БИШКЕКТЕ КЕЗЕКТЕГИ ЭЛ АРАЛЫК ФИНАНСЫЛЫК ФОРУМ БОЛУП ӨТТҮ

1-июнь күнү Бишкек шаарында кезектеги эл аралык финансы форуму болуп өттү. 300дөн ашуун катышуучу катышкан форумда финансы тармагындагы актуалдуу темалар, төлөм боюнча жаңы технологиялардагы киберкылмыштуулук, технология тармагындагы жаңычылдыктар тууралуу кенен маалыматтар айтылды. "Финансы чөйрөсүндөгү тренддер. Анын өнүгүүсүнүн вектору" деген темада өткөн форум Улуттук банк жана Кыргызстандагы банк бирикмеси тарабынан ишке ашырылган. Эл аралык финансы форумунун спикерлери: «Сбербанк», «Альфабанк», SAP и MasterCard чет өлкөлүк ири компанияларынын өкүлдөрү болду.

«ФОРУМДА КОЗГОЛГОН КӨЙГӨЙЛӨР БАТ ЧЕЧИЛЕТ»
Форумду Кыргызстан банктар ассоциациясынын башчысы Анвар Абдраев ачып, иш-чаранын канчалык маанилүү экенин белгилеп өттү. Ал өз сөзүндө:
– Жыл сайын Бишкекте өтчү эл аралык финансы форумунда өлкөбүздүн финансы чөйрөсүндөгү маселелерге токтолобуз. Дүйнөдөгү актуалдуу темалар, кандай маселелер болуп жатканы жана аны чечүү үчүн кимдер менен кызматташуу ыңгайлуу болорун элге жеткирүү биз үчүн абдан маанилүү. Бул жолу биз финансылык технология, блокчейн технологиялары, накталай эмес төлөм, жарандардын күнүмдүк керектөөлөрү, анан да учурдун эң маанилүү темасы болгон маалыматтык коопсуздук тууралуу кеп кылабыз.
Эл аралык финансы форуму Кыргыз Республикасындагы финансылык сектордун бардык катышуучуларынын кызматташуусуна зор аянтча болуп бермекчи. Форумда козголгон көйгөйлөр бат эле чечилет. Мисалы, былтыр каржы рыногунда лидерлик кылган москвалык банктардын кызматкерлери келишкен. Форумдун жүрүшүндө алтын валюталык операция тууралуу талкуу кылганбыз. Андагы ар кандай сунуш жана эскертүүлөрдү эске алып, Улуттук банк жаңы нормативдерди кабыл алды. Азыркы күндө бир нече банк алтын валюталык операциясы боюнча лицензия алышкан,- деди.

«АР КАНДАЙ СЫНООЛОРДУ БАШТАН ӨТКӨРДҮК»
Андан кийин сөз Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго берилди. Төрага 6-ирет өткөрүлүп жаткан эл аралык финансы форуму быйыл Кыргыз сомунун 25 жылдыгынын урматына өтүп жатканын белгилеп өттү:
– Залда отурган баарыбыз, өлкөбүз улуттук валюта менен ар кандай сыноолорду баштан өткөрдүк. Бирде оор гиперинфляцияга кабылдык. Ошондой эле кубанычтуу күндөр да болбой койгон жок. Эки жолу экономикалык өсүүнү баштан өткөргөндө, албетте, сүйүндүк. Биздин эң чоң жеңишибиз – улуттук валюта өлкөбүз сыяктуу 25 жылдык мааракесине жетип отурат.
Айлана-чөйрө, дүйнө, технология аябай ылдамдык менен өнүгүп жатканына күбө болуп келебиз. Учурда финтех, big data, блокчейн сыяктуу бир катар технологиялар чыкты. Каалайбызбы, жокпу, алар биздин жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп келе жатат. Андыктан кардарлардын, банк секторунун жеке маалыматтарын сактоо жана киберкылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө да ойлонушубуз зарыл. Форумда дал ошол маселелерге көңүл бурула турганына кубанычтамын.

«КЫРГЫЗСТАНДА КИБЕРКЫЛМЫШТУУЛУК ӨСТҮ»
Эл аралык форумга Республикадагы жана чет өлкөдөгү бизнес бирикмелер, финансы-кредиттик мекеменин өкүлдөрү, жетекчилери, уюлдук байланыш өкүлдөрү, эксперттер жана башкалар катышты. Евразиялык кызматташтыктын финансы-банктык ассоциациясынын координация кеңешинин төрагасы Александр Мурычев алдыда чоң ачылыштар күтүп жатканына токтоло кетти.
Учурдун актуалдуу темасына айланган киберкылмыштуулукка Борбор Азия жана Монголиядагы Касперский лабораториясынын аймактык кеңсесинин башкаруучу директору Евгений Питолин да токтолуп өттү. Технологиянын өнүккөнү жакшы болгону менен, анын чочулатчу жагдайлары да бар, алар менен күрөшүү зарыл дейт ал.
– Азыр технология өнүгүп, төлөм оңой болуп калбадыбы. Мурункудай болуп бир жерге барып төлөп отурбай, үйдөн чыкпай эле төлөмдөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул бир жагынан ыңгайлуу болгону менен, кылмышкерлер биздин акчабызды оңой алып коё алышат. Банк ишин илгерилетүү үчүн өздөрүн жарнамалашат, кардарлар менен тыгыз иштешүүгө аракет кылат. Бирок кылмышкерлер социалдык тармактар аркылуу жасалма билдирүүлөрдү жөнөтүп, банктын туруктуулугун начарлатууну көздөшөт. Бул да киберкылмыштуулук. Кыргызстанда мындай чабуул мурункуга салыштырмалуу көп эсе жогорулаган. Андыктан инвестицияны кызматкерлерге жумшап, тыгыз иштешсе гана жакшы жыйынтык болот.

«ТЕЛЕФОН ТӨЛӨМ ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ КАРАЖАТКА АЙЛАНДЫ»
Грузия жана Борбор Азиядагы MasterCard эл аралык финансылык корпорациясынын аймактык директору Игорь Степанов келечекте эмнеге көңүл буруу керектигине токтоло кетти:
– 2017-жыл – төлөм аткаруучу телефон, билерик, «акылдуу» сааттардын жылы болду. Булардын жардамы менен төлөм картаны колдонбой эле тейлөө жүргүзсө болот. Азыркы күндө үйдө капчыкты унутуп чыгып кетсек да жүрө беребиз. Ал эми телефонду унутсак, сөзсүз кайтууга туура келет. Анткени телефон жөн гана баарлашуу эмес, төлөм жүргүзүүчү каражатка айланды. Мындай каражаттарды былтыр дүйнө боюнча 20 миллиард доллар көлөмдө сатышкан. Адамдар барган сайын гаджеттерди көп колдонуп башташты.


Форумдун жүрүшүндө 2018-жыл – Аймакты өнүктүрүү жылына байланыштуу айыл жергесиндеги социалдык-экономикалык абалды колдоо, алыскы аймактарды өнүктүрүү боюнча да сөз болду. Андан сырткары компания өкүлдөрү катышуучулардын суроолоруна жооп берүүгө үлгүрүштү. Эл аралык форумдун уландысы 2-июнь күнү Ысык-Көлдө улантылды.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан