Акыркы учурда ырчы Бактыгүл Бадыеванын бир буту Кыргызстанда, экинчи буту АКШда болуп калгандай. Жагымдуу ырлары менен кошо океандын ары жагындагы мекендештерибизге кыргыз жытын ала барып, жылуу маанай тартуулап жүргөн ырчы менен баарлаштык. Анда, Бактыгүлдүн акыркы жаңылыктарынан кабардар болуп коюңуз.
– Бактыгүл, кандайсың? Европадан келгениңе бир айга жакындап баратат. Байланышалы десек эле карааныңды таптырбай кеттиң да...
– Келерим менен апам Токмокко алып кеткен. Эки жарым ай андан алыс жүрбөдүмбү. Экөөбүздүн сагынычыбыз тарабай, жанынан чыкпай отурам. Сагынычымды таратып алып анан чыгармачылыкка жаңы эргүү менен киришейин деген оюм бар. Биз алыста жүргөндө Кыргызстанда төңкөрүш болуп кетти. 7-апрелде Нью-Йоркто элек. Бишкектеги ата-энелерибиз чалып айтышты. Аябай сарсанаа болуп, күнүгө интернет аркылуу жаңылыктарды окуп жаттык.
– Шоу-бизнесте колдоо көрсөтүп жүргөн курбуң Миргүл “Бактыгүл ооруп калыптыр” деп жатты эле...
– Жылуу өлкөдөн суук өлкөгө сапар тартып жатып, бир аз ооруп калдым. Тез-тезден климаттын алмашышына адамдын көнүшү кыйын экен. Мисалы, Лос-Анжелес аябай ысык эле. Ал жерден Германияга учуп барсак, шамал болуп, жамгыр жаап жатыптыр.
– АКШнын, Европа өлкөлөрүнүн кайсы шаарларында болдуң?
– Вашингтондо, Лос-Анжелесте андан сырткары АКШнын көп эле штаттарына концерт бердик. 8-апрелде Германиянын Берлин шаарына бардык. Ал жактан Лондонго сапар тарттык. Кыскасы, Европа өлкөлөрүнүн көбүн кыдырганга үлгүрдүк. Биз концерт берип өзүбүзгө акча жасаган жокпуз. Түшкөн акчанын баарын кайрымдуулук кылып, Кыргызстандагы балдар үйүнө жардам катары бердик.
– Чет өлкөдө жүрүп эмнеге өкүндүң да, эмнеге сүйүндүң?
– Өкүнгөнүм, аларга салыштырмалуу кыргыздарда анчалык ынтымак жок. Бирөө бир иш кылам десе, экинчиси аны көрө албай бут тосо баштайт. Ошентип, экөө тең кыйратпай ара жолдо калышат. Сүйүнгөнүм, чет жердеги мекендештериме кыргыз ырларын тартуулап, сагынычтарын аз болсо да таратып келгеним.
Анан да катуу таң калганым, мыйзамды бузушпайт экен. Биздин элде да тартип катуу болсо, бири-бирибизди буттан тартпай колдосок, алдыга өсүш болмок.
– Мекендештериң кандай кабыл алышты?
– Элге ыраазымын. Кайда барбайлы кол чаап кубаттап, кошулуп ырдап жатышты. Өзгөчө “Энекем” деген ырымды аткарганымда апалардын көздөрүнөн жаш куюлду. Ал эми жаштар алыстагы апаларын эстеп, кыскасы, бул ырым алардын жан дүйнөлөрүн дүрбөлөңгө салды.
– Чет өлкөлүк кыздар менен кыргыз кыздарынын эмне айырмасы бар экен?
– Ал жактын кыздары менен кыргыз кыздарын салыштырып болбойт. Кыргыз кыздары ыймандуу, сулуу, үй оокатына тың, эмгекчил, кыскасы, бардыгын өз колдору менен жасашат. Ал эми мен болгон жерлерде бизчилеп түрлөп тамак жасабай эле гамбургер жеп, артынан кола ичүүгө көнүп алышыптыр.
– АКШда көйнөктөрдүн көргөзмөсүн өткөргөнгө жетиштиңби?
– Азырынча көргөзмө өткөрө элекмин. Өткөрүүгө дайынданып жатам. Кышында барганда ал жактагы кыргыз кыздар дизайнын өзүм чийген сахна көйнөктөрүмдү көрүп алышып “бул жакка ала келиңизчи, сатып алат элек” дешкен. Ушул жолу ала баргам, көп эле көйнөк сатылды.
– Жигитиң АКШда турбайбы, ал жерде эмне менен алектенет?
– Ал Кыргызстанда эле. Башка маалымат булактарына таянсак, мен америкалык жигитке турмушка чыгыптырмын. Бирок чындыгында турмушка чыга элекмин. Жүрөгүмдүн ээси мени түшүнгөн, кыргызымдын эле мырзасы.
– Мындан мурунку АКШга барып келгениңде сени көргөндөр “толуп кетиптир” дешти эле. Толуп кетпеш үчүн диета кармап жаттыңбы?
– Толуп кетсем да, арыктасам да аман болсом болду. “Арыктайын” деп кыйналбайм дагы. Чыныгы күйөрмандарым кандай болсом деле жактырышат деп эсептейм.
– Атаандашым деп кимди эсептейсиң? Сахна артындагы бут тосууларды кантип жеңесиң?
– Ырчылар ар кимибиз ар кандайбыз. Ар бирибиздин күйөрмандарыбыз бар. Күйөрман баарыбызга жетет. Мага ачык атаандашкандарды байкай элекмин, бирок болсо керек. Менин кийингенимди, ырдаганымды туурагандар бар. Аларды көрүп, сүйүнүп калам. Өзүм эч кимге атаандашпайм. Ал эми мага бут тоскондорду Кудайдын жардамы менен жеңип жатабыз. Адамга канчалык көп жакшылык кылсаң, анын акыбети эртеби-кечпи баары бир кайтат. Мен ушул күнгө чейин бирөөгө бут тосуп көрө элекмин. Тоспойм дагы деп айта албайм. Анткени биз билбейбиз да эртеңки күнү эмне болорубузду.
– Достор арасында чыккынчылык кылгандарды кечире аласыңбы?
– Чыккынчыларды жек көрөм. Чыккынчылык кылдыбы, анда ал менин досум эмес. Ичимден кечирип коюшум мүмкүн, бирок сүйлөшпөй, саламдашпай калам. Алар менин саламыма татыктуу эмес.
– Алар дегениңе караганда көп окшойт? Шоу-бизнес чөйрөсүнөнбү?
– Алар дегеним эки кыз. Бул темада сөз козгогум келбейт.
– Гастролго чыкпай калдың окшойт...
– Чыгып эле жатам, акыркы гастролум ушул жылы 8-мартта Нарын шаарында жана Кочкор айылында өттү. Апамды 8-Марты менен куттуктап, анын туулуп-өскөн жерине концерт бердим.
– Телефонуңдун номурун эмнеге тез-тезден алмаштырасың?
– Сахна адамы болгондон кийин күйөрмандарым, мени менен жакындан сүйлөшкүсү келгендер бар. Алар менен сүйлөшкөнгө кээде убакыт тар болсо, кээде жалгыздыкты, тынчтыкты самап калам. Тынчтыкты эңсеп калганда номурумду алмаштырууга аргасыз болом.
– 29-май туулган күнүң эмес беле, кандай белгиледиң?
– Сахналаштарымдын, курбуларымдын курчоосунда өткөрдүм.
– Микаэлдин жакын досторунун бири элең, шектүү катары кармалган досун деле таанысаң керек...
– Микаэлдин достору көп болчу. Экөөбүздүн жакшы дос болуп жүргөнүбүзгө төрт жыл болгон. Ал эми шектүү саналган досу Эркинди тааныбайт экем, көрбөптүрмүн дагы. Микаэлдин бул дүйнө менен коштошконуна азыркыга чейин ишенбейм.
Ооба, биз жакшы достордон элек. Эң өкүнүчтүүсү, Миканы акыркы сапарга узата албадык. Миканын каза болгонун “Кыргыз клабдын” жетекчиси Айбек Хакимов курбум Миргүлгө телефон чалып айтыптыр. Биз алгач тамаша экен деп ишенген жокпуз. Анан барып айла жок ишендик. Микаэль боорукер, эч кимден жардамын аябаган, достукка бекем жигит болчу. 2-апрелде Нью-Йорк шаарында концерт бермекпиз. Ушул күнү Мика жерге берилгендиктен аза күтүп, Максат Бегалиев, Омар үчөөбүз ырдаган жокпуз. Каныкей жалгыз ырдады. Келечектеги планы да абдан чоң эле. “Өзүм, буюрса, клуб ачам. Анан Америкага дагы бир жолу барам” деп кыялданчу. Ошол кыялына жетпей кете берди. Жаткан жери жайлуу болсун дегенден башка эмне кылабыз?!
– Мурун деле ачык-айрым кыз элең. Азыр андан да ачылып алыптырсың го...
– Мен башынан ачык-айрымдыкты, болгонун болгондой бетке айтып салууну жактырам. Азыр деле ошондоймун. Негизи, адамда жакшы да, жаман да сапат болот эмеспи. Менде жакшы сапат көп болсо керек. Бирок жиниме тийген адамга өзүнө жараша жооп берүүдөн кайра тартпайм.
– Жакынкы күндөрдөгү пландарың кандай?
– Эки-үч күндөн кийин шаардын четине барып курбу кыздарым менен кымыз ичип келгени жатам. Андан сырткары чет өлкөгө чакыруулар көп келүүдө. Ошондон улам кайрадан чет жерге сапар тартышым мүмкүн.
Бактыгүл дизайнер-модельер курбусу экөө жаңы тигилген көйнөктөрдү кийип көрө башташат. Ал ортодо сөздөн-сөз чыгып, курбусу турмуштан жолу болбой жүргөнүн айтып “жашоого тоюп кеттим, ушундан көрө өлөм” деп шар аккан сууга чуркайт. Анда Бактыгүл:
– Эй, келесоо, анда алдагы көйнөктү чечип кет!
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg