Арген экөөбүздүн достугубуз кадимкидей эле башталган. Бир аймакта, бир көчөдө чоңоюп, анан бир мектепке барсак, кантип достошпой коймок элек? Көчөнүн чаңын сапырылтып, биз ойнобогон оюн калбачудай кылып ойнодук. Мушташкан күндөрүбүз да болбой койгон жок. Эркекпиз да, кантсе дагы. Бир күнү анын мурдун каната коём, экинчи күнү менин көзүмдү көгөртө урчу. Бирок кечинде эле кайра элдешип алчубуз. Жылдар өттү, досторубуз көбөйө берди. Чоңойгон сайын жигиттик өнөрлөр да пайда болуп, кыз жандап жүрүп калдык. Арген деле биздей болуп катардагылардан эч өзгөрбөй эле жүрчү. Бирок ал башка балдардай болуп «Айдайды жактырып калдым, Бегимай мага телефон номерин берди» деген сыяктуу сөздөрдү айтчу эмес экен. Муну азыр эстеп ойлонуп отурам. Мектепти бүтүп, ар кимибиз ар кайсы жакка тарадык. Бирибиз аскерге, башкасы университеттерге окууга, кай бири чет өлкөгө иштегени кетишти. Мурункудай достор болуп чогулмай азайды, жаңы досторду күттүк. Бир жакка иштегени кетти дегенден башка Аргенден эч кандай дайын жок болуп кетти. Кээде аны ошол бойдон көрбөй эле койсом болмок деп ойлоп кетем...
Бир күнү кафеде достор менен чогулуп калдык. Маңдай жагыбызда биздей курактагы эки татынакай кыз отуруп калышты. Алардын жүзүн даана көрмөйүнчө башында анчалык көп маани деле берген эмесмин. Андагы кыздын бири көзүмө дароо тааныш учурады, бирок кеткенче «кайдан көрдүм эле?» деп такыр эстей албай койдум. Үйгө жөнөйүн деп калганда жанагы кыз менен таанышууну чечтим.
– Чоң кыз, кеч болуп кетти, үйүңүзгө узатып коёюн. Жолдон таанышып да каларбыз?
– Биз бири-бирибизди тааныйбыз да.
– Мына кызык?!
Кыздын колунан тартып, көздөрүн эми даана көрдүм.
– Арген, сенби? Сага эмне болгон? Тамашага салсаңар дагы, мынчалык кетпегиле да. Кана, азыр балдардын баары мени видеого тартып жатышкан болот да, ээ?
– Ооба, мен. Бир көргөндө эле тааныдың, ээ? Эстей албай жаттың болуш керек. Мен эми Арген эмесмин, мен Айкамын.
Турган жеримде катыган боюнча калдым.
– Сен досуңдан айрылдың. Бирок мен сенин «подружкаң» боло алам,- деп эки көзү менен жымыңдайт.
Же ачууланганымдан бир муштайын дейм же кыраан күлкүгө салып каткыра албай бир канча мүнөт ордумда калдым. Ошентип ошол күндөн тарта мен досумдан айрылып, «подружкалуу» болуп калдым. «Арген, сен арстандай жигит элең го, өң десе өң, келбет десе келбет. Ушундай да болобу? Ооба, XXI кылым дечи, бирок мындайды тасмалардан көрүп, таң калып койчу эмес белек?» Мен го досумдан айрылыптырмын, ошондо аяш атам баласынан кол жууду да. Ушунчалыкка чейин ойлонбой эле коёюнчу, акылыма баары бир сыйбайт.
Чоңойгуча эч эркектен айырмасы жок, кызтекелер кайдан чыгат? Же алар өз алдынча көбөйө алышпаса, кайдан пайда болуп калышат? Айтор, ушундай суроолор башымда көп, бирок жоопсуз. Азыркы заманда эркек болуу ушунчалык кыйын болуп калган өңдөнөт. Муну эркектик жоопкерчиликтен качуу деп түшүнсө болот. Кыз болсоң, бардыгы оңой көрүнөт сымал, себеби көп нерсенин жоопкерчилигин сен тартпашың мүмкүн. Сулууланып, жасалгаланып, көйнөктүн түрүн кийсең болду, кылтакка илингендер сен үчүн бардыгына даяр болуп чыга келет. А бирок азыркы мезгил ар тараптан феминизм деп кыйкырык салып жатышкан убакыт эмеспи. Батыштан бир нерсе үйрөнсөк дагы, ушул жагынан башкасын үйрөнөлү. Эртең тең укуктуулукту талап кылып, бири-бири менен нике кыйдырып баштаганда кеч болуп калып жүрбөсүн?
Мейли, аларды өзгөчө дейбизби же муну оору дейбизби, бирок жаш кезинде жакшынакай эле эркектей болуп жүрүп, кийин кызга айланып кетүү дегенди менин акылым таптакыр түшүнө албайт. Баарыбызды кыргыздын жигиттери эзелтеден жоокер, кайраттуу болгон деп бир эмес, миң жолудан айтып улууларыбыз тарбиялаган. Ушинтип бирден-экиден орто жолдон тетири бурулуп кетип жатышса, эртең аялзатын ким коргойт? Эркектерибиздин кейпи Аргендей болуп кете берсе, апаларыбыз, кыздарыбыз кимге таянат? Эркектин бул жашоого келген милдети мекен коргоп, коомго тирөөч болуу, балалуу болуп, артынан тукум калтыруу эмеспи. Аталарыбыз намыскөй, сөзгө бек жана эркек заты катары калыптанышыбызга шарт түзүп, жол көрсөттү. Ал жол менен түз кете албасак дагы солго, оңго бурулса болот чыгар. Бирок орто жолдон артка кайрылып кетүү деген таптакыр болбойт!
Алибек