БАЛАНЫ 2-3 ЖАШКА ЧЕЙИН ЛОГОПЕДГЕ КӨРСӨТҮҮ ЗАРЫЛБЫ?

Баланын чың ден соолугу – ата-эне үчүн чоң байлык. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча ар кандай факторлордун таасиринен улам оорулуу балдар көп төрөлүүдө. Алардын арасында угуусу, сүйлөөсү начар, акыл-эсинин өсүүсү кечеңдегендер да бар. 30 жылдан бери мындай балдар менен тыгыз иштешип, үзүрлүү эмгектенип келе жаткан адис, Бишкектеги Cүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борборунун жетекчиси Гүлнара Ногойбаева менен аталган кемчиликтердин алдын алуу, дарылоо боюнча маектештик.

– Гүлнара айым, Сүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борборун ачууңузга эмне түрткү болду?
– Борбор 2005-жылы негизделип, ошондон бери кээ бир тыбыштарды айта албаган, кекеч, угуусу начар, кохлеардык операция жасалган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иш алып барып келет. Чынында дүйнө жүзү боюнча, аны менен катар Кыргызстанда мындай балдардын саны көбөйүп жатат. Бирок биздин өлкөдө мындай балдарды окутуучу адистер аздык кылат. Бул тармактагы адистер балдар менен туура иш алып барып, сөзсүз ишинин натыйжасын көрсөтүүсү шарт.
Биздин борборго келген балдар менен өз ишин мыкты билген, жогорку билимдүү, тажрыйбалуу адистер, дефектолог, сурдопедагог, клиникалык психолог, олигофренопедагогдор тыгыз иштешет. Борборго келген балдар адистердин дыкат текшерүүсүнөн өткөрүлүп, ар бирине жекече программалар түзүлөт, андан соң топторго бөлөбүз. Борборубуздагы логопеддик чакан топтордо 6-8, ал эми бала бакчаларыбызда 10-12 балага чейин тарбияланат. Мындан сырткары инклюзивдик класстар да бар. Бишкектин 12-кичи районунда 3 кабаттуу логопедиялык балдар бакчасынын курулушу бүтүп, буюрса, ушул жылдын сентябрь айында ишке берилгени турат. Бул ата-энелер үчүн жагымдуу жаңылык болот деп ишенем.

– Логопедге баланы канча жашында көрсөтүү керек?
– Негизи бала 5-6 айынан баштап үндүү тыбыштарды чыгара баштайт. 1 жашынан баштап сөздү так айтпаса да, муундап айта баштайт. Эгер баланын сүйлөөдөн кечигип жатканы байкалса, айткан нерсени түшүнө албаса, анда ата-эне сөзсүз невропатологго, сурдологго кайрылуусу керек. Бул нерселер баланын акыл-эсинин өсүшүнүн кечеңдешинен же укпаганынан кабар берет. Тили чыкпаган баланы 2-3 жашка чейин тил адисине, логопед-дефектологго көрсөтүү шарт.

– Айрымдар «атасынын тили кеч чыккан, ошону тарткан окшойт» деп көп этибар алышпайт...
– Сүйлөөдөгү кемчиликтер тукум куучулук касиетке ээ эмес. Аталган кемчиликтин жаралышына эненин кош бойлуу кезде стресске кабылышы, витаминдүү тамактанбаганы, ар кандай оорулар менен ооругандыгы, түйүлдүк кезинде баланын киндиги моюнуна оролуп калышы жана башкалар себеп.

– Канча жашта аталган кемчиликтерди оңдоого болот?
– Канчалык эрте кайрылса, ошончолук жакшы. Мектепке барганча кемчиликтерин жоюу керек. Антпесек окууда, жазууда кыйынчылыктар орун алып, бала тыбыштарды туура эмес айтып, укканындай жазышы мүмкүн.

– Айрым балдардын кээ бир тыбыштарга тили келбегенде тилинин астындагы жүгөнчөнү кесишет...
– Бул ыкма «Р» тыбышын так айта албаган учурда гана пайдалуу.

– Кемчиликтерди толугу менен жоюуга болобу?
– Көп нерсе баланын акыл-эсинин өөрчүшүнөн көз каранды. Өз убагында баланы тийиштүү дарыгерлерге, адистерге көрсөтүп, жакшы жыйынтыктарга жетүүгө болот. Илим-техниканын өнүккөн заманында өз ишин мыкты билген, дасыккан адистер көп. Алардын катарына невропатолог Нурмухаммед Бабажановду кошкум келет. Анын биздин борборго кошкон салымы зор. Балдарга, ата-энелерге жеке убактысын бөлүп, бекер лекцияларды окуп, кеңештерин берип келет. Бабажановдун берген кеңештери ишенимдүү, дарылоосу сапаттуу болгондуктан ата-энелердин ага болгон ыраазычылыгы чексиз. Нурмухаммед Бабажановдун дасыккан адис экендигин ага көрүнүү үчүн бир нече айлап кезекке тургандардын санынан да билүүгө болот.
Ошондой эле учурда Орусиядан келген мыкты адистер такыр укпаган балдарга кохлеардык операцияларды жасап жатышат. Операциядан кийин бала сөзсүз угат. Бул техниканын жетишкендиги. Болгону бала менен сурдопедагог тыгыз иш алып барып, жаңы тили чыгып жаткан баладай мамиле жасап, айланадагы үндөр менен терең тааныштырып жүрүп отурса, ал бала өз курагындагылар менен аралашууга жетишип калат. Ал эми кекеч балдарга туура дем алып, дем чыгарганда тыбыштарды туура айтууну үйрөтүү менен алардын сүйлөөдөгү кемчилигин жоюуга болот.


Сүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борборунун дареги:
Бишкек шаары, Ынтымак конушу, Азия көчөсү, 41А
Байланыш телефондору:

(312) 91-02-80,
+996 556 825-961,
+996 (557) 900-940,
+996 (556) 825 961,
+996 (557) 900 940
сайт: www.logoped.kg


Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
SIMA_kg
2018-06-12 15:53:05
БААСЫ КЫМБАТ(
+2
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан