ТОВАРДЫК БЕЛГИЛЕРДИ ЭЛ АРАЛЫК КАТТОО

Товардык белгилер бүткүл дүйнөдө – өнүгүп жаткан жана өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдө, рынок экономикасындагы жана пландуу экономикадагы өлкөлөрдө кеңири пайдаланылат, ошондой эле бардык жерде алар маркетинг менен соодада маанилүү экономикалык роль ойнойт. Товардык белгилерге рынокто товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштагандар, башкача айтканда, өндүрүүчүлөр, дүң соода кылгандар жана чекене сатуучулар, ошондой эле сатып алуучулар, негизинен бүтүндөй экономика кызыкдар.

Товардык белги өндүрүүчүнүн, ошондой эле алар тарабынан чыгарылган товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн жеке өзгөчөлүк белгиси катары саналат. Таасирдүү, жөнөкөй жана эсте оңой сактап каларлык товардык белги керектөөчүгө белгилүү бир фирманын, ал сунуштаган товарлардын же көрсөткөн кызматтардын сапатын айкалыштырып көрсөтүүгө арналат. Товардык белги фирманын беделинин башкы элементтеринин бири болуп эсептелүү менен керектөөчүнүн товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуусуна жардам берет.
Жеңил тааныла турган товардык белги анын келип чыгышын жана сапатын аныктоого мүмкүндүк берет. Сатып алуучу белгисиз өндүрүүчүнүн арзан, балким, сапатсыз товарын алганга караганда, товарынын же кызмат көрсөтүүсүнүн жогорку сапатын көрсөтө алган товардык белги менен чыгарылган товар үчүн жогорку бааны төлөөгө даяр. Керектөөчү биринчи кезекте сапаттын кепилдиги катары товардык белгиге кайрылат.
Товардык белги корголууга тийиш. Ошондуктан эгер сиз товар чыгарсаңыз же кызмат көрсөтсөңүз, өз товарыңызды каттатыңыз жана Мамлекеттик каттоодон өткөрүңүз.
Кыргыз Республикасында товардык белгилерди каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) иш алып барат.
Сөз, сүрөт, көлөм жана башка белгилөөлөр же алардын айкалыштары товардык белгилер катары катталышы мүмкүн.
Мыйзамга ылайык, товардык белги юридикалык жактын, ишкерлик кылып жүргөн жеке жактын атына катталышы мүмкүн экендигин белгилөө зарыл.
Товардык белгини каттоо анын ээсине Кыргызстандын аймагында гана катталган товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн товардык белгини пайдалануу укугуна мыйзамдуу монополияны берет.
Эгерде компания өз бизнесин чет өлкөдө да өнүктүрсө, анда компания өз товарларын саткан жана кызматтарын көрсөткөн бардык кызыккан өлкөлөрдө өз товардык белгисин каттатуусу зарыл. Эл аралык каттоого өтүнмөнү ар өлкөнүн патенттик ведомствосуна берүүгө болот, бирок бул үчүн ар бир өлкөгө салык төлөө, көптөгөн бланктарды толтуруу, патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө керек болот. Товардык белгилерди каттоонун Мадрид тутумун пайдалануу менен товардык белгини эл аралык каттоо процессин жөнөкөйлөштүрүүгө жана тездетүүгө болот.
Мадрид тутуму бир эле учурда көптөгөн өлкөлөрдө товардык белгини эл аралык каттоого мүмкүндүк берет. Анын жардамы менен сиздер тиешелүү салыкты төлөө менен бир тилде (англис, француз) бир эл аралык өтүнмө бере аласыздар. Бир эл аралык өтүнмө берүү бир нече улуттук өтүнмөлөрдү берүүгө барабар, бул убакытты жана акчаны үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Мадрид тутумунун кызмат көрсөтүүлөрүн дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүнүн жашоочулары пайдаланышат. Жеке ишкерлер, чакан жана ири бизнес өкүлдөрү Мадрид тутумун планетанын алдыңкы рынокторунда белгилерди коргоонун ыңгайлуу жана үнөмдүү каражаты деп эсептешет.
Кыргыз Республикасы Мадрид тутумуна 1994-жылдан бери катышат. Эл аралык каттоого өтүнмө берүүгө чейин белги улуттук ведомстводо алдын ала катталууга тийиш.
Рыноктук мамилелердин өнүгүшү менен Кыргызстанда товардык белгилердин ролу өсүүдө. Кыргызстандын эл аралык аренага чыгуусу чет өлкөдө товардык белгилердин укуктук корголушун камсыздоону, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну жана дүйнөлүк рынокто ийгиликтүү сатууну камтуу менен ата мекендик экспортту коргоо боюнча максаттуу багыттагы саясатты жүргүзүүнү болжолдоштурат.

Товардык белгини каттоонун бардык маселелери боюнча төмөнкү дарекке кайрылуу керек:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент)

Бишкек ш., Москва көч., 62, www.patent.kg +996 (312) 68-16-98, ошондой эле биздин Facebook.com/kgpatent расмий баракчабыз бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан