КАЗАКСТАНДЫ КОРКУНУЧКА КАМАГАН МЕНИНГИТ ООРУСУ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕБИ?

Жыл башынан бери Казакстанда менингит оорусуна 60 адам чалдыгып, алардын 13ү каза тапты (алардын алтоосу балдар). Оорулуулардын көбү Алматы шаарынан катталган. Казакстан Кыргызстанга чектеш өлкө. Анын үстүнө ал жакка иштегени жана саякаттаганы барып келгендердин саны арбын болгондуктан менингит оорусу алар аркылуу бизге да жетиши мүмкүн деген кооптонуу бар. Социалдык тармактарда “Менингит балдарга тез жугуп, бат эле чарчап калып жатышат. Аларды сууга түшүрбөй, суукка алып чыкпай, балмуздак жедирбей карагыла” деген билдирүүлөр тароодо. Бул кептердин канчалык чындыгы бар? Оорунун алдын алууга мүмкүнбү? Бул суроолорго Жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын нейроинфекция бөлүмүнүн бөлүм башчысы Канатбек Искаков жоопторду берет.

Менингит – баш мээнин жана жүлүндүн сезгениши. Дартты бактериялар, вирустар жана грибоктор жаратуусу мүмкүн. Инфекциянын булагы – ооруган адам жана вирусту алып жүрүүчүлөр. Менингиттин 90 пайызы балдарда жолугат.


ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ:

  • Дене табынын кескин түрдө 39-40 градуска чейин көтөрүлүшү;
  • Дененин кол тийгизбей оорутушу;
  • Шалдыроо, кусуу, ич өтүү;
  • Мурун бүтүү, жөтөл, тамактын оорутушу;
  • Баштын артка тартып, чыдатпай оорутушу;
  • Муздак тер басуу;
  • Ымыркайлардын эмгеги көтөрүлүп чыгат;
  • Денеде кызыл жылдызчага окшогон тактар пайда болот (буттан өйдө карай тарайт). Тактарды кол менен басып көргөндө өңү бозорбойт;
  • Ич жана булчуңдар (өзгөчө моюн булчуңу) ооруйт;
  • Бала башын көтөрө да, ылдый да кыла албайт;
  • Жарыктан көзү уялат.


ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

  • Иммунитетти чыңдоо;
  • Иче турган сууну кайнатып колдонуу;
  • Жашылча-жемиштерди жуу, кайнак суу менен чайкоо;
  • Жеке гигиенаны сактоо, колду бат-баттан жууп туруу. Бала көчөдөн оозуна эч нерсе салбоосуна көз салуу;
  • Имаратты тез-тез желдетип туруу;
  • Киши көп топтолгон жайларга барбаганга аракет кылуу;
  • Жөтөлгөн, чүчкүргөн адамдар менен байланышпоо, жакын жолобоо;
  • Эгерде тамагыңыз кычышып, дене табыңыз көтөрүлсө сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз! Канчалык эрте кайрылсаңыз ошончолук дарылоо жеңил.


"КЫРГЫЗСТАНДА МЕНИНГИТ АЗАЙДЫ"
– Бул илдет 8-10 жылда бир кайталанып турат. Дарт организмде өз алдынча жашашы же кандайдыр бир факторлор менен козголушу мүмкүн. Көпкө чейин желдетилбеген имаратта отуруу, жуунган соң жылаңбаш жүрүү да менингитке алып келет. Казакстанда тараганы менингококктуу, башкача айтканда, бактериялуу менингит. Андай оору азыркы тапта бизде каттала элек, тескерисинче, быйыл салыштырмалуу азайды. Жазында, күзүндө менингит оорусунан көп жабыркашат. Анткени нымдуу аба бактерия жана вирустардын көбөйүүсүнө алып келет.

"ООРУНУН НЕГИЗГИ ЭКИ ТҮРҮ БАР"
– Ириңдүү менингит. Бул дартты пневмококк, стрептококк бактериялары козгойт. Көбүнчө кулак ооруп ириң акса, гайморит болсо көпчүлүк көңүл бурбай жүрө берет. Бир аз суукка урунду дегиче оорунун козгогучтары мээге өтүп, ириңдүү менингитке алып келет. Кээде башты ачканда ириң сасып агып чыгат, ошондой эле суу толуп, сөөктү кысып калганына күбө болобуз. Сөөк катуу болгондуктан ириң тээп чыга албай башты кысат, ошондон чыдатпай баш ооруйт, балдар чырылдап ыйлайт. Оорулуу тынымсыз куса берет. Оорулуу 1-2-күндө кайрылса дарылоо жеңил, 3-күнгө өтсө оор болуп калат.

Сероздуу менингит. Оорунун бул түрүн вирустар козгойт. Акпай туруп калган көлмөлөргө, тазаланбаган бассейнге барып, суу жутуп алса жугушу мүмкүн. Сыз жерлерде, жылуу бөлмөнү желдетпей отура берсе вирустар көбөйөт. 2 саатча оорулуу менен 2 метрден жакын отуруп калсаңыз чүчкүрүк, жөтөлгөндөгү шилекейи аркылуу жугуп калуу коркунучу чоң. Муну жайкы грипп деп да коюшат. Кээде дене табы көтөрүлүп, тамагы кычышып, антибиотиктерди ичип коюп өтүп кетиши да мүмкүн. Алар менингит экенин да билбей калат. Бирок бир коркунучу – мындай адамдар коомдук жайга барып башкаларга да жугузушат (вирусту алып жүрүүчү болуп эсептелет). Менингококктуу менингиттин оор түрүндө эртең менен ооруса, кечинде көз жумуп калышы мүмкүн. Кыргызстанда акыркы учурда менингиттин бул түрү менен 2 адам катталган.

ДАРЫЛОО

– Оорунун так диагнозун аныктоо үчүн тамактан мазок, кандан анализ алынат. Ошондой эле шприц менен жүлүндөн суюктук алынып (пункция), лабораторияга жөнөтүлөт. Мунун эч кандай коркунучу жок. Атайын адис реаниматологдор алышат. Бул нерсе оорулуунун абалын аябай жеңилдетет. Кээде 2-3 күн кыйналып калган балдардан суюктук алганда кадимкидей жеңилдеп, столдо жаткан боюнча уктап калышат. Жүлүн суусун алып лабораторияга анализге жөнөтөбүз, кандай микроб чыгат, менингит ириңдүүбү, сероздуубу аныкталат. Ошого жараша дарылоо курсу жазылат. Менингит оорусу көбөйө баштаганда биз өзүбүз эскертүү жасап баштайбыз. Албетте, “бизде менингит жок” деп жатып алган болбойт. Кээде 1-2 саат убакыт деле өмүрдү чечип коюшу мүмкүн.

“КООПТОНУУГА НЕГИЗ ЖОК”
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторова:

– Азыр WhatsApp аркылуу жалган маалыматтарды таратып жатышат. Бизде менингококктуу менингит катталган жок. Былтыр 5 ай ичинде 32 менингит оорусу катталса, быйыл көрсөткүч эки жарым эсеге кыскарып, 12 киши дарыланып чыкты. Анын 70-80 пайызы 14 жашка чейинки жаш балдар. Биз бардык менингит оорусуна чалдыккандарда бактериялар барбы-жокпу лабораториялардан классикалык ыкма менен текшерип жатабыз. Кооптонууга эч кандай негиз жок.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
-Sumitra-
2018-06-19 12:29:17
Кудай сактасын!Эч ким оорубасын.
+14
Meni_unut
2018-06-20 22:43:46
Кудай озу сактасын
+7
zamiro4ka
2018-06-21 14:39:59
Аллахым ар кандай оору-сыркоо балээлерден сактасын
+4
№ 815, 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан