БЕЛГИЛҮҮ «БЛОНДИНКА» АЙЫМДАР

“Блондинка” айымга ата-энеси телефон чалып “кызым, эмне үчүн бизди тоюңа чакырган жоксуң?” дешсе, кызы “силер да мени өзүңөрдүн тоюңарга чакырган эмессиңер” деп жооп берген экен. Сары чачтуу айымдар тууралуу мындай анекдоттор дегеле толтура. Бирок бул чыныгы сары чачтуу айымдарга арналган. Биз бүгүн атактуу, таланттуу, акылдуу “блондинка” айымдар тууралуу кеп кылмакчыбыз.

“БЛОНДИНКА” ДЕГЕН КИМ?
“Блондин” “blondine, blond” француз сөзү, которулганда “ачык түс” дегенди түшүндүрөт. Ал эми “блондинка” деп чачы сары түстүү айымдарды айтып келебиз. Бул сөздүн көпчүлүккө тараган каймана мааниси – аң-сезими чектелүү, интеллект жактан тайкы айым. Кандайча келип чыкканы баарына эле кызык болсо керек. Сары чачтуу айымдар табиятынан сулуу келишет. Анан жашоодо бардык ийгиликке сулуулугу аркылуу тез жетишет экен. Муну кара чачтуу айымдар көрө албай “сары чачтуу айымдардын акылы кем болот” деген кеп таратышкан. Эл арасында бул жөнүндө түрдүү мүнөздөмөлөр айтылып келет.
“Блондинка” айымдар тууралуу 5 мүнөздөмө бар. Алар:
1. Акыл-эси чектелүү, интеллекти төмөн.
2. Канчалык сулуу болушса да, мырзалар аларга оңой менен үйлөнүшпөйт. Аларды кооз буюм катары көрүшөт.
3. Мүнөзү дал периштеникиндей.
4. Күлгүн түстү өзгөчө жакшы көрүшөт.
5. Назик, наздуу жан.
Окумуштуулар “чын эле сары чачтуу айымдардын интеллекти төмөнбү?” деп чын-бышыгын изилдеп, алардын IQ коэффициенти катардагы кара чач айымдан кем эмес экендигин далилдешкен.

ШАРЛИЗ ТЕРОН
Африканын сулуусу Шарлиз Терон өзүнүн ак жуумал жүзү, сары чачы менен канчалаган мырзалардын эсин тандырып келет. “Блондинка” айымдарга тиешелүү сапаттардын бирин да бул актрисадан көрө албайсың. Ал эмгекчил, таланттуу ошондой эле ажарлуу. Сары чачтуу айымдар өзүнүн сулуулугун баса белгилейт эмеспи. Бул айым, тескерисинче, өзүн баалап, сулуумун деп эсептебейт. “Блондинка” айымдар тууралуу 5 мүнөздөмөдө “аларга эч ким үйлөнбөйт” деп айтылат. Ушул мүнөздөмө Теронго эмнегедир туура келип калат экен. Сүйгөнү Стюарт Таунсенд менен 9 жылдан бери жарандык никеде жашашат. Баш кошуу тууралуу ойлонуша элек. Ким билет, мүмкүн, Стюарт мүнөздөмөгө ишенип жүргөндүр.

ОЛЬГА БУЗОВА
Ольга Бузова көпчүлүккө "Дом-2" теледолбоорунан улам таанымал. 24 жаштагы Ольганын келбети, кийингени, өзүн алып жүргөнү баарыбыздын көз алдыбызга тартылган чыныгы “блондинка” айымды элестетет. Бирок ал андай эмес. Ольга орус, англис, немис, литва тилдеринде эркин сүйлөйт. Бир кезде аталган долбоордун катышуучусу болсо, азыр алпаруучусу. Бул да болсо анын жетишкендиги. Бош убактысында китеп жазат. Бүгүнкү күндө мода боюнча жарык көргөн эки китептин автору. Сары чачтуу айымдарга карата мүнөздөмөдө “алардын мүнөзү периштеникиндей болот” деп айтылат. Бузованын мүнөзү анчалык мактоого татыктуу болбосо да, “анын көзү дал периштеникиндей, адамды эритип гана жиберет” дейт аны жактырган жигиттер.

КСЕНИЯ СОБЧАК
Теледива Ксения Собчак "бүгүнкү ийгилигине атасы, Санкт-Петербург шаарынын алгачкы мэри Анатолий Собчактын артынан жетти” дегендер көп. Ал “атамдын фамилиясы, кызматы мүмкүн мени популярдуу кылгандыр. Бирок негизгиси бул – өзүмдүн талыкпаган эмгегим” дейт. Ксюша кесиби боюнча дипломат жана саясат таануучу. Ким билет, балким, кесиби менен иштесе бүгүнкүдөй таанымал болот беле?.. Кандай гана болбосун, биз аны таланттуу телеалпаруучу катары билерибиз бышык. Демек, бул бийкечти да чыныгы "блондинканын" катарына киргизе албайбыз. Анын интеллектуалдык деңгээли абдан жогору десек жаңылбайбыз.

ПЭРИС ХИЛТОН
Актриса, фотомодель күлгүн түстү абдан жакшы көрөт. Анын гардеробунун 50 пайызын күлгүн түстөгү кийимдер жана аксессуарлар түзөт. Актриса "бул маанайды көтөргөн, бакытты чакырган түс" деп келет. 2008-жылы Пэрис: "АКШнын президенти болгондо Ак үйдүн тышын күлгүн түскө боёйм”,- деп айткан. Мындай жоруктарынан улам ал Голливуддун супер "блондинкасы” деп аталып келет. Бирок Перисти жазуучу жана ишкер айым катары тааныгандар муну жокко чыгарат. Интеллекти төмөн адамдын жылдык кирешеси орто эсеп менен 10 миллион доллар болбосо керек.

ШЭРОН СТОУН & ПАМЕЛА АНДЕРСОН
Американын атактуу актрисалары Памела Андерсон менен Шэрон Стоун учурда Голливуддун атактуу “блондинка” айымдарынын катарында. Ажарлуу актрисалардын сырткы келбети чыныгы “блондинка” айымдарды көрсөтсө, интеллект жагынан окумуштуу Эйнштейнге бир аз эле жетишпейт экен. Алардын IQ коэффициентин текшергенде Стоун да, Андерсон да 150 балл топтогон. Ал эми норма 90 балл болуп эсептелет. Баарыбызга белгилүү болгондой эле окумуштуу Эйнштейндин IQ коэффициенти 160. Демек, бул сулууларды чыныгы "блондинка” дегенге такыр болбос.

Дүйнө жүзүндө 31-май – “Блондинка” айымдардын күнү деп белгиленет. Көп жерлерде бул майрамда сары чачтуу айымдар үчүн түрдүү сынактар уюштурулуп, жеңүүчүгө бриллиант менен кооздолгон шиш такалуу туфли берилет. Көбүнчө кыздарды бийик такалуу туфли кийгизип жарышка түшүрүшөт.

БУЛАР ДА "БЛОНДИНКА" АЙЫМДАР:
Бритни Спирс;
Скарлетт Йоханссон;
Хилари Дафф;
Кирстен Данст;
Жессика Симпсон;
Кейт Бланшетт;
Сиенна Миллер;
Гвен Стефани;
Хайди Клум;
Риз Уизерспун;
Кайли Миноуг;
Клаудия Шиффер;
Кристина Агилера;
Камерон Диаз;
Лера Кудрявцева;
Анастасия Волочкова;
Анна Курникова;
Вера Брежнева.


Шоу-бизнес жаңылыктары

ЛЕДИ ГАГАНЫН КЕЗЕКТЕГИ ТРИУМФУ
Леди Гага "World Music Awards" сыйлыгында беш наамды илип кетти. Аткаруучу “Мыкты дебют”, “Мыкты поп-рок артист”, “Жылдын синглы” “Таанылгыс жүз” ("Poker Face"), “Жылдын мыкты жыйнагы” ("The Fame" альбому) жана "Түштүк жана Түндүк Америкадагы суроо-талап көп түшкөн артист" деген сыйлыктарды алды. Ошол эле сыйлык тапшырууда “Black Eyed Peas” тобу “Поп жана R&B жанрындагы мыкты артист”, “U2” тобу “Мыкты рок группа”, “Жылдын мыкты продюсери жана ди-джейи” деп Дэвид Гетта табылды.

МАЛИКОВ ЭЛ АРТИСТИН АЛДЫ
Ырчы Дмитрий Маликов Орусиянын Эл артисти наамын алды. 40 жашында мын­дай сыйлыкты алган Маликовдун төбөсү көк­кө жетип турган чагы. Сыйлык тапшыруу салтанатында ырчы Дмитрий өлкөнүн ажо­­­­­­­су Дмитрий Медведевге жана өзүнүн күйөрмандарына, жакындарына колдоо көрсөтүшкөнү үчүн ыраазычылыгын билдирип өттү.

ЖАҢЫЛАНГАН “THE PUSSYCAT DOLLS” АЛГАЧКЫ КОНЦЕРТИН БЕРДИ
The Pussycat Dolls” тобу таркайт” деп жүрүп, курамы дээрлик толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу топтун негиздөөчүсү, белгилүү хореограф Робин Антин “Топто Николь Шерзингерден башкалардын баары алмашат” деген эле. Андыктан топ жаңыланып, Кэрингтон Пейн, Рино Накасон-Разалан, Ванесса Карри, Жейми Ли Руис деген жаңы ысымдар пайда болду. Жада калса, жаңыланган топ Лос-Анжелесте алгачкы концертин да беришти.

КОСТНЕР БААТЫР АТАБЫ?
55 жаштагы атактуу актёр Кевин Костнерге “баатыр ата” наамын ыйгарыш керек болду окшойт. Себеби ал жакында 7-жолу ата болду. Ымыркайга актёр жубайы Кристина менен кеңешип Грейс Эйвери деген ат коюшту. Эске салсак, 6 жылдан бери чогуу жашаган Кевин менен Кристина 3 баланы тарбиялашууда. Ал эми биринчи никесинен 3 баласы бар.

ВОЛКОВА ЭМИ БОЙДОК
“Тату” тобунун ырчысы Юля Волкова жолдошу Парвиз Ясинов менен ажырашты. Себебин ырчы кыз “ортобуздагы алоолонгон сүйүү оту үч жарым жылдын ичинде өчүп калды. Мен эркиндикти каалайм, жолдошум буга каршы болуп келет. Эми өз каалаганымды аткарам. Ич кийим менен сахнага чыксам да, мага эч ким тыюу салбайт” деп түшүндүрдү. Эскерте кетсек, Волкова менен Ясиновдун ортосунда 2 жаштагы Самир аттуу уулу бар.

КИРКОРОВ ПУТИНДИН БЕЛЕГИН САТЫП ЖИБЕРДИ
Дима Билан продюсери Яна Рудковская менен бирге Сочи шаарында майып балдарга жардам берүү максатында кайрымдуулук аукционун өткөрүштү. Анда Орусиянын популярдуу жылдыздары өз буюмдарын аукционго коюшкан. Мисалы, Филипп Киркоров Владимир Путинден белекке алган кол саатын “майып балдар үчүн аябайм” деп аукционго коюп, 80 миң рублга өткөрдү.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан