Улан Молдодосов: «АЭРОПОРТТОН КЕЛИП ЭЛЕ ЗАГСка ЖӨНӨГӨНБҮЗ»

Жан шерик

Бул эки инсан жүз суроонун токсон тогузуна ар башка жооп беришет. Бирок аларды бир дүйнө, бир бүтүнгө айлантып турган күч бар. Ал – үй-бүлө.
Өлкөбүзгө аты белгилүү спортчу Улан Молдодосов жана анын келинчеги Асел менен маектешип отуруп, бир нерсеге ишендим. Үй-бүлө коломтосун жылуу сактоо үчүн сүйүү эле жетишсиздик кылат. Бул сезим менен катар жубайлар арасында сый жана түшүнүшүү болуусу зарыл.

– Улан, эгер жашооңузду спорт менен салыштырсак, кайсынысы көбүрөөк эмгекти талап кылды? Жан шеригиңизди табуу, аны менен орун-очок алып жашап кетүүбү же спорттогу жеңиштерби?
– Экөөнү салыштыруу эч бир оюма келген эмес экен. Ар бири өзүнүн этабы менен болду го дейм. Спортто бир эле багытты көздөй кетесиң. Медаль алуу, Олимпиаданын чемпиону болуу, кыргыздын желегин көтөрүү. Ал эми жеке жашоо деген башка. Спорттон алган тарбияң ар түркүн маселелерди чечүүдө жетишсиздик кылат. Ошентсе да Асел экөөбүз тең оптимистпиз. Суук болсо да, ысык дейбиз, жаман болсо да, жакшы дейбиз. Ошентип отуруп чын эле жылуу, чын эле жакшы болуп кетет.
– Үйлөнөлү деген сөз биринчи ким тарабынан айтылды эле?
Улан: – Асел биринчи айткан (күлүп). Тамаша, албетте, өзүм айткам. Бул кыз менен Көк-Жарда бир көчөдө жашачу элек. Ары-бери үйдүн алдынан өтүп калса, “ии, жакшы кыз” деп көз салып калчумун. Бир күнү учурашсам, саламыма жооп бербейт. “Сениби, шашпа” деп калдым ичимден. Ошентип жүрүп тааныштык. Жакшы сүйлөшүп, жакын болуп кеттик. Анан бир күнү кечинде барып: “Үйлөнөлү, убакыт деле келди да”,- дедим. Ары-бери ойлонуп жүрүп, макул болду. Үйлөнгөнүбүздөн бери үч жыл өтүптүр.
– Кайсы күнү таанышканыңар эсиңердеби?
Улан: – Кокустан көрүп калып, анан таанышсак, эстесек керек эле. Көз алдымда эле чоңойгон кыз да.
– Асел, эркектер балалуу болгонуна кубанып, бирок “мага мурдагыдай көңүл бөлбөй калды” деп аялын кызганып, кыйналышат да экен. Силер мындай күндөрдөн кантип өттүңөр?
– Улан экөөбүз баш кошкондон жыйырма күн өткөндөн кийин эле Кытайга сборго кетип калган. Анан эки жарым айдан кийин келген. Ошондон бери эле ушундай жашап келе жатабыз. Мага караганда жумушуна көп убактысын, энергиясын, нервин коротот. Ошонусун түшүнүп, “үйдө тынчыраак эс алсын” деген ойдо ашыкча маселелерди айтып башын ооруткум келбейт. Жаңы үйлөнгөндө тамакты түрдөп даярдап, кийимин жууп-үтүктөп, “эмне жейсиң, эмне ичесиң?” деп көзүнө карап турчумун. Анан бала менен алаксыйт экенсиң. Анын үстүнө эки уулубуз удаа төрөлүп, ошолор менен алагды болуп, кээде өзү каалаган көйнөгү жуулбай же үтүктөлбөй калган күндөр болот. Андайда ачык айтып урушпаса да, жумушка кабак бүркөп жөнөп калат.
Улан: – Ушул жерден сөзүңөргө аралашайын да. Чын эле үйлөнгөнүмдөн жыйырма күндөн кийин Кытайга сборго кетип, эки ай жүрдүм. Андан Азия оюндары башталып кетти, айтор, үйгө эки жарым ай дегенде, болгондо да түз эле үйлөнүү тоюбузга келгем. Рейс ошондой болуп, Алматыга таң эрте кондук. Андан такси менен Бишкекке келип, кийинип алып эле ЗАГС­ка жөнөгөнбүз. Асел айткандай, жумушума көп убакыт коротом. Спорт 24 саат убактымды алган учурлар да болгон. Ошолордун баарына чыдап келе жаткан Аселге ыраазымын.
– Асел, жолдошуңуз спортто үйрөнгөн ыкмаларын үйдө сизге каршы колдонуп жибербейби?
– Кудай сактасын. Эртеден-кечке чогуу жүрсөк, чогуу иштесек, анан уруш-мушташ болсо керек. А бизде кайдан? Мен эле эмес, балдар да атасын сагынып калышат. Жумуштан келип балдары менен алышып ойноп жатып, урушканга убактысы деле болбойт.
Улан: – Анын үстүнө экөөбүз тең агрессивдүү эмес, жоош-момун адамдарбыз.
– Уландын ачуусу келгенин эмнеден байкайсыз?
– Кабагы бүркөлө түшөт. Жумуштан ачууланып келсе, көбүнчө балдар эле алаксытып жиберишет. Тамагы белен, эс алууга шарты даяр. Анан жазылбай көрсүнчү...
– Адатта аялзаты таарынчаак келет. Бирок Уландай эркек таарынса, кантип жазасыз?
– Кетирген кемчиликти моюнга алам. Кечирим сурайм. Ага деле болбой таарына берсе, жакшы сүйлөп, көңүлүн алам.
Улан: – Бул деле бирөөнүн көзүнө караган кызы да. Коркута берген болбойт. Ошону ойлоп, көпкө чейин таарынып жүрүп албай, кабакты ачып жиберем.
– Сизчи, Улан, Асел таарынса кандай кыласыз?
– Көп эле таарынтып алам. Кээде качан, эмнеге таарынып калганын байкабай да каласың. Аялзаты өзү ушундай болот окшойт, биз, эркектер, маани бербеген нерселерге ызаланып, тултуюп калышат. Байкап калсам, ар кайсы тамашаны айтып отуруп, күлдүрмөйүнчө тынчыбайм.
– Үйдө ким таарынчаак да, ким кызганчаак?
Асел: – Көбүнчө мен таарынат болушум керек. Кош бойлуу кезде, айрыкча төрөгөндөн кийин кадимкидей мүнөзүң өзгөрөт экен. Балдарыбыз да удаа эмеспи. Андай депрессиядан деле чыктык окшойт, буюрса.
Улан: – Ушунча “каприздериңе” унчукпай чыдаган мага медаль тагыш керек.
– Жаңы үйлөнүп, турмуштун ысык-суугун көрө элек жубайларга үлгүлүү үй-бүлө катары кандай кеңеш бересиздер?
Улан: – Кеңеш айтып коюу оңой. Бирок ар бир түгөй өзүнүн жолун кыйынчылыгы, кемчилиги, жакшылыгы менен кошо басып өтүшү керек. “Сабырдуу болуш керек, түшүнүшүү керек, андай-мындай” деп лекция окуй бергендин пайдасы жок деп эсептейм. Сыйлашуунун да, урушуунун да убакыт-сааты, ыңгайлуу учуру болот. Эң негизгиси – үй-бүлө ыйык экенин, аны сакташ керектигин жубайлар унутушпаса болгону.
Асел: – Жубайлар бири-бирин сыйлап, түшүнүшүүсү керек. Үй-бүлөдө эң негизгиси ушул.

ЖУБАЙЛАРДЫН ЖАШООСУНАН КЫСКАЧА

  • Улан, 34 жашта, жылдыз белгиси – Эгиздер.
  • Асел, 28 жашта, жылдыз белгиси – Бөйөн.
  • Жубайлар эки уулду тарбиялашууда. Улуусу – Арсен, кичүүсү – Арслан. Аттарын чоң атасы койгон. Экөө тең Аселге окшош.
  • Асел Уландан 6 жашка кичүү.
  • Таштандыларды төгүү Аселдин мойнунда.
  • Электр жабдыктарын оңдоо, мык кагуу өңдүү жумуштарды үйдө Улан эмес, анын инилери жасап, жеңесине жардамдашат.
  • Улан келинчеги баскан палоону өзгөчө тамшанып жейт.

Шаиста Шатманова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан