«НЕБЕРЕМ КУСАТ». Адис кеңеш берет

Окурмандардан келген суроолорго №19 бейтапкананын педиатры Элиза Кабылбекова жооп берет.

 

 

 

Неберем 1 жарым жашта. Алыс жол жүрдү дегиче куса берет. Бул эмнеден болушу мүмкүн. Ал адатын калтырса болобу? Кандай дары берүүгө болот?

Ширин, Кемин району

– Негизи шарт боюнча баланы 6 айдан кийин гана тамакка аралаштырган туура. Бирок айрымдар эрте тамакка аралаштырып, жадакалса күчтүү тамак берип жатып наристенин ашказанына күч келтирип алышат. Бул нерсе өткө да зыян. Ошондон улам кусушу мүмкүн. Андан сырткары зыяндуу болгон кириешки, чипсы, кока-коланы берип коюшат. Буларды көп жеп, ичип алса да кусат.
Баланын канынын аздыгы да кусууга жеткирет. Андыктан бала эмнеден кусуп жатканын так билүү үчүн педиатрга текшертип, керек делинсе анализдерди да тапшыртуу жана ошого жараша дарылатуу керек.

«СҮТКӨ АЛЛЕРГИЯСЫ БАР»
– Менин 4 айлык кызым бар. Сүтүмө жакшы тойбой кыйналып, арыктап жатат. Айлам кеткенде уйдун сүтүн берсем аллергия чыгып кетти. Сүттүн ордуна эмне берсем болот?

Улара, Ош облусу

– 4 айлык ымыркайларга сүт же башка тамактарды бергенге болбойт. Эне алгач өзү тамакты түрлөп жеп, сүтүн көбөйткөнгө аракет кылуусу керек. Негизи бала ай сайын 500 граммдан көп салмак кошсо жакшы. 2-3 ай бою андан аз салмак кошсо же такыр кошпосо, анда аллергиясы барларга арналган атайын аралашмалар бар, ошону алып ичирүү зарыл.


«КЫЗЫМДЫН БУТУ ООРУЙТ»

– Кызым 2-класста окуйт, дайыма «бутум, тизем ооруйт» дейт. Врачка барып анализ тапшыртсак «баары жайында» дешти. Бирок кызымдын бутунун оорусу дагы деле басыла элек. Эмне кылсак болот?

Жумакан, Базар-Коргон району

– Баланын буту май тамандуулуктан да оорушу мүмкүн. Андыктан ортопедге көрсөтүңүз. Кээде тамак оорусу (ангина) менен бат-бат ооруса да өтүшүп, кызыл жүгүрүк жаралуусу ыктымал. Андыктан ревмотест да тапшырыш керек.


«КӨЗҮ САРГАЙЫП КЕТТИ»

– Менин 3 жаштагы баламдын көзү саргайып кетти. Бул эмнеден жана кантип дарыласа болот?

Мээрим, Сокулук району

– Баланын көзү жөн эле саргайбайт. Кан ооруларында, гепатитте, өтүндө маселе болсо саргайып кетет. Ал үчүн кан, заара анализдерин тапшырып, боорун текшертип, атайын тесттен өткөрүү зарыл. Кошумча өт, боорун да УЗИге тарттыруу кажет.

«МОНЧО БАЛДАРГА ЗЫЯНБЫ?»

– Менин уулум 2 жашта. Мончого барсам аялдар кичинекей балдарын жуунтуп жатышкан болот. Бул кичине балага зыян эмеспи? Негизи балдарды канча жашынан мончого алып барган туура?

Самара, Бишкек шаары

– Кичинекей баланы колдон келишинче үйдө жуунткан оң. Анткени коомдук мончого оорулуулар да келет, андыктан оору жукпашы үчүн гигиенаны сактоо кажет. Баланы 3 жаштан кийин мончого түшүргөн туура. Бул куракта балдардын организми бир топ калыптанып калат.

«НЕБЕРЕМ БИР ЖЕРДЕ ТЫНЧ ТУРБАЙТ»

– Неберем 7 жашта. Гиперактивдүү, энергиясы ашып-ташып турат. Бир жерге бир мүнөт да тынч отура албайт. Кой дегенди укпайт. Бул оорубу?

Гүлмира, Тоң району

– Гиперактивдүү деген диагноз оору катары эсептелип, алар невропатологдун көзөмөлүндө дарыланышат. Мындай балдарды сууда сүзүүгө, теннис, шахмат оюндарына бериш керек. Анан да уйку режимин бузбай, убагында уктатып, ойготуу кажет. Тынч жерде, таза абада көп сейилдеткенге аракет кылыңыздар.


«УУЛУМДУН БАШЫ КЫСЫЛЫП ТӨРӨЛГӨН»

– Менин уулум төрөлгөндө башы кысылып калган. Ошол нерсенин чоңойгондо зыяны жокпу? Жаш баланын буту-колунун муздап тердегени эмненин белгиси?

Мээрим, Кадамжай

– Башы кысылгандын (родовая асфиксия) ар кандай даражасы болот. Эгер 2 же 3-даражадагысы болсо ал балада баш-сөөк алдындагы басым пайда болот, же өтө чыргоо болуп калышы ыктымал. Андыктан невропатологго көрсөтүш керек. Колу-бутунун муздаганы да ошонун кесепети.

«БАЛАМ ЧЫЙРЫГА БЕРЕТ»

– Балам 2 жашта. Төрөлгөндөн баштап эле дене табы көтөрүлсө чыйрыккансып титиреп баштайт. Жылуулап кийинтели десек да болбойт. Мындай учурда эмне кылуу керек? Титирегени кооптуубу?

Айымжан, Бакай-Ата району

– Эгер баланын дене табы көпкө түшпөй койсо, титиреп-калтырап (судороги) баштайт. Бул коркунучтуу. Ага жеткирбей денесин жылуу суу менен бат-баттан сүртүш керек (дене табын түшүрүү үчүн). Кээде энелер дарыны аз өлчөмдө берип "дене табы түшпөй жатат" дей беришет. Иммунитети төмөн балдардын дене табы 38,5 градуска жетпей деле калтырап-титиреп кетиши мүмкүн. Андыктан туура өлчөмдө дары берип, дене табын түшүргөнгө аракет кылыңыз. Иммунитетин чыңдаңыз.


Гүлжамал Абылкасымова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Dilbaranurdinova
2018-06-12 12:49:22
менин балам тортто дагы деле суйлой элек,бирок созго тушунот апа ата мама деп айтат башкаларын айта албайт эмне кылсам болот
+1
Aidanek
2018-06-12 15:30:29
Dilbaranurdinova,Логопедке алып барсаныз.
+1
bibi_211
2018-06-15 08:43:53
Салам! Менин кызыма 10 ай, бутунун учу менен басып журот. Бул оору эмеспи?
0
boris8907
2019-06-02 07:12:25
bibi_211,ходунокто коп баскандын жыйынтыгы
0
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан