ШУГАРИНГ- кант пастасы менен ашыкча түктөн арылуу

Күн ысып баштаганда айымдардын сезондуу “хоббиси” жанданат. Бул – денедеги ашыкча түктөрдөн арылуу. Акыркы кезде шугаринг трендге айланып, буга чейинки көнгөн депиляция, эпиляция, мом менен тазалоо процедураларын басып өттү. Шугаринг тууралуу врач-косметолог Миргүл Каракулова айтып берет.

Кызыктуу

Мекени – Байыркы Египет. Байыркы Персияда денедеги түктөр уят көрүнүш деп саналгандыктан шугаринг абдан популярдуу болгон. 20-кылымдын 80-жылдарынын ортосунан бери бул процедура айымдарды ашыкча түктөрдөн сактап келет.

– Шугарингдин Кыргызстанга келгенине 7-8 жыл болду. Акыркы 2 жылда өтө активдүү болуп баштады. Шугаринг эч кандай химикатты камтыбайт, организмге да пайдалуу жактары бар.

Артыкчылыгы:

  • Түктөр түбү менен жулунат.
  • Натыйжалуу, 1 айга чейин түк чыкпайт.
  • Табигый азык болгон канттан жасалгандыктан аллергия кылбайт.
  • Жасалган жердин кан айлануусун жакшыртат.
  • Коопсуз. Пастанын температурасы 36-38 градус болгондуктан терини күйгүзүп же сезгентип алуу коркунучу жок.
  • Териге кошумча кам көрүү. Шугарингде теринин түлөгөндөрү да кошо чыгат.
  • Өз алдынча жасоого болот.


Кимдерге жана кайсы учурда болбойт?

  • Кант диабети, варикоз оорусу барларга;
  • Тери оорусу менен жабыркагандарга;
  • Терисинде күйүгү, жарасы барларга;
  • Папиллома бар жерлерге;
  • Талма оорусу менен жабыркагандарга;
  • Антибиотик ичип жатканда;
  • Кош бойлууларга (биринчи 3 айында абайлап жасатуу керек);
  • Айыз учурунда;
  • Күнгө катуу күйүп калганда.


Даярдык

  • Ооруга чыдамы жоктор эгер ашказаны оорубаса шугарингден жарым саат мурун ооруну басуучу дары ичип алса болот.
  • Курамында лидокаин (оорутууну басуучу каражат) бар кремдер бар, ошону да колдонушат. Бирок айрымдарда лидокаинге аллергия болушу мүмкүн. Андыктан аллергиясы барларга сунуштабайт элем.
  • Процедурадан бир күн мурун крем, лосьондорду колдонууга болбойт.
  • Алгачкы жолу жасатып жатсаңыз 7-10 күнгө чейин ашыкча түктөрдөн арылбай туруңуз. Түктөрдүн узундугу 8 миллиметрден 1 сантиметрге чейин болушу керек. Болбосо алынбай калат.


Шугарингден соң...

  • Шугаринг жасаган күнү мончого, сауна, бассейнге барууга болбойт.
  • 2 сааттан кийин гана жылуу суу менен чайканса болот.
  • Түлөгөн тери чыгып, теринин бетиндеги майда тешиктер ачылып калгандыктан, шугаринг кылган күнү крем сүйкөгөнгө болбойт.
  • Машыгуучу залды да токтотуп туруңуз.
  • 3-4 күндөн кийин скраб колдонууга болот.

Баалары

• Тизеге чейин – 300 сом

• Бутка (толугу менен) – 600 сом

• Жука чурай – 500 сом

• Колтук – 150-200 сом

• Беттеги түктөр – 500 сом

• Кол – 400 сом


Үй шартында жасоо

Керектелүүчүлөр:

  • Кумшекер – 10 аш кашык
  • Суу – 4 аш кашык
  • Лимондун жарымы


Даярдоо ыкмасы:

  • Кумшекер, суу, сыгылган жарым лимондун ширесин мискейге аралаштырып, жай отко коёсуз. Кумшекер эригенче улам аралаштырып турабыз.
  • Аралаштырганды токтотпойбуз. Кумшекер эригенде отту жайлатабыз. Аралашма күңүрт янтарь же сырадан да күңүрт түскө келиши керек. Ботко илешкек жана жумшак болушу шарт.
  • Даяр болгондо башка мискейге куюп, колдонгонго ыңгайлуу температураны күтүңүз.



ЭСКЕРТҮҮ: Паста ысык кезинде колдонбоңуз, терини күйгүзүп алышыңыз мүмкүн!

Териге тальк же балдардын кургак сепмесин (присыпка) сээп алсаңыз кумшекер пастасы түктөргө жакшы жабышат. Даяр пастадан чоң жаңгактай өлчөмдү алып, бош колуңуз менен керектүү жердин терисин тартып туруп, түктөргө каршы сүртөсүз (ошондо паста жакшы жабышат). Паста түктөргө сиңгиче бир нече секунд күтө туруңуз да, түктүн өскөн багытына карай тез тартып алыңыз. Капталга же өйдөнү карай жулууга болбойт. Бир жерди таза кетирүү үчүн бир нече жолу кайталасаңыз туура. Пастанын калдыктарын шарик кылып айлантып, чогултуп алсаңыз болот.

ЭСКЕРТҮҮ: Үй шартында жасагандар абайлап, көрсөтмөнү так аткарышы керек. Туура эмес жасаса терини сыйрып алуусу мүмкүн. Бут, колго шугаринг кылса болот, жука чурайга үй шартында жасаганга сунуштабайт элем.


Гүлжамал Абылкасымова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
monster_high_98
2018-06-19 11:22:17
Видеосу болсо укмуш болмок даа
0
Nevestkaa
2018-06-19 19:09:00
Үй шартында бикиниге жасап көргөндөр барбы?
0
MaRmeLaDka
2018-06-22 16:47:38
Nevestkaa, врач уйдо жасаганды сунуштабайт элем дептир го. Ошого рисковать эткен жокмун))).
0
Saidochka
2018-06-20 23:35:40
Жасап кордум,олло оорутат экен.эпилятор эле жакшы экен
0
MaRmeLaDka
2018-06-22 16:49:17
Saidochka, 5 минут чыдап койсо болот экен))) Мен жасап кордум. Мга жакты. Рахмат за инфо.
0
aika0906
2018-06-20 23:39:51
Жасаса болот уйдо. Мен 1жылдан бери озум эле уйдон жасайм [moderated]да видеолору бар.
0
№ 815, 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан