Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун башталарына саналуу күндөр гана калды. Эске салсак, оюндар 14-июндан 15-июль аралыгында Орусиянын 11 шаарында өтөт. Дүйнө жүзүнүн бардык бурчунан футбол күйөрмандары Орусияга келип баштады. Ал эми бул мелдешке катыша турган 32 курама команда акыркы даярдыктарды көрүп, жолдоштук беттештерди өткөрүшүүдө. Алгачкылардан болуп Орусияга Иран курама командасы келип жайгашты. Калгандары жакынкы күндөрү келип башташат. Дүйнө чемпиондугу 14-июнда Орусия-Сауд Арабия оюну менен старт алат. Оюндардын толук тизмеси жана жалпы оюндар жүгүртмөсү гезиттин кийинки санында жарык көрөт.