ҮЙДҮН ЖАНЫНДАГЫ УЮЛДУК БАЙЛАНЫШ МУНАРАСЫ. АНДАН КОРКУУ КЕРЕКПИ?

Акыркы жылдары мобилдик телефон ар бир кыргызстандыктын жашоосун ансыз элестете албагандай маанилүү атрибутка айланды. Эл арасында “уюлдук байланыш ден соолукка зыяндуу, эң көп тобокелчиликти кеңсе имараттарынын жана турак үйлөрдүн чатырларына орноткон мунара-антенналар алып келет” деген пикир бар.

КЭЭ БИР ФАКТЫЛАР:

• Микротолкундуу мештин толкун таратуусу уюлдук байланыш мунарасынан 4 эсеге көп.

• Европа жана АКШ өлкөлөрүнө караганда Кыргызстанда базалык станциялардын ишине болгон талаптар бир кыйла катаал.

Биздин бул абалга түшүндүрмө берүүгө Кыргыз Республикасынын Мамсанэпидемкөзөмөлүнүн эксперти Жаныбек Арзыкулов менен мобилдик операторлорунун биринин техникалык адиси жардам беришти.

– Көп учурда тургундардын үйлөрүнүн чатырларындагы мунараларды “толкундарды таратуусунун натыйжасында адамдар өздөрүн начар сезип жатышат” деген жүйөлөр менен алып салуулары жөнүндө талаптарын угуп келебиз. Бул чынында эле ушундайбы?

Жаныбек Арзыкулов, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин физикалык факторлор бөлүмүнүн санитардык дарыгери:
– Электрмагниттик булгануу деген түшүнүк бар. Бул илимий жактан негизделген жана санитардык мыйзамдарда аныктама берилген белгиленген деңгээлдерден ашып кетүүнү билдирет. Эгер деңгээл ашып кетсе, анда терс таасирин тийгизет, эгер ашпаса, адамдын ден соолугуна эч кандай таасирин тийгизбейт. Кыргызстандагы электрмагниттик булгануунун көрүнүшү жөнүндө айта турган болсок, анда акыркы 10 жылдын ичинде белгилүү чектөөдөгү деңгээлден ашып кеткен учурлар кездешкен жок.

Техникалык адис:
– Кыргызстанда мобилдик байланыш 1990-жылдардын ортосунда пайда болгон. Ошол эле убакта батыш өлкөлөрүндө уюлдук байланыш бир топ убакыт мурда иштеп баштаган жана адамдын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу маселелер мурдатан эле изилдөөлөрдүн темасы болуп келген. Уюлдук байланышты колдонгон ушул 20 жылдын ичинде адамдын саламаттыгына жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасири аныкталган жок. Ал эми мектептеги физика сабагынын курсунан кадимки лампочканын же телевизордун деле электрмагниттик толкундарды чыгарарын окубадык беле. Ошондуктан баарыбыз телевизорду жакын көрүүгө болбой тургандыгын, өтө жарыкты карабоо керектигин билебиз. Анткени алардын түздөн-түз таасири коопсуз эмес. Кошуна имараттын чатырындагы антеннаны терезеңизден көрүп алып коркуунун да кажети жок деп ойлойм.

– Анда мунун баары стереотиптер менен фобияларбы?

Техникалык адис:
– Ооба, булар фобиялар. Кээ бирөө чагылгандан коркот, кээ бири телевизордон. Бирок биз баарыбыз үйдөгү аппаратурага, чөнтөгүбүздөгү уюлдук телефонго көнүп калдык. Азыр эч ким аны колдонуунун зыяны барбы деп ойлонбойт. Баары заманбап техника менен анын ыңгайлуу болгондугу үчүн пайдаланат да.

Жаныбек Арзыкулов:
– Адамдардын арасында кездешүүчү радиофобия көпчүлүк учурда маалымат жетишсиздигинен пайда болот. Алар коркушат жана өз баш ооруларын, кан басымынын көтөрүлүп кеткендигин кандайдыр бир объекттер, антенналар менен байланыштырышат. Ушундай абалга байланыштуу арыздар түшкөндө ар бирине жекече мамиле кылуу менен аракет кылуу керек. Биз негизинен фактылык ченемдердин натыйжасы менен иштейбиз, ошол жерге барабыз, ченемдерди жүргүзөбүз.
Менин эсиме бир окуя келди, Нарын облусунун бир айылында, албетте, алдын ала келишим түзүлүү менен жергиликтүү тургундун короосуна базалык станция курулган эле. Дароо эле кошуналары “айдоо аянттарына кесепети тийип жатат” деп даттана башташты. Өздөрүн дагы начар сезип, баш оорулары күчөгөн. Анын үстүнө телевизор да начар иштей баштаган. Бирок аларга азырынча станция монтаж гана болгонун, дагы туташтырыла элек экендигин айтышканда капа болгондорун көрүшүңүз керек эле. Башкача айтканда, эч кандай толкундар тараган эмес.

– Анда уюлдук байланыштын келечекте өнүгүүсүн колдогондор жана жаңы технологияларды терс кабыл алгандар болуп эл экиге бөлүнөт деген ой пайда болуп жатат.

Техникалык адис:
– Ооба, ошондой эле. Уюлдук байланыш көптөн бери жок жердегилер тезирээк байланыштын келишин каалашат. Байланыш пайда болору менен абоненттердин саны өсө баштайт, кошумча базалык станцияларды куруу муктаждыгы келип чыгат. Мына ушул жерде тескери ойлонгон калктын арасынан «бизге дагы бир станциянын эмне кереги бар эле, бирөө жетет да?» деген суроолор пайда болот. Жеткиликтүүлүк принциби иштеп кетет дагы, тургундар сапаттуу байланыштан баш тарта башташат.

Жаныбек Арзыкулов:
– Эң маанилүү нерсени белгилеп кетишим керек, республикабыздын тургундар жашаган аймактарынын радиотолкундуу диапозонунда электрмагниттик толкундардын тароосунун деңгээлинин белгиленген чектен ашып кеткен учурлары катталган эмес.

– Кайсы ченемдер жана нормативдердин жетектөөсүндө ишиңизди алып барасыз?

Техникалык адис:
– Бардык уюлдук операторлордун ишмердүүлүгү регламентке ылайык жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген санитардык эрежелер жана ченемдерге туура келбесе, компания базалык станциясын ишке киргизе албайт.

Жаныбек Арзыкулов:
– Биз базалык станциялардын жайгашуусун, курулуш иштерин жана операторлор тарабынан санитардык эрежелер менен ченемдердин аткарылышын көзөмөлдөйбүз. Белгиленген талаптарга ылайык санитардык-эпидемиологиялык гана корутундулары бар базалык станциялар ишке киргизилет. Уюлдук операторлор дүйнө жүзүндөгү, айталы, ошол эле Европадагы же АКШдагы операторлордун колдонгон жабдууларын пайдаланышарын эске алышыбыз керек. Ири шаарларындагы базалык станциялар кандай жайгашкандыктарын карап көрүү эле жетиштүү болот го дейм, ал жерде алар 200-300 метр сайын эле орнотулган. Ал эми аларды орнотуу үчүн турак үйлөрдүн, ооруканалардын, мамлекеттик мекемелердин, кеңселердин чатырларын пайдаланышат. Бул жерде кандайдыр бир санитардык ченемдердин бузулушу же адамдарга кандайдыр бир зыян келтирилип жаткандыгын элестетүү кыйын экендигине кошулат болушуңуздар керек.

– Уюлдук байланыш мунараларын сөзсүз эле имараттардын үстүнө орнотуу керекпи?

Техникалык адис:
– Уюлдук байланыштын сапаты иштеп жаткан базалык станциялардын санынан көз каранды. Уюлдук байланыш операторлору сигналды жакшы кармоо жана түйүндүн ашыкча жүктөмүнүн алдын алуу үчүн кошумча антенналарды орнотуп келишет. Башкача айтканда, базалык станциялар канчалык көп болсо, сигнал ошончолук сапаттуураак жана ишенимдүүрөөк болот. Ошондуктан жаңы байланыш мунараларынын пайда болушу шаардын бардык тургундарына гана пайда.

Жаныбек Арзыкулов:
– Санитардык эрежелер орнотула турган жайларды чектебейт. Байланыш мунаралардын передатчиктери санитардык ченемдер жана эрежелерге ылайык турак үйлөргө, коомдук жана башка имараттарга орнотулушу мүмкүн. Байланыш мунарасы ишке берилерден мурда аны КРнын Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл адистери текшерүүдөн өткөрөт. Ар бир байланыш мунарасына чөйрөнүн физикалык факторлорунун параметрлерин ченөө протоколу түзүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан