Сүйүн Откеев, режиссёр: «АЗЫР ПРОФЕССИОНАЛ СЫНЧЫЛАР ЖОККО ЭСЕ»

Сүйүн Откеев алгач клипмейкер катары элге таанылган. Ильяз Абдыразаковдун «Жаным, ай», Султан Садыралиевдин «Кыргыз бийи», Каныкейдин «Көпөлөк» жана бир топ клиптерин жаратты. Тажрыйба чогулткан соң кино дүйнөсүнө аралашып, учурда анын тасмаларын боордошторубуз казакчага которуп көрүп жатышат. Сүйүн мырза менен ийгилик сыры, режиссёрдук эмгеги тууралуу баарлаштык.

– Сүйүн Откеевди алгач клипмейкер катары тааныдык. Ошондо эле кинорежиссёр болом деген планыңыз бар беле?
– Туура, башында белгилүү ырчыларга клип тарттык, көп жарнамалык роликтер болду. Кино тартуу идеясы ошондо эле бар болчу, бирок шашпай ишке ашырам деп жүргөм. 2011-жылы кыска метраждуу «Соолуган карек» тасмасына буюртма түшүп калып, пландагандан эртерээк кино дүйнөсүнө аралашып калдым.

– Комедия жанрына көп кайрыласыз. Бул жанр сизге жакынбы же бул жаатта тажрыйбалуу болуп калганыңыз себеппи?
– Мен ар кандай жанрда өзүмдү сынап көрсөм дейм. Азыр байкаганым, кыргыз кино көрүүчүлөрүнө комедия жакшы өтүп жатат. Ошондуктан башка режиссёрлор да ушул жанрга көп токтолушууда. Мен 3 комедия тарттым. Калгандары мелодрама, фантастика жанрындагы тасмалар.

– Эгер сыр болбосо элге жакшы тараган «Мегатой» тасмасынын бюджети канча болду? Чыгашаны актадыбы?
– Тасманын бюджети 15-20 миң доллар болгон. Өзүн жакшы эле актады. Экинчисине андан көп каражат жумшалды, бул да кеткен чыгымды жабат деген үмүт бар.

– Ар бир режиссёрдун «фишкасы» болот эмеспи. Сиздин өзгөчөлүгүңүз эмнеде?
– Мени менен иштешкендер «эч ким менен урушпай тынч эле иштейсиң. Кээде тасма талаасында бар экениң да билинбейт» дешет. Актёрлор менен иштешкенде урушкандын ордуна жакшылап түшүндүрүп, «азаматсың» деп шык, дем берип турам.

– Түрктөр, индустар менен иштешип калдыңыз. Алардан өзүңүзгө кандай тажрыйба алдыңыз? Кыргыз киносу менен салыштырып көрдүңүзбү?
– Түрктөр менен 2014-жылы иштештик. Алар бизге салыштырмалуу каражат аябай көп жумшашат. Техникасын болсо айтпай эле коёюн. Түрктөр Кыргызстанга келип кеткенден кийин кино тарткым да келбей калган. Бир жыл өзүмө келе албай жүрдүм го (күлүп). Бирок иштөө ыкмалары биздей эле, болгону техникалык жактан бизден бир кыйла алдыда.

– Бир нече жыл мурун «Даңазалуу доор» тасмасын тарткан «TIMS Production» компаниясы «Көсөм султан» тарыхый тасмасын Кыргызстандан тартышмак. Ошол нерсе ишке аштыбы?
– Ал тасмага арстан керек болуп, Кыргызстандан таппай койгонбуз. Казакстанда үйрөтүлгөн арстан бар экен, тасманы да ошол жактан тартышты.

– Кино менен жүрүп жеке иштер артка сүрүлүп кетпейби?
– Ооба, кино баштап алгандан кийин башка жумуштар токтоп калат. Күнү-түнү тасма талаасында жүрүп үй-бүлөгө азыраак көңүл бурулат. 3-4 ай ушундай шартта иштеп, кино бүткөндөн кийин сонун эс аласың. Эгер эмгектин үзүрү акталса, анда ого бетер жыргайсың. Кыйынчылыктар бат эле унутулат. Өз кесибин сүйгөн адам үчүн убактылуу кыйынчылыктар маселе жаратпаш керек.

– «Бүткөн ишке сынчы көп» демекчи, тасма чыккан соң сынчылар көбөйөт. Сын угууга даярсызбы?
– Сынчыларга көз карашым түз. Күчтүү, профессионал адамдар болсо кабыл алам. Албетте, жумушта кемчиликтер болбой койбойт. «Көч бара-бара түзөлөт» демекчи, сынчылардын ойлорун эске алып, кайталабаганга аракет кылабыз. Тилекке каршы, андай сынчылар азыр жокко эсе. Далили жок эле андай болуп калыптыр, мындай болуп калыптыр, «ляп» таптым дегендерди сынчы катары көрбөйм. Атактуу Голливуд тасмаларында деле «ляптар» болгон, боло берет.

– Жакында жаңы «Мегатой-2» тасмасын элге тартуулоо алдында турасыз. Бул кинону улантабыз деп башында эле максат кылган белеңиздер?
– Алгач «Мегатой» тасмасын тартып жатканда улантабыз деп ойлогон эмеспиз. Тасма элге жакшы тарап, элдик тасма болуп кетти. Экинчисин тартсаңар болмок деп сунуштагандар чекеден чыкты. Башында «идеябыз деле жок, улантпайбыз» деп кесе айтканбыз. Кийинчерээк казакчага которулуп, Казакстанда көрсөтүлүп баштады. Ошондон улам экинчисин тартсакпы деген ой пайда болгон. Быйыл январда сценарист Эркин Эгембердиев экөөбүз сүйлөшүп отуруп, тасмага ылайык жакшы идеяны ойлондук. Акыры элдин суранычын аткарып «Мегатой-2» тасмасын тартууга кириштик.

– Көп тасмаларды жаратып жатасыз. Алдыдагы чоң максатыңыз кандай?
– «Генерал болууну эңсебеген аскер аскер эмес» дешет го. Дүйнө жүзүндө кинофестивалдар толтура. Алардын арасында эң беделдүү делген – Канн менен Берлин эл аралык фестивалдарына катышуу, утуу.

– Тилегиңизге жетиңиз, рахмат маегиңизге!

«Мегатой-2» тасмасына профессионал актёрлор тартылды».
Кыргызстандагы эң кымбат клип (50 миң доллар) делген Султан Садыралиевдин «Кыргыз бийин» Сүйүн Откеев тарткан.
«Кино менен жүрүп кээде үй-бүлөмө көңүл бөлө албай калам».


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aikan1966
2018-06-12 11:41:45
Иштерине ийгилик,жакшы кинолорду жарата беруунду каалайбыз.
0
ajos
2018-06-12 13:57:21
Мегатойду кантип эл жакшы кабыл алганын тушуно албайм да. Бир маанисиз! Санга эмес сапатка конул болушсо жакшы болмок.
-4
Tyty1990
2018-06-12 16:31:29
ajos,сен оорубай элесинби орозодо.
-5
Aima94
2018-06-13 15:02:27
50 000$ Султан клип тарттырды беле? Сомнение
-2
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан