СТОП ГАДЖЕТ! Смартфон балдардын көрүүсүн начарлатып, нервин бузат

Мурун уюлдук телефондор байланыш үчүн гана керек болсо, азыр тестиер баланы алаксытуучу буюмга да айланды. Кичине эс ала турайын же жумушумду бүтүрүп алайын деп балага кармата коёбуз. Ошол эле учурда андан баланын организмине канчалык зыян келип жатканын ойлобойбуз. Андыктан “смартфономания” темасын кайра козгодук.

Жамалбек Тургунбаев, медицина илиминин кандидаты, невропатолог: “БАЛДАРДЫН НЕРВИН ЧАРЧАТАТ”
-Кичине балдар кыймылдуу болгондуктан көздөрү да кыймылдап турушу шарт. Бул физиологиялык көрүнүш. Андыктан кичинекей балдарга, көрүүсү начарларга смартфон карматпоо зарыл. Эгер телефонду же башка гаджеттерди ордунан жылбай үңүрөйүп тиктеп отурса көрүүсүнүн сапаты да, кыймыл-аракети да начарлайт. Кээде көзүнө бир нерсе экөө болуп көрүнүп башташы да мүмкүн.

Балдар дүйнөнү жаңыдан таанып жаткандыктан ар бир көрүнүшкө, буюмга берилүү менен карайт. Видеодон көргөн коркунучтуу нерселерге, курч эпизоддорго кыйкырып реакция кылышкандыктан андай видеолорду көрсө нерви бузулат, уйкусу начарлайт. Айрымдар түнкү саат 12-1ге чейин телефондон көзүн үзбөй отурушат. Мунун баары баланын нервин чарчатат.

Талма оорусу барларга телефонду көп караганга болбойт. Сүйлөшүү же керектүү маалыматтарды алуу үчүн жаш курагына карап 5 мүнөттөн 20 мүнөткө чейин уруксат. Андан ашса смартфондон чыккан зыяндуу нурлар талма оорусун козгойт.

Сауле Асаналиева, балдар көз дарыгери: “УЧУРДУН ЧОҢ КӨЙГӨЙҮ БОЛУУДА”
-Гаджеттер учурдун эң чоң көйгөйү болууда. Балдардын көрүүсү өөрчүп, калыптана турган мезгилде ата-энелер гаджеттерди берип коюп, көздүн өнүгүү процесси бузулуп, көрүүсү начарлап жатат. Учурда компьютер, гаджеттердин айынан балдар миопия (близорукость, алысты көрбөй калуу) оорусуна чалдыгууда. Алардын көз чарасы толук калыптана элек, булчуңдары алсыз болот. Гаджеттердеги нурлар анын бузулушуна алып келет. Жакын коюп алып көргөндө булчуңдарга күч келет.

Бизге кайрылган балдардын 80 пайызы смартфондун айынан көрүүсү начарлаган. Балага 5 жаштан баштап гана 5 мүнөткө смартфон бериши керек. Ага чейин гаджеттерди карматпоо зарыл.

Дарылоо: ар бирин текшерип, көрүү органынын анатомиялык, физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша дарыланат. Көз айнек тагынуу сунушталат, көз булчуңдарын жакшы иштетүүчү же иштөөсүн жайлатуучу тамчылатма дарылар, диагнозуна жараша витамин, таблеткалар жазылып берилет. Эгер бала 3-5 жаштарында келсе, дарылоо жакшы жыйынтыгын берет. Тилекке каршы, бизге көбүнчө кеч кайрылышат. Кээде балдар жакшы көрбөй жатканын өздөрү да билишпейт. Баланын мурун көзүндө маселе болсо аны текшерттирбей, ага кошумча телефон карматып койсоңуз, бала чалыр болуп калышы да толук ыктымал.

Мээрим, Бишкектин тургуну, 37 жашта: “СМАРТФОНДОН КЫЗЫМДЫН КӨЗҮ НАЧАРЛАДЫ”
-Менин кызым бир жарым жашынан эле телефондон, ноутбуктан мультфильмдерди көрчү. Зыян экенин угуп жүрсөк да маани бербептирбиз, чектеген жокпуз. Кызыбыз 5 саат, кээде андан да көпкө чейин көрүп отура берчү. 3 жашында эшикке чыкканда көзү күндөн уялып, жакшы ача албай жатканын байкап калдык. Текшертип коёлу деп бейтапканага алып барсак “алысты жакшы көрбөйт, миопия” деп айтышты. Аларга ишенбей жеке клиникаларга алып бардык. Ал жактан да бир нече аппараттан текшерип, кайра эле ошол диагнозду коюп, көз айнек тагынууну айтып, дары-дармектерди жазып беришти. Ошентип бир жыл дарыланып жүрдүк. Кызым көз айнекти тагынбайм деп ыйлайт. Көз айнек бала үчүн стресс болсо, ата-эне үчүн андан чоң стресс экен. Смартфондун айынан 2 жылдан бери кызыбыздын диагнозун так аныктай албай жатабыз. Бир жерде алыстан көрбөйт десе, экинчи жерде жакынды көрбөйт дейт, башыбыз катып калды. Жакында гана мыкты көз дарыгерине барсак, эки көзүндө миопиялык астигматизм (сложный миопический астигматизм слабой степени обоих глаз), 25 жашка чейин тагынсын деп кайра башка көз айнек жазып беришти. Кызым ыйлактап жатат. Ал бул нерсени кайдан түшүнсүн?

Азыр кызыбызга телефон карматпай калдык. Алаксытыш үчүн ар кайсы оюнчуктарды, оюндарды таап бердик. Көбүрөөк сейилдейбиз.

ГАДЖЕТТЕРДИН ЗЫЯНЫ

  • Көрүү начарлап, сүйлөө речи жайлайт.
  • Уйку бузулат, эс-тутум начарлайт, бат кыжырдануу пайда болот.
  • Көңүл чаржайыт болуп, акыл-эстин өсүшү жайлайт.
  • Үңкүйүп узакка отуруудан бара-бара моюн омурткалар кыйшаят.
  • Моюн омурткаларында кан айлануу начарлап, баш оору жаралуусу мүмкүн.
  • Физикалык жактан өнүгүү процесси бузулат.
  • Манжа булчуңдарынын иштөөсү бузулат.


ГАДЖЕТТЕРДЕН АЛАКСЫТУУНУН ЖОЛДОРУ

  • Бала менен көбүрөөк сейилдөө.
  • Кызыктыруучу, аң сезимин өстүрүүчү оюнчук алып берүү.
  • Сүрөт тарттырып, китеп окуп берүү.
  • Балаңызга ойногонго досторун таап бериңиз жана өзүңүз да чогуу ойноңуз.
  • Жашына жараша үй жумуштарын жасоого үйрөтүңүз.
  • Бийге жана спорттук ийримдерге бериңиз, бассейнге алып барыңыз жана башка.


Гүлжамал Абылкасымова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Asman...
2018-06-05 15:25:58
Сонун маалымат жана кенеш экен. Мен балдарыма такыр бербейм,карматпайм. Кымбат болсо да кызыктуу оюнчуктарды сатып берет атасы.
+1
MaRmeLaDka
2018-06-05 15:39:24
Мурун мен тынчыраак отурсунчу деп сотканы карматып койчумун. Мынчалык зыян болорун билген эмесмин. Муну окугандан кийин бербегенге аракет кылып атам.
+2
Abdullatif
2018-06-06 11:23:29
Jhoni Jhoni yes papa кулактын кужурун алат го чиркин үйдө
+3
Selena92
2018-06-09 15:58:01
Abdullatif,оой айтпаныз. Бизде да кечке жонилер аны жаттапда алышкан.
0
№ 813, 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан