлигине кол салып, малдарын уурдап, ар түрдүү талаптарды койгонго чейин жетишкен. Ушундай кырдаалдан тажаган менчик ээлери алар менен күрөшүш үчүн аргасыз мафия менен байланышууга мажбур болушкан.
Мафия мындай сунуштун пайдалуу экенин дароо түшүнүп, бир эле учурда эки фронтто иштегенге өтөт. Биринчи жагы, кез-кезде үшүн алып туруш үчүн жанагындай майда бандиттерди биротоло жок кылып салбай көзөмөлгө алат, экинчи жагы, өздөрүн коргой албаган байлардан үлүш алып турат. Ошентип, бир кылымга жетпеген аралыкта Сицилияда жаңыча кырдаал түзүлгөн. Баштагы барондордун шаарды көздөй кетип калышы менен эми кыштактарды мафиялар башкарып, жаңы мыйзамдарын орнотушкан.
1862-жылы мафиялардын кызыкчылыгына коркунуч туулган. Анткени, бийлик феодалдык режимди кулатуу боюнча жаңы мыйзам кабыл алган. Бир караганда бул мыйзам жер ээлөөчүлөргө карата чыкканы менен бул учурда алардын ордун мафиялар басып калган эле. Ошол себептүү алар өлкө бийлигине каршы чыккан дыйкандардын көтөрүлүш­төрүн колдошкон. Бирок, бара-бара өлкөдөгү бийлик «пьеомонтчулардын» (Италиядагы саясий уюм) колуна өтүп, аларды кулатуу мүм­күн эмес экенине көздөрү жеткен соң мафиялар алар менен сүйлөшүүлөргө жетишет.
Айтор, мафиялардын гүлдөгөн доору мына ушинтип башталган.
19-кылымда мафиоздор өздөрүнүн талашсыз “башчы” экенин далилдеш үчүн каршылаштарын өлтүрүшүп, бут тоскондордун көзүн тазалашып, талап-тоноо, акча өндүрүш үчүн адам уурдоо иштери менен шугулдана башташкан.
Акча азгырыгы жана коркутуунун арты менен айрым бийликтегилерди да колго алып, өз кызыкчылыктары үчүн колдонушкан.
20-кылымдын башындагы Американы көздөй агылган эмигранттардын арасында да мафиоздор көп болгон. Киши өлтүрүү боюнча 1-орунга Сицилия чыгып, алар­дын баары мафиялар тарабынан жасалган. Ушул чөлкөмдө саякаттап жүргөн француздар да өлтүрүлүп, бирок, Франция бийлиги эч кандай чара колдоно алган эмес. Акча үчүн мафиялардын канча адам уурдаганын эч ким так айта албайт. Анткени, андай кырдаалга туш болгондор эч качан бийлик органдарына арызданышкан эмес жана көргөндөр да көрмөксөн болушкан.
«Стоппальери» жана «Фратуцци» аттуу эки мафиялык банданын согушу мафияга бүткүл дүйнөлүк атак алып келген. 1912-жылы Италияга жалпы элдик шайлоо системасы кирет. Мафиялар шайлоо алдындагы жарышты пайдаланып элди да, бийликти да колго алып, парламентке өз депутаттарын түртө башташат. Шайлоого бир нече күн калганда «пиччоттилер» кыштак аралап, ар бир шайлоочуга кимди шайлоону айтып чыгышат. Эгер алар айткандай болбосо, дыйкандарды уруп-тоноп, ар кандай кордукка салышкан.

«КОЗА НОСТРАНЫН» ЖАРАЛЫШЫ

АКШнын аймагындагы эң эле эски жана эң эле күчтүү кылмыштуу топ – бул «Коза Ностра». Биздин тилге которгондо «Биздин Иш» болуп саналат. Бул уюм 1920-жылдардан бери бүтүндөй Америкадагы кылмыштуу топторду башкарып, 80 жыл аралыгында укмуштай атак-даңкка жетишкен. Албетте, бул кылмыштуу топко чейин деле Америкада бандиттер болгон. Алардын негизин ирландиялыктар түзүп, Вильям Ловетт башында турган. Кийин Италиядан келгендер «Кара кол» аттуу банда түзүшүп, аны алгач Жузеппо Бальзамо жетектейт. Ушул «Кара кол» бандасы кийинчерээк барып италиялык-америкалык жашыруун «Коза Ностра» уюмуна айланган.
1919-жылдын 16-январында Америкада спирттик товарларды чыгарууга тыюу салынат. Мына ушундан баштап АКШда кылмыштуулук дүң дей түшкөн. Анткени, жогорку сапаттагы ичимдиктердин контрабандасы Нью-Йоркто пайда болуп, аларды көзөмөл­дөгөн мафияларга чоң акча алып келген.
1929-жылдын 12-майында Атлантик-Сити шаарындагы «Президент» мейманканасында мафия «боссторунун» жалпы улуттук жыйыны болот. Аны «Чикаго падышасы» Аль Капоне уюштурат. Негизги максаты жөнү жок кан төгүү­нү жоюп, ынтымакка келүү, бир уюмга биригип, бардык маселени чогуу чечүүгө жетишүү эле. Жыйын алты күнгө созулат. Көпчүлүккө «бирөө­нүн үйлөнүү-үл­пө­тү болуп жатат» деп билдиришет да, негизинен жалаң «жаш мафиоз карышкырларды» чакырышат. Ал эми чынында, эмне болуп жатканынан «картаң мафиоздор» шек алышкан эмес.
Америкалык мафиоздордун бири Лаки Лучанонун сунушу менен жаш мафиоздор «Коза Ностра» аттуу жаңы уюм түзүшөт. Ар бир мафиянын «үйбү­лөсү» бир нече бандалардан куралып, башында «дон» турмай болот. «Донго» «капо», «каполорго» майда бандалар баш ийишет. Ушундай жол менен алар бардык кылмыштуу топторду көзө­мөлгө алууну чечишет. «Коза Ностранын» башында «Жогорку кеңеш» туруп, кеңештин курамына бардык «дондор» кирет жана алар Италиядан чыккан бандаларды көзөмөлдөп, аймак бөлүш­түрүүнү жөнгө салышат.
«Коза Ностранын» эң таа­сирдүү мүчөлө­рүнүн катарында Пол Кастеллано, Вито Женовезе, Мейер Лански турган.
Арадан көп өтпөй 1931-жылдын 10-сентябрында «Коза Ностранын» активдүү мүчөсү Сальваторе Маранзанону «карт мафиоздор» өлтүрүп кетишкен. Бул жаңы түзүлгөн «жаш гангстерлердин» канын козгоп, бир түндө 40 карт мафиозду кырып салышат. Өлгөндөр сицилиялык келгиндерден түзүлгөн эле.
Мына ошентип, италиялык мафиялардын тарыхында «Коза Ностра» жарк этип чыга келген.

МАФИЯЛАРДЫН ЖАРГОНДОРУ

Бутлегерство – спирт ичимдиктерин мыйзамсыз чыгаруу, сактоо жана сатуу.
Гемблинг – түрдүү кумар оюндары.
Габеллотто – административдик аймакка көзөмөл жүргүзгөн адам.
Фратуцци – «кичинекей бир тууган» же өз ара бир туугандан да жакшы байланыштагы адам.
У пиццу – торго түшүрүү маанисине ээ. Башкача айтканда, сооданын жана өндүрүштүн бардык түрү менен шугулдануучуларга көзөмөл жүргүзүү укугуна ээ экенин билдирүү.
А каннила – салыктын бир түрү. Аны кыздардын терезесин аңдыган сүйүүгө кабылган бозойлор төлөгөн.
Пиччотти ди фикату (тайманбас азаматтар) – мафиянын жогорку тепкичине көтөрү­лүш үчүн түрдүү ишке барган жалданма киши өлтүргүчтөр.
Мындан сырткары, «үйбүлөнүн» башчысы дегендин ордуна «патри коски», «патри ранни», «патри консортерии» деген жана башка жаргондор колдонулат.

ххх

Сицилиялык мафиянын таасири убакыттын өтүшү менен дүйнөгө тарап, мафиялардын саны көбөйө берген. Ошентип, биз сиздерге дүйнөдө алгач түзүлүп, учурда мафиялардын рейтингинде 1-орунда турган Италия мафиясы жөнүндө сөз кылдык. «Экинчи орунда Япониянын мафиясы, 3-орунда орустардын мафиясы, 4-орунда Кытай мафиясы турат» дешет билермандар. Алар жөнүндө да кезеги келгенде сөз кылаарбыз. Чынында, бардык эле мамлекеттерде мафия бар. Ал эми биздин Кыргызстандачы?..

Даярдаган Манас Алымбаев


КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КРИМЧӨЙРӨ

Совет бийлиги кезинде жергебизде сицилиялык мафия өңдүү уюшкан кылмыштуулук болбосо да анын элементтери болоор эле. «ЧЁРНЫЙ МИР» аталган бул кримдүйнө Кыргызстанда чыныгы өмүрүн жакынкы эле мезгил тилкесинде баштады. Ошентип, мурунку постсоветтик мейкиндикке эркиндик келгенден тартып аны менен кошо «уюшкан кылмыштуулук» аталган оору да кирип келди.

90-ЖЫЛДАР. ЧЕЧЕНДЕР

Күнөстүү өлкөбүздүн бейпилдигине билинбей бүлүк сала баштаган топтор алгач чечендер болушту. Алардын максаты, кыргызча сүйлөп, спорт менен машыккан жигиттердин уюшуп, аймактарга көзөмөл кылууларына кийлигишүү, жергебиздеги бөлөк улуттардын кримөкүлдөрүнө кысым көрсөтүү, Ысыккөл тараптан чыга баштаган топту «сындыруу»(өзүлөрүнүн мыйзам-шарттарына баш ийдирүү) болгон. Көл жээгиндеги пансионаттар, курорттордон өздөрү үчүн майлуу устукан арттырууга жетишүү да тилектеринин башкысы эле. Рыспек Акматбаев баштаган кыргыз тобу менен Азиз Батукаев баш болгон чечендер ортосундагы тирешүү ушундан келип чыккан. Республикабызда базарлар, соода-сатык түйүн­дөрү, көңүл ачуучу жана акча алмаштыруучу жайлар жаңыдан ачылып, Кытайга, Россияга каттамай өңдүү иштер башталган ал жылдары ай сайын «доля» алып туруу үчүн аймак, объектти талашмайлардан улам алгачкы тирешүүлөр башталды. Мына ошол 90-жылдардын орто ченинен тартып 2003-жылдар аралыгында аймактарды бөлүштүрүп, көзөмөл жүргүзүү үчүн болгон айыгышкан күрөштө эки тарап тең далай адамдарынан айрылышты. Бул күрөшкө кыргыздын тың чыкма уулдарына кошо кытай жергесинен ооп келген уйгурлар да кызуу киришишти. Анткени, Токмок, Бишкек калааларыбызда чечендер өңдүү эле Кытай тараптан келген уйгурлар да көбөйүп баратышкан. Кыргыздар, чечендер, уйгурлар арасында жүрүп жаткан кырылышта чечендердин каны аёосуз төгүлдү.
Алгач көзгө көрүнөөрлүк (балким, көмүскө да) бизнеси бар кыргызстандык чечендер биринин артынан бири атылды. Дагы үчөөнүн жырткычтык менен өлтүрүлүп, Бишкектен алысыраак тоо этектей корумдалып салынган сөөктөрү табылып, мындай кандуу кылмыш иши кимдин колунан келгендиги жөнүндө жоромолдор да жергебизди каптап өттү. Бул арада чечендердин өлүмүн иликтөөгө алган кылмыш иликтөөчүлөр кылмышка шектүү катары айтылуу маркум Рыспек Акматбаев баш болгон сегиз адамды кароолго алышты. Эки ирет сот залына жеткизилген бул топту экөөндө тең Биринчи Май районунун соту «кылмыш ишинде көрсөтүлүп жаткан айыптарга тиешеси жок» деп актап чыкты.

УЙГУРЛАРДЫН ӨЛҮМҮ

Кыргызстандын кримчөйрөсүндө Рустам Габбазов деген уйгур жигитинин ысымы бир учурда бараандуу чыккан. Жаштыгына карабай тың, аёо дегенди билбеген катаал, өзүнө керектүү адамды имерип, ичи-койнуна кире алган бул шылуун жигиттин карааны көпчүлүк учурда экс-президенттин эрке уулунун айланасынан көрүнө калчу. Эрке уул жоголгондон көп өтпөй бул «авторитет» да көздөн кайым болду. Дегенибиз, Рустам Днепропетровский деп аталып жүргөн бул уйгур жигитинин моюнунда өзүнүн машыктыруучусу Х.Чекировдун бейкүнөө төгүлгөн каны бар экендигин көпчүлүк айтып жүрүшөт.
Кримдүйнөдө «канга кан, жанга жан» деген мыйзам абдан катуу кармалаары турган иш. Бул экөөнүн өлүмүнөн соң эле Рустамдан өч алмакчы болгондор анын өзүн эмес, кримдүй­нөгө тиешеси жок атасы Дильшат Габбазовду атып кетишти.

КАМЧЫ КӨЛБАЕВ

Учурда отуздан өткөн бул жигиттин коопсуздугу үчүн эле жоон топ жигиттер күнү-түнү күзөттө жүргөн кездери. Бүткүл Кыргызстандын кожоюну болуп турган Көлбаев өткөн муундун, жакындарынын кейиштүү тагдырын кайталагысы келбесе керек. Жалпы кыргыз аймагына «вор» шайланып, такка отурган анын бийлиги дагы канчага созулаарын так айтуу кыйын.

Даярдаган Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 228, 16-22-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан