Оорукананын босогосун аттаарың менен сырттагы ызы-чуу, күнүмдүк майда-чүйдө маселелер унутулат, унутулбаса да көп нерсеге шүгүр кылат эмеспизби. Бул жайдагы адамдардын тилеги бир – ооруканага түшкөн өзүнүн же жакындарынын амандыгы. Ары-бери баскан дарыгерлерди үмүттүү карап, шыпаа издеп отургандардын катарында Элдана Таалайбекова да бар. Анын жолдошу Исфандияр Бабашов денесинин 85 пайызы күйүп ооруканага түшкөн. «Элге кайрылып жардам суроо оор экен. Бирок айлабыз жок, убакыттан уттуруп жатабыз» деген келин капилеттен болгон кырсыкты көз жашын токтото албай айтып берди.
«КОЙДУН БАШ-ШЫЙРАГЫН КУЙКАЛАП ЖАТКАНДА ПАЯЛЬНИК ЖАРЫЛЫП КЕТИПТИР...»
-Исфандияр экөөбүз 2012-жылы баш кошконбуз. Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында жашайбыз. Жолдошум үй-бүлөдө эң кичүүсү болгондуктан, үйлөнгөндөн кийин кайнене, кайнатамдар менен чогуу туруп калдык. Айылда кайдагы жумуш, корообуздагы бирин-экин малыбызды карап жашайбыз. Эл катары тиричилик кылып, 3 балалуу болуп, бактылуу жашап жатканбыз. Кырсык биздин үй-бүлөнү күтүүсүз басып калды...
21-май күнү кечке маал кайнатам менен кайненем бир жакка кетишкен, балдар ойноп жүрүшкөн, мен үйдүн ичинде элем. Ошол күнү кой сойгонбуз, жолдошум койдун баш-шыйрагын куйкалап жаткан учурда паяльник жарылып кетиптир...
Короодон бакырган үн чыкты. Чуркап чыксам эле күйүп жатыптыр (окуяны кайра башынан элестеткен Элдана көз жашын тыя албай турду)... Исфандиярдын бүт денеси жалбырттап күйүп жатыптыр. Бакырып, бети-башын чапкылап короодо ары-бери чуркай берди. Мен көрүп нес абалда калдым, эмне кыларыңды да билбей калат экенсиң андай учурда. Кошуналарга деле барып жардам сурасам болмок да, бирок эсиме келген жок. Аны менен кошо ары чуркаса ары, бери чуркаса бери чуркай бериптирмин. Бир маалда Исфандияр көмкөрөсүнөн жерге кулады. Менин да башым тегеренип, эсимди жоготуп баратканымды сезип, кармана калдым. Үстү дагы деле күйүп жаткан, ошондо эки чака суу алып келип чачтым. Атынан айтып «турчу, турчу эми...» деп жалдырап жаттым. Жолдошум бакырып, кыйналып жатты же көтөрүп үйгө киргизе албайм... Ошентип жолдошум көз алдымда 2-3 мүнөттүн ичинде эле күйүп кетпедиби.
«ОЙЛОНГОНДОН ЖҮРӨГҮ КАРМАП, КАН БАСЫМЫ КӨТӨРҮЛҮП ЖАТАТ»
-Кайнагама, кайненеме телефон чалып айттым. Абам машина таап келип, Кызыл-Суу айылындагы райондук ооруканага алып барсак, дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Ал жакта 2 күн жатты, врачтар «72 саат ичинде нес абалдан чыгарышыбыз керек» дешти. Ал убакыт өткөндөн кийин «биз эми жардам кыла албайбыз. Борборго алып баргыла. Атайын «Тез жардам» унаасын чакыртпасаңар, оорулуу шаарга жетпей калышы мүмкүн, абалы оор» дешти. Атайын медициналык унаа чакыртыш үчүн 18 миң сом керек экен, баарылап акча издей баштадык. Врачтар «тездетпейсиңерби» деп урушат, карапайым адамдар үчүн бул чоң эле сумма да, акыры тааныштардан сураштырып таап Бишкекке жөнөдүк.
Эптеп борборго аман жетсе эле, врачтар жардам берет деп Кудайдан жардам сурап келдим жолду катар. 4-шаардык ооруканага 24-майда келип, кан куябыз деп, донор издедик. Ошондон бери күнүгө кан куюлат, тамчылатма дары куюлат. Бир дарысынын 100 граммдык ампуласы 3500 сом турат экен. Ооруну сездирбөөчү дарыдан бирди сайсаң сезбейт, 3төн өйдө сайылат. Башында күнүнө 15 миң сомго чейинки дарылар кетип жаткан. Ооруканада бар дарыларды бекер эле берип жатышат, врачтарга да рахмат. Азыр дарыгерлер биздин абалыбызды түшүнүп жатышабы, билбейм, азыраак дары жазып берип калышты.
Бирок жолдошумдун абалы күндөн күнгө оорлоп баратат. Ойлонгондон жүрөгү кармап, кан басымы көтөрүлүп, аба жетпей деми кысылып «кислород маскасы» менен дем алып жатат. Башында бир колун көтөрүп жаткан, азыр ага да алы жок. Жараатын күнүгө жаңылап таңыш керек да, ошол маал келгенде ооруга чыдабай ыйлап баштайт «ушинтип силердин да жүрөгүңөрдү оорутпай өлүп калсам болмок» деп. Ушунчалык кыйналып жатат...
«ТҮНКҮСҮН «ЖОК-ЖОК!» ДЕП ЧОЧУП ОЙГОНОТ»
-Ошол күн азыркыга чейин түшүмө кирет. Жолдошум нес абалынан дале чыга элек. Ал да кээде түнкүсүн «жок-жок!» деп чочуп ойгонот. Суюк эле тамак ичет, аны да түтүк менен беребиз, аны сиңире албай эми ашказаны да ооруп баштады.
Врачтар «өзүңөр көрүп турасыңар, абалы оор. Бардыгы Кудайдан» деп жатышат, дагы толтура дарыларды бериш керек дейт, ага кантип акча табарыбызды билбейм.
Жолдошум 8 бир тууган. Бир туугандардын, теңтуштардын жардамы менен ушунча кармалдык. Алардын да өз жашоосу бар да, бирок бардыгы жардам издеп чуркап жүрүшөт. Кайната-кайненемдер 60тан ашып калган адамдар, экөөнүн тең жүрөгү ооруйт, кан басымдары жогору, аларды келбегиле деп жатабыз. Балдар азыр кичинекей, эч нерсени түшүнө элек, улуусу 5те, ортончусу 4тө, кичүүбүз 2ге чыгат. Алардын түйшүгүн кайненем тартып жатат. Балдарыбыз сагынып жатышыптыр, бирок атасынын бул абалын көрсө коркот деп аларды келтирген жокпуз.
Эмне кыларыбызды билбей турабыз. Элге кайрылуу, жардам суроо оор экен, бирок айлабыз жок, убакыттан уттуруп жатабыз.
«ДЕНЕСИНИН 85 ПАЙЫЗЫ КҮЙГӨН, АНЫН 80 ПАЙЫЗЫ ТЕРЕҢ КҮЙҮК»Исфандияр Бабашовду дарылап жаткан врач Каныбек Исманалиевден оорулуунун абалын сурап, жооп алдык:
-Исфандияр Бабашов бизге, 4-шаардык ооруканага 24-майда оор абалда келип түшкөн. Денесинин 85 пайызы күйгөн, анын 80 пайызы терең күйүк. Азыр күйүк септикотоксемиясы абалында (Күйүк септикотоксемиясы - токсикоинфекциялык оор патология, күйүктөн улам жаракатта пайда болгон ириңдеп кетүү процесси). Денесин коррекциялап турушубуз керек, анткени бүт денесинде тери жок, ошондуктан суюктук кетип жатат. Абалы оор, ошентсе да аракет кылып дарылап жатабыз.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg