Азамат Болгонбаев, төкмө акын: «АПАМ КӨРГӨН ТУРМУШТУ, АПАМ ТАРТКАН ТҮЙШҮКТҮ АЗЫРКЫЛАР КӨТӨРӨ АЛБАСА КЕРЕК»

Апаларга кандай сөз арнабайлы, кандай белек бербейли баары бир жетишсиз. Төкмө акын Азамат Болгонбаев кандай байге утпасын апасына алып барарын айтат. Ал апасынын жаштайынан оор түйшүк тартып, сыртта эркектин, үйдө аялдын ишин кылганы тууралуу баяндап, “Апам жапкан нанды сагынам” рубрикасынын коногу болду.

“АПАМ АРКЫЛУУ ӨНӨР АДАМЫ БОЛДУМ”
– Кандай коом, кандай мамлекет болбосун ар бир адам үчүн эненин орду ыйык, бийик. Ошол эле менин өмүрүмө дагы, өнөрүмө дагы өрнөк түзгөн адамдардын бири менин апам. Тарбиялык жактан дагы, ген жактан дагы апам аркылуу төкмөлүккө бет алдым. Ал 1961-жылы Көлдөгү Темир деген айылда туулган. Анын кесиби башка экенине карабай өнөргө үй-бүлөсү менен жакын болушкан. Таятам Насыр Орунбаев чарбачылык менен алектенсе да, жамакчылык өнөрү бар экен. Апам Көлдөн Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылына турмушка чыккан. Атам менен 1-2 жолу кезигишип сүйлөшүптүр. Атамдын бир досу милиция кызматкери болуп иштечү экен. Ал башка 2-3 досуна да милиция кызматкеринин кийимин кийгизип, анан апамды ала качышыптыр. “Милиция чакыртам” десе, “мына биз милициябыз” деп айтканга оңой дешсе керек.

“ТҮЙШҮКТҮН БААРЫ АПАМДЫН МОЮНУНДА ЭЛЕ”
– Мен мектепке 1990-жылы баргам. Ал жылдар баланы ийримге берүү эмес, жалпы коомчулук өз айласын таппай турган мезгил болчу. Эсимде, комуздан берген агайга 25 рубль берип, ал борбордон мага комуз сатып келген.
Атам Ооган согушуна барып келип, 22 жашында үйлөнүп, 24 жашында майыптыкка чыккан. Согушта жүргөндө бөйрөгүнө суук тийиптир. Азыр гемодиализге барып канын тазалатып жатышпайбы, атам да ошондойго муктаж эле. Бирок ал аппараттын тартыштыгына байланыштуу күнүмдүк тамагын мүнөздөп жеп, дары ичүүгө туура келген. Атамдын ооруга чалдыгып, жумушка жараксыз болушу апамдын түйшүктөрүнүн бири эле. Сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын ишин кылчу. Анан да атам көзү өткүчө мүнөздөп тамак ичти. Дарыгерлер учурунда атамды көпкө жашабайт деп айтышкан экен. Бирок апам мээрими, сүйүүсү менен 49 жашка чыгарды. Бөйрөгү иштебей калган киши гормоналдык дарыларды ичип, анын айынан кан тамырлары ичкерип кетет экен. Каза болорго жакын атамдын бир буту жараксыз болуп, аны кестиргенбиз. Апам ошол түйшүктүн баарын көтөрдү.

“КАТААЛ КАЙНЕНЕНИН ДА ТИЛИН ТАПТЫ”
– Атам согушту көрүп калгангабы, үчөөбүздү тең уруп койчу. Апам урчу эмес, бирок бизди шамшаркыт көчөгө бастырып, дискотекага жиберген жок.
6-7-класс окуп жүргөнүмдө классташым экөөбүз велосипед уурдап, аймактык тескөөчү кармап алды. Уурдаткан киши арыз жазыптыр. Өспүрүм куракта мени сарайга барып асынып албасын дештиби, атам, апам экөө тең урушкан жок. Апам “почточу мамлекеттик кызматкер, сен мамлекеттин мүлкүнө кол салдың” деди. Ошондон жарым жыл өткөндөн кийин таңкы саат бештерде бир аксакал мени үйгө издеп келиптир. Мени бирдеме кылды деп ойлошту окшойт, баары коркуп кетишти. Ал устатым Абдылашым деген комузчу экен. Апам ошондо абдан сүйүнгөн. Айына 300 рублдан алып ошол агайдан окудум. Ал Эл аралык уюм каржылаган долбоор экен.
Чынында апам көргөн турмушту, апам тарткан түйшүктү азыркылар көтөрө албаса керек. Арашандын жогору жагында Кара-Кыя деген жер бар. Атам кара жумуш жасай албагандыктан апам ошол жерге барып чөп чаап келчү. 24-25 жаштагы келиндин тоонун бооруна барып чөп чаап жатканын элестетсеңиз. Чөптү дагы чаап, мал да багып, шаарда дүкөндө иштеп, балдарын да карап, баарына жетишчү.
Арашанда айтачыңгыш деген уруу бар, чоң энем ошол уруунун кызы. “Айтанын кыздары катаал” деп коюшат. Айтанын кызына чыдап, тилин таап, катаал кайнененин ар бир кылыгын көтөрдү. Апам кайнененин колундагы келин болчу, чоң энемдин каза болгонуна 7-8 эле жыл болду.

“ПОЕЗДДЕГИ СООДАГЕРЛЕРДИ КӨРҮП ЖҮРӨГҮМ ООРУДУ”
– Апам дагы башкалар сыяктуу эгемендик алган жылдары соода-сатык менен алектенип, Орусияга каттады. 2 сумка менен товар алып барат, кайра бул жакка товар алып келет. Түндө атам экөөбүз тосуп алчубуз. Жолдон сумкаларын полиция алып калып, акча тапкандын ордуна карызга батып калган учурлары да болду. Бул иши менен 1997-жылдан 2004-жылга чейин каттады. Ошол жылдары мен айтышка аралашып калган элем. 2004-жылы Абдылда байке, Аалы үчөөбүз Казакстанга айтышка барып калдык. Биринчи жолу ошондо поездге түшүп, соодагерлердин жашоосун өз көзүм менен көрдүм. Аларды “коён” деп коюшат экен, атайын орундукка деле отурушпайт, кайсы жерде бош орун болсо отура калышат, жата калышат дегендей. Аларды көрүп жүрөгүм ооруду, канады. Анткени мен алардын арасынан апамды көрүп турдум. Ошол айтыштан келерим менен апамдан “бул ишти таштаңыз” деп өтүндүм. Апам ошентип ал жумушун таштады. Менин да ишим жүрүшүп, акча таба баштадым. Ошентип биздин үйдүн жоопкерчилигин өзүмө алдым.

“АПАМ ЖАМБАШЫН СЫНДЫРЫП АЛЫП, АЗЫР ТӨШӨКТӨ”
– Атамдын карындашы айтып калат. Апам кичүү инимди төрөөрдө эжем үйгө келсе тезек жыйып жатыптыр. Кечинде эле “жеңең төрөдү” деп эжеме сүйүнчү барып калат. Апам жумуш жасап жүрүп төрөп, ооруканадан чыгып келип, кайра эле жумушка кирчү экен азыр ойлосом. Ошол нерсе аялзатынын ден соолугуна өтө зыян экен. Апам ошондой иш-аракетинин зыянын азыр тартып жатат. Өткөн февраль айында тепкичтен түшүп бара жатып эле түз жерден жамбашын сындырып алды. Төрөт учурунда сөөктөр ажырайт деп коёт эмеспи. Апам төрөп келгенден кийин калыбына келе электе жумушка кирип, сөөктөрү жылышкан боюнча калган окшойт. Азыр төшөктө, кичинеден кыймылдап калды.
Апам баарыбызды жайыбызга койду. “Мындай кылбайсың, мен айткандай болот” деп оюн таңуулабайт. Бир жолу апама “апа, мен бир турмуш көргөн кыз алам” дедим. Ага да каршы болгон жок. Бирок ал кыз менен мамилем үй-бүлө курууга жеткен жок. Азыр апамдын 2 кыз, 1 уул небереси бар. Азыр иним менен чогуу турат, бирок кошунабыз. Эртең менен жумушка кетип жатып да, жумуштан келгенде да апама жолугам, ден соолугун сурайм.

«Апам аркылуу төкмөлүккө бет алдым».
«Ата-энем жана атамдын карындаштары менен. 1 жаш курагым».


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Азамат Болгонбоев: "Төкмөлүк өнөр тай жагымдан өткөн деп билем"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nanei
2018-06-19 11:06:17
Апаныз сакайып кетсин,бактылуу болунуз!!!
+12
Busi06
2018-06-19 17:49:28
Апаныз омурлуу болсун эртереек сакайып каарылыктын бактылуу кунун коруп журоберсин ылайым, ото соонун маек болуптур, менин апам да куддум ушундай кундорду башынан откорду азыр Кудайга шугур денсоолугу жакшы мандайыбызда
+5
Nevestkaa
2018-06-19 20:50:39
Апаңызга узак өмүр каалайм,бирок азыркы келиндер дегениңер барбы силердин.Азыр кайсы келин жыргап жашайт айткылачы,айылда баарыбыз эле саратанда талаада иштейбиз балдардын түйшүгү бар эрлерибиз ордубуздан жылдырбай оозубузга тыгып баккан жок турмуш арабасын кошо тартышып жүрөбүз .Кырг.боюнча бүтүн семья жок болсо керек азыр же балдары чет жакта же ата энеси .
+18
bermet104
2018-06-22 18:32:00
Nevestkaa,сөзүңүзгө кошулам. Мурун кандай кыйын болсо, азыр деле кээ бир келиндерге ошондой эле кыйын. Шаарда жашагандар шарт түзүп, талаа, мал багуудан алыс. Айыл жеринде түйүшүктүн көбү эле келиндерге түшкөн чынын айтканда
+4
Birimdik5555
2018-06-21 23:26:26
Апаныз сакайып кетсин ылайым
+2
№ 815, 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан