Максат Тасмаев, актёр, куудул: “ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТА ЖҮРҮП “ФИГУРАМДЫ" ЭЛГЕ ТААНЫТТЫМ”

– Кандайсыз, Максат мырза? Бир учурда “Орок-Балка” тобу “Мык” деген тамашаңыздар менен эл оозуна алындыңыздар эле. Соңку жылдары өнөктөшүңүз Айылчы Орозалиев менен чогуу көрбөй калдык.

– “Орок-Балка” тобунун жигиттери 3-4 жылдай чогуу иштедик. Ал убакта бойдок болчубуз. Үйлөнүп, үйлүү-жайлуу болуп, ар кимибиз турмуш арабабызды ар жакка тартып кеттик. Шеригим "тойчу" болуп кетти. Мен болсо киного тартылып, концерттерге катышып, чыгармачылык менен жүрөм. Башында ким концерт берсе эле “Орок-Балка” деп бизди чакырып “дежурный” болуп жүрүп көңүлүм калган экен, азыр “дежурный” болгум келбей, көп чакыруулардан баш тартып калдым.

– Шеригиңиз сыяктуу сиз дагы “тойчу” болгон жоксузбу?

– Тар чөйрөдө тамадалык кылып коё берем. Тааныштарга. Өтө эле өзүмдү жарнама кылып “мен тамадамын” деп “атыла” бербейм.

– Үй-бүлөңүз, балдарыңыз тууралуу айтып өтпөйсүзбү.

– Көлдүн күйөө баласымын. Келинчегим балдарды карап үйдө. Чоң уулум 9-классты, кызым 7-классты бүттү. Кичинекейим 4 жашка чыгат.

– Үйдө кандай кожоюн, атасыз?

– Берекелүү кожоюнмун. “Бүгүн болбосо, эртең болот” дейм. Балдарымды кемчиликсиз, элден калтырбай чоңойтуп келе жатам.

– Сиздин үйдө казан-аяк деле кагышпаса керек?

– Казан-аяк кагышпайт, себеби келинчегим түшүнүктүү. Казанды өзү эле калдыратат, мени кактырбайт.

– Кыргыз актёрлорунун эмгек акысы башка өлкөлөргө салыштырмалуу аз. Үй-бүлө багуу үчүн башка каражат булактарыңыз барбы?

– Кудай ырыскыны ар бир адамга берген да. Болгонуна топук кылыш керек. Акчанын, саясаттын артынан сая түшкөндөрдү жактырбайм. Элдин артында эмес, алдында эмес, ортосунда жүргөнүмө сүйүнөм.

– Азыр элдин көбү соода-сатыкка өтүп кетпедиби. Сиз да байкап көрдүңүзбү?

– Ага деле талант, өнөр керек тура. Же “аферист” болуш керек экен, же нары чапкылап, бери чапкылаш керек экен. Шуулдак болуш керек. Болпоюп турсаң “кел, брат, муну алып келип берем” деп акчаңды алып, ошол бойдон көздөн кайым болсо, башыңды чайкап кала бересиң да (күлүп). Студент кезимде “Ош базарына” 1-2 жолу чыгып чай, тамеки сатып көрдүм. Ал кезде бойдокмун, күнүмдүк тапкан акча менен кара курсакты тойгузуп жүрдүм. Анан чыгармачылыкка өтүп кеттим.

– Кинодогу, сахнадагы Максат менен жашоодогу Максаттын айырмасы барбы?

– Жашоодо кандай болсом кинодо, сахнада деле ошондоймун. Тасмага тартылсам деле жасалмалуулугу жок кандай сүйлөсөм ошондой сүйлөп, кандай бассам ошондой басам. Көргөндөр “кинодогудай эле экенсиз” дей беришет.

– Тамашаларыңызга эл күлбөй калган учурлар болобу?

– Болгон. Номер ушундай болчу деген сыяктуу аягына чейин аткарып, анан жүгүнүп туруп сахнанын артына кирип кетесиң да андайда. Анан балдар “өтпөй калдың, атылып кеттиң” дейт. “Бүгүн бул жерден атылдым, эртең ары жактан атып алам” дейсиң.

– Импровизация сизде күчтүү окшойт.

– Шүгүр. Былтыр бир тасмага тартылып жүрөбүз. Тартуучулар чоң үйдү ижарага алышыптыр. Тартуу учурунда үйдүн ээсинин ити үрө берет десең. Өзү да чоң алабай ит. Темир торго камап койгон. Турса аюудай, жанына барыштан коркобуз. Аны же алдай албайбыз, эт эле жейт экен. Анан режиссёрго “итти да тартып койгула” деп айттым. Себеби ар бир кадрда эле иттин үнү. Тасмада уулума “акырын сүйлө, итти ойготосуң” деген жерим бар, ошол жерин мен импровизация кылып жибергем.

– Тасмага тартылып жатып кээде өзүңүз да режиссёр болгуңуз келип кетпейби?

– Бул эми планымда илгертеден эле келе жатат. Каражат, демөөрчү, аракет дейт, бирок бул сааты чыкмайынча болбой турган нерсе экен да. Бирөөлөргө “демөөрчү болуңуз” деп 1-2 жолу тийишип көргөм. Дүнүйөнүн артынан кубалаган кишилер чыгармачылык жөнүндө ойлонбойт. “Канча акча чыгат? Канча айда акчамды кайра чыгарып алам?” дегенинен көңүлүм калган. Андан көрө убактысы келгенде өзүбүз эле тартабыз.

– Кайсы жакта жашап жатасыз?

– Бишкекте, Ошто. Мен улуу муунга кире албай, же кичүү муунга кире албай ортодо жалгызсырап калган учурларым болду. “Мык” менен чыгып жүргөн кезде же чоңдор кошпойт, же жаш балдарга өзүм барып кошула албайм. Ортодо жүрүп, акыры жаш балдарга кошулдум. Буюрса, жакында “Бешилик”, “Беш-Тапан”, “Орок-Балка” тобундагы жигиттер чогуу-чаран “Жыргализм” деген концерт коюп, элди жыргалга бөлөйлү деп жатабыз. Эл деле саясатка ооп кызыктай заман болуп кетпедиби.

– Сакал өстүрүп “стилиңизди” өзгөрткөн экенсиз?

– Жашым 45те. Көчөнү чаңыткан жаш жигит эмеспиз да, балдар чоңоюп, сакал өстүрчү куракка жеттим. Үйдө кичине бакчаны карап, эшикке деле чыккың келбейт. Бош убакта жоролор менен бильярд ойнойбуз. Футбол, волейболго барып калабыз. “Породам” ушундай, салмак көбүрөөк, топ узатып же дарбаза тосуп берип коём.

– Сыртыңыздан караган адамга беймарал, токпейил, майда-чүйдө нерселерди этибарга албаган момун киши көрүнөсүз.

– Атам ыраматылык кенен киши болчу да. Атамды тартып калгам го. Майда-чүйдө нерселерге “койчу” деп кол шилтеп коём. Жөнөкөйлүк – бул менин "фишкам".

– Жоош адамдар жемин жедирип коюшат го көбүнчө...

– “Жооштон жоон чыгат” дейт. Жемимди талашкандарды көмөлөтө эле коём (күлүп). Энесин окутуп дегендей.

– Азыркы саясий кырдаалдарды, өлкөнүн казынасына кол салгандарды көрүп ачууланасызбы?

– Саясатты чакканга убакыт деле жок. Ачуум деле келбейт. Уурдагандарга ошол нерсе өзүнө буюрган. Кусуп бере турган деле күн келер.

– Саясатка кызыкпасаңыз, шайлоого деле барбайт экенсиз да.

– Барбайм деле. Өмүрүмдө бир жолу баргам. Анда да жанагындай "тааныштар" аркылуу.

– Чыгармачылыктан эмне жоготуп, эмне таптыңыз?

– Чыгармачылыкта жүрүп элди таптым, эл мени тапты. Элге бир аз таанылдым. Атымды эле таанытпай, өзүмдү деле тааныттым. “Фигурамды” таанышты, “ушундай бир киши бар экен” дешип. Жоготконум убакыт эле.

– Сизди көчөдөн көрүп, тааныгандар көп элеби?

– Базарда же эл көп жерде жүрсөм “Мык”, “Атаңдын чокусу” деп бири-бирин нукуп жаткандарын байкап калам. Ээрчишип кээ бирлери жаныма чейин чуркап келип карап өтүшөт. Мен көзүмдү ымдап же учурашып коём. Атайын келгенден кийин жөн кетирип койсоң да болбойт, жакшы көз караш калтырып коюш керек да.

– Азыр куудулдар көпчүлүк тамашаларын интернет аркылуу элге жеткирүүгө өтө баштады. Сизчи?

– Башында Одноклассникиге кирип жүрүп жеңеңе кармалып калгандан кийин интернет-минтернет дегендин баары кеткен мээден. Негизи эле социалдык тармактарга такыр кызыкпайм. Кирсең эле бири-бирин алдамай, бири-бирин сөкмөй, ортодо талашмай. Сөз менен согуш. Андан көрө тоо коюнуна барып эс алганым жакшы.

– Эргүү сизге тоо коюнунда келеби?

– Эргүү келет, кайра кетет. Достор “жалкоосуң, диктофонго жазып койбойсуңбу” дешет. Тоо коюнунда ойлоруң бутактап, шактап кетет да. Ошондо диктофонго жаздырып коём. Эртеси күнү башка дүйнөдө ойгоносуң, баягы кыялдар, эргүүлөр учуп кеткен, анан баягы жаздырганымды угуп күлүп-күлүп, “ээ, койчу” деп кайра өчүрүп салам. “Сочный” жерлерин кармап калып, иштеп чыгасың. Эл менен быша турган нерсе да ал.

– Өзүңүздүн куудулдук дареметиңизге кандай баа бересиз?

– 3 деген баа берем. “Туруксуз баа” деп коёт го (күлүп).

– Маегиңизге рахмат. Жашооңуз дайым беш болсун!

«Орок-Балка" тобу 3-4 жыл чогуу иштедик».


Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
jemile
2018-06-19 10:01:55
Мындай сонун интервьюну окуй элек болчум, авторго алкыш
+13
monster_high_98
2018-06-19 11:42:55
Болпоюп деген жери жакты хе хе
+11
dobrajelatel
2018-06-19 11:45:07
Мээм эс алды тим эле укмуш интервью болуптур. Жан дуйносу таза, аруу, жайлоодой жайкалган кен пейил, берекелуу адам менен маектешкен же маегин окуу кандай сонун!
Асхат азаматсын!
+13
din_tomas
2018-06-19 11:58:35
Ушундай инсандардын маегин окуп жыргайсың, эс аласың да, бар болуңуз Мык мырза
+12
bond02
2018-06-19 12:34:32
Супер инфо чыккандан бери эн мыкты маек болсо керек, молодец Макс!
+12
guli.82
2018-06-19 14:21:47
Мен да эс алгандай болдум
+8
Nevestkaa
2018-06-19 20:58:50
Көчөдө достору мн эле сүйлөшкөндөй сүйлөп коюптур го.
+2
sely
2018-06-19 22:34:18
Ой тообо такыр жасалмалуулук жок молодец ушунчалык эс алдым атайын прессага даярдаган созу жок баары башкача айтканда....... ий соз да таппай калдым азамат.
+6
Shahrizaada
2018-06-20 00:24:43
Бул жумада эки кызыктуу, маанилуу, окуганда таасир калтыра турган интервьюлар, бири ушул байке мн болгон маек болсо, бири Азамат Болгонбаевдин маеги болуптур. Мынча минге клип тартам,мынча миндик машинам бар,тигиним бар,мунум бар,мен кыйынмын,мен,мен деген куру кыйкырык интервьюлардан кунчулук ойдо болуптур.
+7
tasnim
2018-06-20 14:14:47
Эн сонун маек,уй булонузго бакыт каалайм!
+3
Same
2018-06-20 14:23:29
Сонун маек болуптур. Биринчи жолу откорбой, аягына чейин башымды которбой окудум
+3
nurru
2018-06-23 12:47:31
Соз жок ото соонун маек
+2
Miru
2018-06-24 14:36:11
Биздин уйдо казан аяк кагышпайт аялым озу калдырата берет дегени жакты
0
№ 815, 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан