ТYШТYК КОРЕЯГА ОКУУГА ТАПШЫРУУ ЖАНА ДАРЫЛАНЫП КЕЛҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

"Өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системин көрүп, ал жерден билим алып, тил үйрөнүп, ошол билгендеримди өлкөгө барып пайдаланып, Кыргыз жеринин өнүгүүсүнө салым кошом" деп жүргөн жаштар көп. Андыктан Түштүк Кореяда билим алуу жана дарылануу үчүн эмнелер керек деген суроолорго жооп издедик.

ТҮШТҮК КОРЕЯДА ОКУУ

Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Корея билим берүү борборунун KGSP деп аталган программасы аркылуу жыл сайын аталган өлкөгө окууга жарандар жөнөтүлөт. Борбордун кызматкери Мээрим Саматованын айтымында, бул жылы магистратура жана докторантурада билим алуу үчүн Кыргыз мамлекетине 6 орун, ал эми бакалаврдык квалификацияга ээ болуу үчүн 2 орун берилген.

"KGSP программасы Кореядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги менен Кореянын билим берүү министрлигинин алдындагы Эл аралык билим берүү институтунун ортосунда 1999-жылдан бери иш алып барат. Ошол жылдан тартып өлкөдөн жыл сайын 5тен 12 кишиге чейин аталган өлкөгө барып, бюджеттик негизде билим алып келүүгө шарт түзөт",- дейт Саматова.

Университет талапкерди 3 баскыч менен кабыл алат. 1-баскыч документ тапшыруу.

ОКУУГА БАРУУ ҮЧҮН ТАЛАПКЕРДЕН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?

1. Анкета

2. Өмүр баяны

3. Окууга планы

4. Рекомендациялык 2 кат

5. Медициналык маалымат (талапкердин мурда кайсы оору менен ооруганы, физикалык абалы, бою, салмагы тууралуу маалыматтар камтылган документ)

6. Окуу жайынан 100 баллдык системдеги баа коюлган баракча

7. Талапкердин жарандыгын аныктаган документ (Кыргызстандын жараны эмес болсо тапшыра албайт)

8. Талапкердин ата-энесинин жарандыгын аныктаган документ (ата-энеси Кореянын жараны болсо тапшыра албайт)

БАКАЛАВРИАТКА ТАПШЫРА ТУРГАН БОЛСО орто билими тууралуу аттестат;

МАГИСТРАТУРАГА ТАПШЫРА ТУРГАН БОЛСО бакалаврдык квалификациясы боюнча диплом;

ДОКТОРАНТУРАГА ТАПШЫРА ТУРГАН БОЛСО магистратураны бүткөндүгү боюнча диплом.

Талаптагы документтер топтолуп берилгенден кийин борборго маектешүүгө чакырылат.

Маектешүүдөн өтсө:

1. Жалпы жарандык паспорт;

2. Медициналык аныктама алып келет.

Андан соң кабыл алуунун 2-баскычына өтөт.

Анда талапкердин документтерин, маектешүүнүн жыйынтыгын Корея Республикасынын алдындагы Эл аралык билим берүү институту карап чыгат. Андан өтсө, талапкердин документтери Кореядагы анын багытына тиешелүү болгон университетке жөнөтүлөт.

3-баскыч:

3-этапта университетте түзүлгөн комиссия талапкердин документтерин карап чыгып, онлайн түрүндө аны менен маектешет. Ошол комиссия курамы кандидатты кабыл алабыз деп чечсе, анда ал окууга чакыртылат.

Толук маалыматты www.edubis.kg сайтынан таба аласыздар. Борбордун байланыш номери: 0312 304607.



ТИЛ БИЛГЕНДИГИ БОЮНЧА СЕРТИФИКАТ, ТҮРДҮҮ БАГЫТТАГЫ СЫЙЛЫКТАР МААНИГЕ ЭЭ БОЛО АЛАБЫ?

• Корей, англис тилин билгендиги тууралуу сертификаттары, гезит-журналдарга жарыяланган илимий макалалары, сыйлыктары болсо артыкчылыктар берилет.



ТҮШТҮК КОРЕЯДА КЕЛИШИМДИК НЕГИЗДЕ БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН КАНЧА КАРАЖАТ КЕРЕКТЕЛЕТ?

Түштүк Кореяда билим алууну каалагандар жеке каражаты менен да барса болот. Ал үчүн толук маалыматтарды элчилик, Кыргызстандагы университеттердин тышкы байланыш бөлүмдөрү аркылуу топтосо болот.

Университеттердин келишим баалары менчик, улуттук, мамлекеттик экенине жараша 2 миң доллардан тартып 8-9 миң долларга чейин жетет.


ТҮШТҮК КОРЕЯДА ДАРЫЛАНУУ

Кореядагы саламаттыкты сактоо системи жана ал жакка барып дарылануунун жол-жобосу тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Осмон Масалиев айтып берди.

– Түштүк Корея менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында келишим барбы?

– Корея өлкөсү менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу тууралуу меморандум 2016-жылы түзүлгөн. Анын алкагында 2 өлкө ортосунда дарыгерлердин тажрыйбасын арттыруу, жаңы жоболорду, ыкмаларды колдонуу, медициналык илимий иш-чараларга катышуу жана башка көптөгөн пункттар бар.

– Эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармактарында кандай айырмачылыктар бар?

– Корея Республикасындагы саламаттыкты сактоо системи Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системинен таптакыр башкача өңүттө иш алып барат. Ал жакта оорукана, бейтапканалардын 99 пайызы камсыздандыруу компанияларына өткөн. Өкмөттүн карамагында бир дагы медициналык мекеме жок.

– Корея өкмөтү Кыргыз жарандарына дарылануу үчүн гранттык квота караганбы? Ага кантип кабыл алынса болот?

– Жок, Корея өкмөтү башка өлкөнүн жарандарын өкмөт тарабынан дарылай албайт. Аларда мамлекеттин казынасынан кайсы бир оорукананын дары-дармеги, курулушу, оңдоп-түзөөсү үчүн каражат каралбайт. Маселен, бизде эл медициналык кызмат көрсөтүү акысыз, бюджеттик негизде жүргүзүлүш керек, анткени мен анын жаранымын деп түшүнөт. Бул туура эмес. Корея Республикасы бул түшүнүктөн арылган, ар бир жаранга милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна төлөмдөрдү үзгүлтүксүз төлөө жакшы жайылган. Анын негизинде ооруканалар каржыланат, жарандарга акысыз түрдө, эң жогорку деңгээлде дарылануу жүргүзүлөт. Ким медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөсө, ал медициналык кызмат үчүн акы төлөйт. Буга байланыштуу Корея башка өлкөлөрдүн жарандарына акысыз дарыланууга квота бере алышпайт. Анткени аларда мамлекеттик ооруканалар жок.

– Өз каражатым менен дарыланып келсем болобу?

– Түштүк Кореяда дарыланып келүү үчүн өз каражаты менен кетсе болот. Бейтап Кыргыз жеринде текшерүүдөн өткөн оорукананын дарыгери анын оорусу тууралуу аныктама жазып бергенден кийин бизге, министрликке келсе Кореядагы бейтапканалар тууралуу маалыматтарды бере алабыз.

– Өз каражаты менен дарыланып келүү арзан болбосо керек?

– Албетте, арзанга түшпөйт. Бейтаптын оорусуна, дарылануу процедураларына ылайык акчасы чечилет. Алардын клиникаларынын медициналык кызмат көрсөтүүсү биздин жөнөкөй жарандардын капчыгы үчүн арзан эмес, жол акысы да бар. Орто эсеп менен 10 миң доллардан жогору болгон акча кетип калышы мүмкүн.

Эки өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосунда жарандарды акысыз дарылоо каралбаганы менен, Кыргызстандагы улуттук “Кызыл Ай коому” аталган өлкөдөгү медициналык борборлордун бири менен келишим түзүп, анын негизинде өлкөдөгү жүрөк кемтигинен, жүрөк ооруларынан жабыркаган балдарга операция жасатып келет. Коомдун маалымат катчысы Бегимай Асанованын айтымында, мындай долбоор 2010-жылдан бери иштейт.

– Долбоорго балдар кандай негизде тандалат?

– Балдардын оорусун, жашын жана негизинен анын үй-бүлөсүнүн абалын Корея тарап карап чыгып, жылына 5 же 6 баланы кабыл алат. Эң башкысы, баласына операция жасатууга каражаты жок үй-бүлөлөр тандалып алынат. Бул жылга карата Корея канча балага операция жасай турганы айтыла элек, учурда биз алардын билдирүүсүн күтүп жатабыз.

– Буга чейин канча балага операция жасалды жана алардын абалы кандай?

– 2010-жылдан бери Кореядагы медициналык борбор жүрөк кемтиги менен төрөлгөн 41 балага операция жасады. Анын баары ийгиликтүү өтүп, балдардын баарынын абалы жакшы.

– Долбоор аркылуу дарылатуу үчүн жаран эмне кылыш керек?

– Кыргызстандагы улуттук “Кызыл Ай коомуна” оорусунун аныктамасы, документтери менен кайрылыш керек. Коомдун, Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим-изилдөө институтунун өкүлдөрү бардык жагдайларды карап чыгып, Корея тарапка сунуш киргизет.

Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институту Түштүк Кореяга алып барып операция жасатуу үчүн Корея тарап ар бир балага 30 миң доллардын тегерегинде каражат которуларын билдиришти. Алардын айтымында, Корея тарап менен сүйлөшүп, Кыргыз жергесинде эле ошол операцияны жүргүзүү жолдору сүйлөшүлгөн. Мындай сунуш кабыл алынса Кореядан дарыгерлер келип, Кыргыз өлкөсүндө эле операция жасалат.


Кызжибек Раимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 815, 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан