РУСЛАН АКУН ТАСМА ТАРТЫП ЖАТЫП КЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

Апамды издеп», «Салам, Нью-Йорк» тасмасынын режиссёру Руслан Акун кезектеги тасмасын тартып жатат. Спорттук драма жанрындагы бул тасма Ысык-Көл жээгинде тартылууда. Тасма Казак өлкөсү менен биргеликте тартылып жатат. Тартуу учурунда режиссёр ден соолугун жабыркатып алган. Өзү менен байланышканыбызда ал буларды билдирди:

– Рахмат, ден соолугум жакшы болуп калды. Тасма тартып жаткан учурда «Ынтымак» командасынын улакчылары легендарлуу Ахилес деген атты берип аябай кубандырды. Ал тасмабыздын көркү болуп жатат десем жаңылышпайм. Ахилести тартып бүтүп ага жакындайын деп жатканда аркамда турган азоо ат тээп жиберди. Эки күн ооруканада болдум, анан корсет кийип алып тасма талаасына келдим. Мыкты тартуу үчүн каражатты жакшы сарптадык. Каражатыбызды камсыз кылган менин досум, тасманын продюсери Нурбек Айбашов. Акча жетпей калып банктан насыя алууга туура келди. Бирок тасманын сапаты үчүн аракет кылып жатабыз. Буюрса, тасманы жакын арада кинотеатрлардан көрүп каласыздар.

star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Eliza83
2018-06-12 10:17:33
Ийгилик!
+5
Aikan1966
2018-06-12 11:26:32
Жакшы болуп кет,ишине ийгилик
+2
simone
2018-06-12 13:24:06
Менинда акем тартылып жатат, ураа! Адилет Акматов, Алга!
0
Shahrizaada
2018-06-12 14:50:45
Акчасын эле айта беришет кино тарткандар.Коро келгенде озбектердин эн начар клибинеда тен келбейт. Сапатын ондогулачы киночулар сапатын!
-4
newman
2018-06-12 16:04:52
Shahrizaada,
Сен Акундун кинолорун көрө элек окшойсуң. Же өзбек клиптен кол бошобой атабы?
+6
Shahrizaada
2018-06-13 03:02:24
newman,мен жалпылап айттым!!!Тушунугундон сенин!
+2
aman0296
2018-06-12 17:50:02
Shahrizaada,жакшы кино тартат бул адам! 2 киносу тен сынактарды утуп келген!!
+2
Aima94
2018-06-12 23:29:03
Shahrizaada,Сапаты өтө мыкты. Апамды издеп деген кинону көрсөнүз
+2
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан