САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

СЕЛДЕ 2 ЖАШАР КЫЗ КӨЗ ЖУМДУ

Өткөн аптанын соңку күндөрүнөн баштап ушул күнгө чейин өлкөнүн түштүк облустарында катуу жааган жамгырдын айынан көптөгөн айылдарда кыян жүрдү. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 3-5-июнь күндөрү сел жүрүп, анын зыяны 11 миллион сомдун тегерегинде бааланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, сел 1100 турак үйгө зыян келтирди. Сузак районунун Кызыл-Туу, Кызыл-Көл жана Көк-Арт айылдарына министрликтин куткаруучулары барып, жергиликтүү эл менен 400гө жакын үйдү ылай суудан тазалап чыгышты.
Ал эми 9-июнга караган түнү нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланып, Аксы районуна караштуу Сыны айылынын тургуну Тойчубек Садыровдун үйүн жууп кеткен. Суу эки кызын кошо агызып, 2 жашар Гулира аттуу кыз көз жумган. Төрт жаштагы кызын куткарып алганы менен, ал оор абалда ооруканада.
Ош облусунда селдин айынан болгон жалпы зыяндын көлөмү 102,5 миллион сомду түздү. Анын ичинде эң көп Араван району, ал эми азыраак Кара-Суу менен Алай райондору жапа чегишти.
9-июнда Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева иш сапары менен келген Орусия президентинин атайын өкүлү Владимир Рушайло менен аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуровду кабыл алды. Бул жолугушууда Р.Отунбаева Орусиядан селден жабыркаган айылдарга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды.


БАКИЕВДИН “БАШЫ” 100 МИҢ ДОЛЛАРГА БААЛАНДЫ

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Бакеевдин айтымында, Курманбек Бакиевдин жайгашкан жери тууралуу маалымат бергендерге бийлик 100 миң доллар берет. Ошондой эле бул тизменин катарына экс-президенттин бир туугандары Жаныш, Акмат, Каныбек, уулдары Марат менен Максим Бакиевдер жана Данияр Үсөнов, Алексей Ширшов жана Евгений Гуревич кошулду.
Ал эми УКМКнын экс-жетекчиси Мурат Суталинов кайда экендигин айтып бергендер 50 миң доллар менен сыйланышса, Нурлан менен Курманбек Темирбаевдердин “башы” 20 миң долларга бааланды.


ЖАШТАР КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯ ӨТКӨРҮШТҮ

Социалдык программалар менен иш алып бара баштаган коомдук биримдик жаштарды коомдук иш-чарага тартуу үчүн кайрымдуулук акция өткөрдү. Беловодск айылындагы психоневрологиялык жаш балдар жатак-үйүнүн 80 тарбиялануучусу жана мектепке чейинки жетим балдар үйүнүн 30 тургуну борбор шаардагы аянтта акциянын катышуучулары менен сейилдешти. Андан кийин алар кинотеатрга барышып, мультфильм көрүштү. Коомдук биримдиктин төрагасы Эльдар Супатаев мындай иш-чаралар дагы улантыларын айтып, калкты социалдык-экономикалык маселелерди чогуу чечүүгө чакырат.


“МАТРЁШКАНЫН” ЧЫНЫГЫ ЭЭСИ ТАБЫЛДЫБЫ?

Өмүрбек Текебаевге байланыштуу белгилүү болгон “матрёшкагейт” иши боюнча бир канча киши кармалгандыгын, анын арасында милиция кызматкерлери да бар экендигин Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шер билдирди. Анын айтымында, тергөө иштери аякталып, жакында бардык материалдар сотко өткөрүлүп берилет. “Бул кутумчулукту уюштурууда Жаныбек Бакиевдин тиешеси бар экендиги иликтөө учурунда аныкталды”,- дейт Болот Шер.
Маалымат үчүн: 2006-жылы күзүндө “Ата Мекен” партиясынын лидери жана ошол мезгилде депутат болуп турган Өмүрбек Текебаев Польшанын аэропортунда кармалган. Анын жүгүнөн героин салынган матрёшка табылган. Оппозиция жана парламенттин өкүлдөрү “буга УКМКнын тиешеси бар” деп күнөөлөп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Бусурманкул Табалдиев кызматынан кеткен. Бул операцияны уюштуруучулардын “кара тизмесинде” Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев да бар болчу.


АДАХАН МАДУМАРОВ ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров айрым жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) сотко берүүгө ниеттенүүдө. Анын айтымында, 2-июнда болуп өткөн партиянын жыйыны жөнүндө туура эмес маалымат таркатылган. Ошондой эле А.Мадумаров бир катар ЖМКнын өкүлдөрү жыйынга келгенине карабастан, аны чагылдырышпаганын билдирди. Ал эми ал жыйында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына “Комсомол” менен “Ата жолу” партиялары кошулгандыгы тууралуу чечим чыгарылган.


БАШ МЫЙЗАМГА АЛЬТЕРНАТИВДИК ВАРИАНТ СУНУШТАЛУУДА

Жаңы түзүлгөн “Эркин тандоо үчүн” уюму эки аптадан кийин өтүүчү референдумда Конституциянын альтернативдүү вариантын көрсөтүү зарылдыгын айтууда. Бул тууралуу Токтайым Үмөталиева: “Биз иштеп чыккан Баш мыйзам Конституциялык кеңеш түзгөн документке 99 пайызга окшош жана президенттин бийлиги кеңейтилген”,- деп билдирди.
Ушундай эле ой-пикирди билдирген Мирослав ­Ни­язов: “Кыргызстандын башында күчтүү лидери бар президенттик башкаруу болушу керек, себеби өлкө парламенттик башкарууга даяр эмес”,- дейт.
Ал эми “Таза табигат” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Анара Дауталиеванын айтымында, жогоруда айтылган альтернативдүү вариантты алып чыгууга мүмкүн эмес. “Техникалык жактан алганда деле, ага убакыт тар”,- дейт ал.


ЭДИЛ БАЙСАЛОВ “ЧОҢ КАЗАТКА” АТТАНАТ

7-апрелден кийин кайтып келген Убактылуу өкмөттүн төрайымынын аппарат жетекчиси Эдил Байсалов кызматынан кетти. Ал муну парламенттик шайлоого өзүнчө саясий күч менен бара тургандыгы менен түшүндүрдү. Убактылуу өкмөттүн курамында эки айдан бери иштеген Эдил Байсалов маалымат жыйынында кадрдык саясатта эч кандай өзгөрүү жоктугун билдирди. “Жер-жерлерде жаңы кишилер дайындалса жакшы болмок, бирок Убактылуу өкмөт мурункудай эле билими жана тажрыйбасы жокторду коюп жатат”,- дейт ал. Эдил Байсаловдун айтымында, партиясынын аталышы “Айкөл эл” болот.


МАНАС-КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ. ЖАРАШАБЫ?

“Коргоо партиясынын” лидери Акбаралы Айтикеев Кыргыз Республикасынын аталышын өзгөртүп, Манас-Кыргыз Республикасы деп атоо сунушун айтып чыкты. Акбаралы Айтикеев 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкер иретинде катышкан. 2009-жылкы президенттик шайлоого да катышууга даярданып жүрүп, кийин БШК каттабай койгондуктан, бул кадамынан баш тартууга туура келген. Эми кезектеги шайлоолорго катышууга белсенип жүрөт.
Маалымат үчүн: Акбаралы Айтикеев 1958-жылы 9-мартта туулган. 1993-жылдан баштап ушул күнгө чейин КРнын Өнөр жай кызматкерлери жана ишкерлер союзунун президентинин милдетин аткарып келет. “АзияУниверсалБанк” мамлекеттин эсебине өттү
Убактылуу өкмөт өзүнүн декрети менен “АзияУниверсалБанк” АККсын улутташтыруу чечимин кабыл алды. Бул жагдай банктык жана төлөө системасынын туруктуулугун сактоо, кредиторлордун жана акча сактоочулардын кызыкчылыгы үчүн ишке ашырылган. Эгерде “АзияУниверсалБанк” ААКсы каржы жактан колдоого муктаж болсо, тийиштүү мыйзамдын чегинде Улуттук банк ага колдоо көрсөтөт.
Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева 9-июнда Жайыл районунун тургундары менен жолугушууда дагы 30га жакын объект мамлекеттин эсебине өтөрүн билдирди.


ОШТО ЖЕР ТИТИРЕДИ

10-июнда саат 12:38де Алай районунун Сары-Таш айылында 5,6 баллга жеткен зилзала катталды. Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматовдун айтымында, жер титирөө Ош жана Жалал-Абад шаарларында да 3-4 баллдын тегерегин түзгөн. “Азырынча маалымат дагы такталууда”,-дейт ал. Ал эми жер титирөөнүн очогу Кытайдын Синцзян-Уйгур автономдук округ экендиги такталган.


ВИЗАСЫ ЖОК РЕЖИМГЕ ӨТӨБҮЗБҮ?

Либералдуу жаштардын клубу жана Эркин рынок боюнча Борбор Азиялык институт Убактылуу өкмөткө дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү менен визасы жок каттоо режимин киргизүү зарылдыгын билдиришти. Демилгени көтөрүп чыккандардын маалыматы боюнча, адатта туристтердин 40 пайызы визасы жок режими бар өлкөлөрдө эс алууну тандашат. “Эгерде ушундай режимге өтсөк, оор мезгилди башынан өткөрүп жаткан өлкөбүз туристтердин эсебинен жакшы пайда тапмак”,- дешет алар.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан