Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" чыгармасынын негизинде "Мен Тянь-Шань" тасмасы тартылып, көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун тапкан. Жаңы тартылган варианты да элге биринчидей таасир калтырабы, аны убакыт көрсөтөт. Тасма кыргыздын “Дан” продюсердик борбору, Өзбекстандын “Узбеккино” улуттук агенттиги менен биргеликте тартылат. “Дан” продюсердик борборунун жетекчиси Паризат Жакыпбекова: “Илиястын ролун Адиз Ражабов, Байтемирди Улугбек Кадыров, Аселдин ролун Мадина Талипбек, Кадичаны Элина Абай кызы аткарышат”,- дейт. Тартуу иштери Ташкентте, Наманганда, Фергана өрөөнүндө, Балыкчыда жүрөт. Тартуучу топ чыгарманын маңызы сакталып, бирок бүгүнкү заманга ылайыктап тартыларын айтат. Тасманын бет ачары Айтматовдун туулган күнүндө – 12-декабрда көрсөтүлөрү күтүлүүдө.