“АПАМДЫН ПЕНСИЯСЫН АЛИМЕНТ ҮЧҮН КОТОРСОК БОЛОБУ?”

Окурмандардан келген суроолорго юрист Калыйнур Батыралиев жооп берет.
– Саламатсызбы? Мен 2 балама ай сайын 3400 сом алимент төлөйм. Балдарым аялымда, алиментке кошумча жөлөк пул да алса болобу? Апам “кыйналып жатасың, алиментиңе пенсиямды которуп коёюн” деп жатат, апамдын пенсиясын алимент үчүн которсом болобу? Менде акча болуп да, болбой да калат. Убагында алимент төлөй албай, көбөйүп кетип, анан сот аткаруучулар кыйнайт экен.

Асхат, Бакай-Ата району

– Балдарыңыз алименттен тышкары жөлөк пул алууга да укугу бар. Бирок жөлөк пул алуудан мурун мыйзамга карата талаптарга (жашы, ден соолугу, балдардын саны боюнча) жооп береби, ушул шартты тактоо керек. Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамдын 11-беренесине ылайык, мамлекеттик жөлөк пул алуучунун иш жүзүндө жашаган жери боюнча дайындалат. "Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пулу бала (балдар) алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат.

Алиментти төлөө маселеси боюнча, сиздин атыңыздан апаңыз пенсиясын төлөсө болот. Апаңыздын уруксаты менен акчаны сот аткаруучуларга түз берип же банк аркылуу которсоңуз болот.


“БИР УУРУЛУК ҮЧҮН АЙЫЛДА БОЛГОН БАРДЫК УУРУЛУККА ЭКӨӨНҮ КҮНӨӨЛӨЙ БЕРИШЕБИ ЭМИ?”
– Таежемдин 15теги баласы бир досу менен айылдан эшек уурдап машинага салып жаткан жерден эшектин ээси көрүп калат. Бирок ал экөөнө эскертип, эч кимге арызданбай эле кетирип жиберет, башка күбөлөр ал жерде жок болот. Андан кийин айылдан уй, жылкы жоголуп, алардын ээлери келип эми берки экөөнө жалаа жаап жатышыптыр. “Табылбаса силердин атыңарга арыз жазам” деп. Бир уурулук үчүн айылда болгон бардык уурулук иштерине экөөнү күнөөлөй беришеби эми? Кеңеш берип коё аласызбы?

Бакыт, Ак-Талаа району

– Мал уурдаткан адам тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу жана кимден күмөн санап жаткандыгын дагы билдире алат. Арыз түшкөн соң мал уурдоо кылмыш иши боюнча ишти укук коргоо кызматкерлери жүргүзөт. Тууганыңыздын күнөөсү жок болсо, жабырлануучунун арызынан коркуунун кереги жок, себеби ким күнөөлүү экенин табуу укук коргоо жана сот органдарынын иши.

“ТУБАСА ООРУЛУУ БАЛДАРГА ЖӨЛӨК ПУЛ КАНЧА МӨӨНӨТКӨ БЕРИЛЕТ?”
– Оорулуу (тубаса жүрөк кемтиги) балдар жөлөк пулду канча мөөнөткө алат? 18ге чыккандан кийин жөлөк пул берилбей калабы?

Максат, Бишкек шаары

– Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамдын 10-беренесинде көрсөтүлгөндөй, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) маалым катынын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин ай сайын берилет.


“ЭЭСИ ЖОК ҮЙДҮ ӨЗ НААМЫБЫЗГА КАТТАТЫП АЛСАК БОЛОБУ?”
– Биз 20 жылдан бери бир үйдө жашайбыз, документи башка адамга катталган. Бирок коммуналдык кызматтардын баарын өзүбүз төлөп келебиз. Ээси жок үйдү өз наамыбызга каттатып алсак болобу?

Бакыт, Ат-Башы району

– Үй ээсинин ким экендиги жана кайсы жакта экендиги тууралуу кабар алуу керек. Эгерде үй ээсинин эч бир жерде (Кыргызстандын ичинде) дайыны жок болсо, ал тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын тактамасы менен далилдеп берүүңүз керек. Үйгө байланыштуу эч кандай талаш болбосо, муну менен катар 20 жыл салыктарды, коммуналдык кызматтарды жана башка төлөмдөрдү төлөп жүргөндүгүңүздү далилдешиңиз керек. Ушундай учурларда гана сотко ээлик кылуунун мөөнөтү эскиргендиги боюнча менчик укугун табуу арызы менен кайрыла аласыз.

«ОРУСИЯНЫН ЖАРАНДЫГЫН АЛГАН БАЛДАРЫМ МЕНИН МУРАСКЕРИМ БОЛО АЛЫШПАЙБЫ?»
– Аялым экөөбүз ажырашып кеткенибизге 10 жыл болду. Бирок расмий ажырашкан эмеспиз, ЗАГСтын кагазы менде. Жубайым 3 балабызды алып Орусияга кеткен, азыр балдарым да Орусиянын жарандыгын алышкан. Үйүмдү балдарыма берейин десем, Орусиянын жарандарына берүүгө болбойт деп жатышат. Үйдү жубайымдын макулдугусуз сатып, анан акчасын балдарыма берсем болобу?

Таалайбек, Кант шаары

– Балдар сиздики болгон соң үйүңүздү аларга өткөрүп бере аласыз. Алардын чет өлкөнүн жараны экени үйдү өткөрүп берүүгө тоскоол болбойт. «Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы» жөнүндөгү мыйзамда «Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчикке жана мүлктүк укуктарга ээ боло алат» делет.

Ал эми үйдү сатуу маселеси боюнча, эгер үйдү мыйзамдуу түрдө үй-бүлө болгондон (нике күбөлүгүн алгандан) кийин сатып алган болсоңуздар, үйдү сатууда жубайыңыздын макулдугу керек. Ансыз алып-сатуу келишимиңиз жараксыз деп табылат.

«БАЛАМ АТАСЫНЫН ФАМИЛИЯСЫНАН БАШ ТАРТЫП, МЕНИН ФАМИЛИЯМА ӨТӨМ ДЕП ЖАТАТ...»
– Жолдошум менен уулум 6 айлык кезинде ажырашканбыз. Жакында уулум паспорт алат. Балам атасынын фамилиясынан баш тартып, менин фамилияма өтөм дейт. Кандай документтерди топтоп, кайда кайрылышыбыз керек?

Тумар, Балыкчы шаары

– «Жарандык актыларды каттоо» жөнүндөгү мыйзамдын 60-беренесине ылайык, 16 жашка чыккан адам өзүнүн фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүгө укуктуу. Паспорт алууда балаңыз башка фамилияга өтүүнү каалап жатса, анда алгач жаңы туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып, андагы фамилиясын өзгөртүүсү зарыл. Паспорт берүүдө жарандын фамилиясы, аты жана атасынын аты туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгүдөй жазылат. Паспорт алуу үчүн учурдагы жашап жаткан аймактагы райондук паспорт столуна кайрыласыздар.


«АТАМДЫН 2-АЯЛЫНАН ТУУЛГАН БАЛДАРЫ МҮЛКҮНӨ МУРАСКЕР БОЛО АЛЫШАБЫ?»
– Менин апам 2009-жылы каза болгон, атам 2-аял алган, азыркы учурда 2 баласы бар. Атамдын үй, дүкөн жана унаасы бар (2-аял алганга чейин деле бар болчу). Менин суроом: атамдын 2-аялынан туулган балдары жогорудагы мүлккө мураскер боло алышабы же 1-аялынын гана балдары мураскер болобу?

Гүлбахар, Талас шаары

– Атаңызга тиешелүү мүлктөргө же мүлктүн кандайдыр бир бөлүгүнө мурунку жана кийинки турмушунан дагы балдары мураскер боло алышат.

“СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ КАРЫ АДАМДАРГА БАГУУЧУ БЕРЕТ ДЕЙТ, ЧЫНБЫ?”
– Мен аялым менен бир жылдан бери ажырашып жүрөм, 2 эркек, 1 кызым бар. Кызым азыр Орусияда, эки балам менде. Энем бар 80 жаштагы, таяк менен басат, убагында инсультка кабылган. Кары адамдын жанында дайыма болгонго мүмкүнчүлүк жок болууда, иштеп үй-бүлөнү багыш керек. Сизге суроом, Социалдык өнүктүрүү министрлиги ушундай кары адамдарга багуучу берет дейт, чынбы?

Тилек, Бишкек шаары

– Кары адамдарга пенсия жана мыйзамдын негизинде ден соолугуна байланыштуу майып деп табылса жөлөк пул каралган, ал эми багуучу берүү боюнча мыйзам нормалары жок.

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
altyn7776
2018-06-19 10:33:46
Уят да... апасынын пенсиясын алиментке толоп, тооба.
+19
Byrmachach
2018-06-19 13:26:29
Акыл жүгүртсөң ушул суроону бербе, апаңдын мээнети менен табылган акчага тийбе! Балдарга ыйман-ынсап берсин.
+10
love.me.again
2018-06-19 18:36:10
Айланайын кыпгыздын чыгаан кымыз жыттанган эркектери Эми Аман эле болсонор экен. Апан мандай Тери менен тапкан пенсиясына тийишпей эле койчу. Апан деле карыган кезде дары алат же ар Жака барат айылдап . Неберелерине бирдеме аперет. Ушуну сурагыча олуп эле калбапсын. Дагы эки балам дейт. Баланы жаратканды билесинда....
+13
Shahrizaada
2018-06-20 03:12:03
Апан сени апасынын пенсиясын сурабай эле багып чонойтсо керек эле. Уят,уят,апандын пенсиясына коз алайтып отурсан!Апан озу пенсиясын берем деген кундода албашын керек, алчуундун баарын алып бутконсун,эми дагы эмнесин аласын! Ушундан коро XXXX алсан,ошол алда канча женил болмок!
+6
Shahrizaada
2018-06-20 03:15:12
Намысы жок, далдыраган арсыз эркектер кобоюп баратат
+4
BoDiNur
2018-06-20 10:03:56
Эркектер аябай алсыз намыссыз болуп кетти
+4
Nanei
2018-06-20 13:49:42
Биротоле апандын оозун бууп,капка салып кой ошончо болду,тамак ичпесин,кочого чыкпасын. Уят,уят
+3
Eureka
2018-06-21 06:12:40
Уят! Эркектик ар намыс барбы? Кана Кыргыздын "патриот" жигиттери.Ушул силердин боштугунардан, жалкоолугунардан, ар намысынардын жоктугунан "айдай кыз", "сулуу келин", "жаш балдар", "алсыз апа", "каарыган ата-эне" кор болду го.
+2
Azatbek.Svoboda.
2018-06-25 14:07:37
Eureka,ошон учун тилди тыйыш керек оозго келгенди жаза бербей!
0
shumkar929292
2018-06-22 09:29:00
Кары адамды караш үчүн өзүнүн кызы баласынан да келини эле түтөт дагы келин жаман ушул убака чейин аялы караса керек пенсияны норма бербейт ана караганга акчаны кайдан төлөйт
0
roza.beku
2018-06-22 22:17:52
ааиии
0
Pandora
2018-06-22 22:23:39
Апасынын пенсиясына асылнанга вообще соз жок....Чык наары эркекке окшоп талаалап иштеп толо апанды кошо бак.Апандын этегинин астында жата бербей
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-06-25 14:06:12
Pandora,П А балким апасы ажыраштырып салгандыр ушунчалык пенсиясынан берем десе алар уялып албай койушат дешип!Азыр көп андай кайынэнелер балдарын ажыраштырып салышат!
0
Azatbek.Svoboda.
2018-06-25 14:04:04
Апаң эмне сени ажыраштырды беле?пенсиясын котом деп? Ошол балдарың менен бирге жашасаң да ошончо акча андан да көп жумшамаксың!Өз балдарына алимент төлөгөндөн качкандарды таң калаарлык!Силерди эмне балдарыңар ажыраштырды беле? Кунөө эринде же аялында да!Кыскасы ажырашпай эле жашагыла
0
№ 815, 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан