ТООДО ЖАНА ТОКОЙДО ӨЗҮҢДҮ АЛЫП ЖҮРҮҮНҮ ҮЙРӨН

Ураа, каникул! Жайкы каникулда баарыбыз эле тоого, токойго чыгып эс алганды жактырабыз. Эс алганы жөнөөрдө бул эрежелерди билүү зарыл.


1.
Чиркей, кенелердин чагып алуусунан коргон. Биринчи кезекте буту-колду жапкан кийимдерди, бут кийимдерди кий. Алар: шым, жеңи узун көйнөк, баш кийим, кеда, кроссовка. Ал эми майка, илме тапичке, топик сыяктуу ачык кийимдер, бут кийимдер жарабайт. Сактык үчүн жаныңа курт-кумурскалар чакканда сүйкөөчү спрей, кремдерди алып алганың оң.





2.
Тоого же токойго бара жатканыңды, кайсы тарапка жөнөгөнүңдү сөзсүз үйдөгүлөргө кабарла. Бул эң негизги эреже. Эгер кечиксең ата-энең сени кайдан издөөнү билүүсү керек.






3.
Кокусунан адашып калсаң, токто да, эс ал. Андан соң этияттап бакка чыгып, кайсы тараптан келгениңди эсте. Бакка бийик чыгуудан абайла, жыгылып кетүү коркунучу бар. Эми жардам сурап кыйкыр. Эгер эч ким жооп бербесе, ошол ордуңда тур. Сени баары бир издеп келишет.




4.
Эч качан ширеңке жакпа. Өзгөчө кургак чөптүү жерлерде, шамал жүрүп турганда. Кокусунан от жаксаң анда өчүрүүнү унутпа, суу же топурак чачып чокту сөзсүз өчүр.




  • 5.
    Куштардын уяларын, кумурскалардын уюгун бузба, өлтүрбө.
  • Жаныбарлардын балдарын үйүңө көтөрүп кетпе.
  • Гүлдөрдү жөнү жок үзбө, бутактарды сындырба.
  • Өзүңө тааныш эмес мөмөлөрдү жебе.





6
. Таштанды таштаба, айнек идиштерди сындырба. Өзүң менен ала кетип, таштанды төгүүчү челекке ташта.


Дамира Арстанова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Hurem
2018-06-12 14:52:01
Эн сонун кенештер. Рахмат
0
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан