ЭЛДИК “МЕГАКОМ” ЭЛ КОЛДООСУНДА

Учурда өлкөдөгү окуялар коомчулукту кайдыгер калтырбайт. Социалдык тармактардын өнүгүүсү менен жөнөкөй жарандар мамлекетибизде болуп жаткан жаңылыктардан тарта олуттуу маселелерге чейин талкуулаганга жетишет. Ошондой талкуулардын биринде мобилдик байланыш тууралуу тема козголду. Анда өлкөбүздө иш алып барган ири мобилдик компаниялардын арасынан мамлекеттик деп эсептелинген “Мегакомду” тандайлы деген пикир жазылды. Анткени калган мобилдик компаниялар чет өлкөнүкү. Демек, алардын кирешеси чет өлкөнүн чөнтөгүнө түшүп жатпайбы. Ал эми “Мегаком” Кыргыз мамлекетиники экендиги белгилүү. Албетте, ар кайсы кардар өзүнө жаккан мобилдик байланышты тандайт. Бирок дүйнөлүк тажрыйбаны алып карасак да, мамлекеттик ишканалар жергиликтүү тургундардын колдоосу менен ири кадамдарды жасашкан. Себеби өлкөлүк компанияга короткон каражат кайра эле айланып отуруп элдин колуна тиет. Түшкөн киреше, салыкка которулган каражаттын эсеби менен мамлекеттик кызматкерлердин маянасы, пенсия, жөлөк пул жана башкалар төлөнүп жатканы ажеп эмес.

Мобилдик байланышты тандоодо көзгө уруна турган айырмачылык болсо, анда башка кеп болмок. Бирок береги компаниялар менен атаандаштыкта “Мегаком” ашса ашат, болбоду дегенде кем калышпай келгендигинде. Байланыштын сапаты, кызматтык тейлөөлөр өз ордунда экендиги, тиешелүү жаңы тарифтердин байма-бай чыгарын тана албайбыз. Бекеринен “Элдик” деген тарифтер чыгып отурбаса керек. Бул аталыш менен чындыгында эле “Мегаком” элге дагы бир тепкич жакын боло алган.

Бул талкуу кызуу уланып, талаш-тартышты жаратпай койгон жок. Бирок көпчүлүктүн ою “күн сайын тышкы карыздарыбыз өсүп жатканда мамлекеттик ишканаларды колдогонубуз туура, карыздардан кутулуу үчүн чечкиндүү кадамдарга баруу керек”, “мындай кадам менен мамлекетибизге кичине болсо да салым кошкон болобуз”, “эл колдоого алса мамлекеттик компаниялар сатылбай калат беле?” деген пикирлер айтылды. Демек, көпчүлүк учурда болуп жаткан кырдаалды түшүнүп, мамлекетти колдоо мамлекеттик ишканаларды колдоо менен болорун билип калышты. Ар бирибизге тигил же бул байланыш компаниянын кызматын пайдалангыла деп эч ким таңуулай албайт.

Мындай кызуу талкуулардын жаралганы да жөндүү. “Көп түкүрсө көл болот” деген элибизде таамай сөз бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 813, 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан