ЫСЫК-КӨЛ - 2018

Жайдын аптабында өлкөбүздөн да, чет элден да эс алуучулар Ысык-Көлгө агылышат. Бул жылы кыргыз бермети болгон Ысык-Көлдө эс алуу канчага турат? Бул маалымдама, окурман, сиз үчүн.

ЖОЛ КИРЕ БААЛАРЫ

УНАА
Бишкек–Ысык-Көл каттамы боюнча жол кире баалары (Бишкектеги батыш автобекетинин тарифтеринин негизинде 1 адамга)

Бишкек–Балыкчы
Такси – 300 сом

Кичи автобус – 200 сом

Автобус – 180-200 сом

Бишкек–Каракол
Такси – 700 сом

Кичи автобус – 350 сом

Автобус – 350 сом

Бишкек–Кажы-Сай

Такси – 500 сом

Кичи автобус – 280 сом

Автобус – 200-220 сом

Бишкек–Чолпон-Ата

Такси – 500 сом

Кичи автобус – 280 сом

Автобус – 220-230 сом

УЧАК
Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортунан.
Ош–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Ош
аба каттамдары шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү учат. 2018-жылдын 29-июнунан тартып 1 аптада 3 рейстен каттайт. Билет баасы бир багытка болжол менен 3600 сом.

Алматы–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Алматы аба каттамы дүйшөмбү, жума күндөрү учат. 2018-жылдын 29-июнунан тартып 1 аптада 2 рейстен каттайт. Билет баасы бир багытка болжол менен 16 700 сомдон жогору.

Ташкент–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Ташкент аба каттамы 2018-жылдын 29-июнунан тартып 1 аптада 2 рейс каттайт. Баасы эми такталат.

Новосибирск–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Новосибирск аба каттамы 2018-жылдын 7-июлунан тартып 1 аптада 2 рейс каттайт. Болжол менен билет баасы бир багытка 9500 сомдун тегерегинде болот.

ПОЕЗД
Бишкек–Балыкчы каттамы.
2018-жылдын 16-июнунан 29-июлуна чейин каттоочу күндөрү: жума, ишемби, жекшемби. 2018-жылдын 10-сентябрына чейин күн сайын жүрөт.

Жөнөө убактысы – Бишкектен эртең менен саат 06:25те.

Билет баасы – чоңдор үчүн 69 сом, балдар үчүн (5-10 жаш) 34 сом.


КӨҢҮЛ АЧУУНУН БААЛАРЫ
Стол тенниси
– 150 сомдон жогору (саатына)

Бильярд – 150-200 сом (саатына)

Караоке – 30-50 сом (бир ырга)

Кинозал – 300 сомдон жогору (1 кишиге)

Концерт – 300 сомдон жогору (1 кишиге)

Дискотека – 200-400 сомдон жогору (1 кишиге)

Карусель – 150-200 сомдон жогору (15 мүнөт)

Велосипед – 200 сом (саатына)

Бассейн жана машыгуу залы – 200 сомдон жогору (саатына)

Сауна – 150-200 сом (1 кишиге)

Массаж – 500 сомдон жогору

Кайык – 100-150 сом (саатына)

Банан – 150-200 сомдун тегереги (1 кишиге)

Скутер – 500 сом (5 мүнөткө)

Парашют – 1500-2000 сомдон жогору (1 кишиге, 1 жолку учууга)

Катамаран – 200 сом (саатына)

Теплоход – 500 сомго чейин (1 кишиге, саатына)

Парустуу яхта – 2000 сомдон жогору (саатына, 1 кишиге)







Канымжан Усупбекова, Гүлжамал Абылкасымова

kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
jaskaaa
2018-06-26 11:00:08
Путевка менен барган жакшыбы? Көп эс алгандар кеңеш бергилеси
+1
yrysbek
2018-06-26 16:29:12
jaskaaa,Албетте путевка менен барган жакшы, калганын капчыгына карап эмнелерди кошумча кошкун келсе кошуп пайдасын коро бересин.
+2
monster_high_98
2018-06-26 12:19:55
Бишкектен Кол жакка кичи автобус менен 500го барганбыз,такси деги эле, кайдагы 200-300сомдор
0
MaRmeLaDka
2018-06-26 14:15:09
monster_high_98, мен откондо эле маршрутка менен колго барып келгем. 350 сом деп кагазы да илинип турат го вокзалда.
0
Shokoladka94
2018-06-26 15:33:06
Биз быйыл да барбай калдык окшойт
0
Nurbek.kyzy
2018-06-26 18:18:29
Путевка кайдан алсак болот? Билгендер жазып коюнуздарчы? Кайсы жакка барсак жакшы болот? Жаза кетиниздерчи?
0
barakcha
2018-06-26 21:22:39
Nurbek.kyzy,любой тур.агентстводон.же болбосо тел.номерлери турат го чалып алдын ала брондоп койосунар.
0
jiger
2018-06-27 01:12:38
Биз бугун Ош-Бишкек самолеттун рейсинин баасын авиакассадан сурасак эн арзаны 3200дедиго.А Ысык-Колго сурабаптырбыз,тааныштар 4000 мин дешти.
0
Stervamyn
2018-06-27 11:36:34
Колдун туштук тарабы жакшы!Бир адаига жаткан жери 200-300 сом.Тамактары деле кымбат эмес.Зато эл аз ,суусу тим эле таптаза!Атракцион,карусель парусельдер жок,чисто эс алайынын дегендерге
+2
boston90
2018-06-29 20:30:08
Stervamyn,туура айтасын.
+1
T-1000
2018-06-28 19:54:33
Абдан кымбат. Жакшысы Турцияга барып эс алган он. Все включено системасы. Каалашынча тамак жеп каалашынча суу ичесин. Жаны жерлерди дагы коруп кетесиздер!
-1
RuslanaG1
2018-06-29 17:30:21
Тиги Алматы Чолпон Ата 16 500 дейт го оозду ачырып
-1
RuslanaG1
2018-06-29 17:31:27
RuslanaG1,даже 16 700 сом бир тарапка
-1
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан