МУСУЛМАН АЯЛДАРЫ СПОРТТО

ИСЛАМИАДА ЖЕ ХИДЖАБЧАН ЧУРКОО
Мусулман аялдар үчүн Олимпиадалык оюндар 1993-жылдан бери ар бир 4 жылда бир Ирандын борбору Тегеранда өткөзүлүп келет. Оюндун башкы максаты – мусулман аялдары да эркектер сындуу тең укукка ээ экендигин далилдөө. Мелдештин ачылышы менен жабылышында гана эркектер катышпаса, калган учурда жалаң аялдарды көрүүгө болот. Телеоператорлор да аялдардан турат. Олимпиадада аялдар 18 оюн түрү менен ат салышат. Алар: жаа атуу, гимнастика, гольф, теннис, стол тенниси, сууда сүзүү, гандбол, бадминтон, мылтык атуу, мини-футбол, таэквандо, сквош (топ менен ойнолуучу теннис), атлетика, майыптар үчүн пинг-пон. Мелдеш бир аптага созулат. Айта кетчү нерсе, оюндарга мусулман эмес аялдар да катыша алышат. Оюндун генералдык катчысы Фариде Хавади.
Ал эми аялдардын мелдешин уюштуруп, аны өткөрүү идеясы Ирандын белгилүү атуулдарынын бири 42 жаштагы айым Фаезе Хашемиге таандык. Ал мурунку межилистин депутаты. Фаезе лыжага, сууда сүзүүгө, ат спортуна кызыгат. 1998-жылы "Zan" ("Аялдар") журналында иштеген. Эмесе, 2005-жылы Тегеранда өткөн мусулман аялдарынын 4-Олимпиадасынан алынган репортаждан кыскача.

ххх

Бул мелдешке 48 өлкөдөн мусулман аялдар келишкен. Оюндун ачылышын чагылдыруу үчүн стадионго эркек репортёрлор кирүүгө акылуу болгондуктан, бул күнү аялдардын баары хиджабчан (мусулман аялдардын бети менен колунан башка жерин чүмкөп туруучу кийими) жүрүштү. Бирок, оюндун кийинки бөлүктөрүнө бир да эркек коё берилген жок. Башкача айтканда, оюн өтүлүүчү жер эркектер үчүн жабык зона болду да калды.
Мусулман спортчу аялдар эркек репортёрлор чыгарылып, эшик жабылгандан соң кыйкырып сүйүнүшкөн­дөрүн айтпаңыз. Анткени, бетинен башкасынын баарын чүмкөп, не деген сулуу мүчөлөрүн узун, кең кийимдердин ичинде катып жүргөндөр жоолук, паранжыларын ыргытып, келбетин көркүнө чыгара турган спорттук кийимдерди кийишет эмеспи.
Дал ушул оюнга Кениянын качкындар лагеринен келген спортчу аялдар атайын тигилген спорттук формаларды кийип чыгышты. Мындай кийим башка аялдардын да кызыгуусун жаратты. Мунун артыкчылыгы, эркектер катышкан оюндарга деле аны кийип катышса боло тургандыгында. Эми ушинтип жаңы үлгү­дөгү атайын кийимдер дагы көбөйсө, аялдар хиджабчан катышып жүдөбөй калышат. Катар өлкөсүнүн аялдарын жетектеп келген машыктыруучу Феруза: «Үйлөрүндө отуруу спортту сүйгөн аялдардын көкөйүнө көк таштай тийген. Эми мелдеш бүткүчө өздөрүн эркин сезип, топтолуп калган энергия менен жашыруун таланттарын мелдеште чыгарышат» дейт.
Ал эми стадионго кире бериште тоодой үйүлгөн чөнтөк телефондор менен камераларды көрүп эле стадионго жалаң миңдеген аялдардын келгенин билесиз. Анткени, оюндун жүрүшүн­дө исламдын мыйзамына каршы жылаң­баштанып, спорт­­тук формада шым­данып жүргөн аялдарды тартып алууга эч кимдин укугу жок.
Ирандын мылтык атуу боюнча спортчусу Фатима Рахими: «Жашаган жеримде деле гольфко, мылтык атууга катыша берем. Анткени, хиджаб мага жолтоо болбойт. Андыктан, эркектер мага эч нерсе дебейт. Анын үстүнө пайгамбар «мусулмандардын ар бири мылтык атууну, ат чабууну, сууда сүзүүнү билүү­сү керек» деп айтып кеткен» деген оюн ортого салат.
Ошентип, оюн өз эрежеси менен өтө баштады. Бул кезде спортчу аялдардын күйөө­лөрү дүкөндө тортко кезекте турушат.
Анткени, исламда ичкиликке тыюу салынгандыктан, кокус аялы жеңип калса, жеңишти торт менен белгилөө эң эле туура жол...
Мына чуркоо боюнча мелдеш аяктады. Сириянын курама командасынын аялдары жеңүүчү болуп табылып, кубангандарынан ырдап, бири-бирин кучакташып жатышат.
Сырттан «торттун креми эрип кетпесе экен» деп тынчсызданган эркектерди көрүүгө болот.

АФИНЫДАГЫ ОЛИМПИАДАДА
1896-жылы Афиныдагы алгачкы Олимпиадада байыркы доордогудай болуп бир да аял катышкан эмес. Бирок, убакыттын өтүшү менен эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Олимпиадага катыша тургандардын 50 пайызын аялзаты түзөөрүнө ишенээрин айтып кеткен. Анын сыңарындай, мусулман спортчу аялдардын саны абдан көбөйүп кетпесе да, азыр буга чейинкиге караганда саны арбып калды. Эмесе, 2004-жылдын августунда Грециянын борбору Афиныда өткөн Олимпиадалык оюндардын жүрүшүнөн.

ххх

Ооганстандан Олимпиадага алгачкылардан болуп келген Робина Мукимьяр 100 метрлик жарышта 63 аялдан 61-болуп келгенине карабай: "Оогандык аялдарга чоң спорт өз эшигин ачты" деп кыйкырып, кубанып көзүнө жаш алды. Робина менен бирге келген дзюдочу Фриба Разайи: "Эч кандай орунду камсыз кылбаса да, кийинки Олимпиадага мекендеш аялдардан көбүрөөк келип, бири болбосо бири жеңип, оогандык аялдарга намыс алып берет" деген оюн айтты.
Көптөгөн атуулдарынын каршылыгына карабай Сауд Аравиясынын, Ирандын, Бахрейндин бийлиги Олимпиадага спортчу аялдарды жибергендиги кубандыраарлык болду. Бирок, Олимпиадага эркектер да катыша тургандыктан, мусулман спортчу аялдар хиджабчан, байбалчагын да көрсөтпөй узун кийим кийип катышууга аргасыз. Бирок, мындай кийим Ирандан келген Пур Назимге эч тоскоолдук келтирбеди. Анткени, ал пистолет менен ок атуу мелдешине катышат. Ал эми Сомалиден келген жөө күлүк Фартум Абукар Омар менен Шахин Бахрамини мындай кийим бир топ эле жүдөттү.
1999-жылы талибдердин башкаруусунда калган Ооганстан эл аралык оюндардан четтетилип калган эле. Антсе да 2004-жылы Афиныдагы Олимпиадага катышууга арыз беришкенде Олимпиада комитети: "Командаңарда аялдар болсо гана уруксат" деп жооп беришкен. Бул жөө күлүк Робина Мукимьярдын Олимпиадага келүү­сүнө себепкер болгон.
Айта кетчү нерсе, Робина ислам мыйзамы боюнча спорт залга барып, эркектер менен аралашып машыга алган эмес. Үйүндө болсо машыгуучу бөл­мөсү, машыгуу шайманы болбогондуктан, Олимпиадага эч кандай даярдыксыз эле келген.
Бул жолку Ол­им­пиадада орун албаганына карабай, Робина 2008-жылы Кытайда өтүүчү Олимпиадага катышып, алтын медалды утууну максат кылууда. "Даярдык катары түнкүсүн үй­бүлөм уктап жаткан кезде бийик дубал менен курчалган коргон ичинде жашыруун чуркап машыкпасам бул жолкудай медалга жетишпей калам" дейт Робина.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 228, 16-22-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан