Кимдир бирөөнүн тапкычтыгына “еврейдей акылдуу го” деп баа бергендигин угуп калабыз. Бул сөздү эмнеге айтышат? Еврейлер өздөрү буга “а идише коп” (“еврей акылы” деген маани) деп жооп берип коюшат. Чындыгында дүйнө элдеринен өзгөчө билимдүүлүгү менен айырмаланган еврей улуту эмне үчүн акылдуу?
ИНТЕЛЛЕКТ, МИЛЛИАРД, "НОБЕЛЬ"...
Альберт Эйнштейн, Нильс Бор, Зигмунд Фрейд, Карл Маркс, Марк Цукерберг, Сергей Брин... Булар бир чети гана. Еврей улутунан чыккан чыгаан инсандарды санап отурса бир канча китеп чыкчудай. Мындан тышкары учурдагы дүйнө жүзүндөгү миллиардер жана миллионерлердин көпчүлүгүнүн түпкү теги еврей улутунан болуп чыгат. Алсак, АКШдагы жалпы миллионерлердин 20 пайызын, ал эми Орусия миллиардерлеринин төрттөн бир бөлүгүн еврей улутунун өкүлдөрү түзүшөт. Еврейлер үчүн акча биринчи орунда эместигин алардын илим, медицина, искусство жана башка тармактагы ийгиликтери айгинелейт. Мисалы, эң көп “Нобель” сыйлыгын алгандар – еврей улутунан чыккан инсандар. 100 жылдан ашык тарыхы бар сыйлыкты уткандардын 20 пайызынан көбү дал ушул улуттан болуп чыгат. Ошондой эле дүйнөнү багындырган шахматчылардын көбү еврейлер.
Интеллект коэффициентин (IQ) салыштырсак, еврейлердин орточо көрсөткүчү 115 болуп саналат. Бул башка улуттардын көрсөткүчтөрүнөн орточо эсеп менен алганда 10-15 баллга көп. Мындай көрсөткүчкө башка улуттар таң калышып "эмне үчүн еврей улуту акылдуу?" деген суроого жооп издөө менен алек.
ЕВРОПАДАГЫ ЕВРЕЙЛЕР
Еврей улуту дүйнө жүзүндөгү байыркы элдердин катарына кирет. Алар тууралуу биздин заманга чейин 2 миң жыл мурунку тарыхта айтылат. Европага тараган еврейлерди ашкенази деп аташат, акылы менен айырмалангандар дал ушулар. Орто кылымдарда еврей эли Европада чачыранды болуп тарап катуу запкы чегишкен. Ошол кездеги мыйзамдар аталган улут үчүн катаал эле – курал-жарак кармоого тыюу салынган, жер тилкелерине ээ болууга мүмкүнчүлүк берилген эмес, ал тургай ар кыл кесиптин ээси болууга болбойт эле. Алар үчүн соода-сатык жана акча менен иштөө гана калган. Бул үчүн диндин таасири тийген. Христиан жана мусулмандар бири-бири менен иш жүргүзүшкөн эмес, ал эми еврейлер үчүн эки жак менен тең иштешүүгө мүмкүн эле. Жыйынтыгында еврейлер эки динди кармангандардын ортосундагы соода-сатык мамилелеринде көпүрө болуп турушкан. Акчага үстөк кошуу, насыя жана башка каражат маселесиндеги мамилелер еврейлер тарабынан түптөлгөн. Эсеп-кысап маселесинде иштин чоо-жайын түшүнгөн еврейлер куугунтукка кабылышканы менен, алар куулган коомчулукта дароо экономикалык баш аламандык жаралган. Ошентип еврейлер кайра ордуларына келип калышчу.
Мындай замандарда акыл жана тапкычтык гана еврейлерди сактап калмак, андыктан бул жаатта алар башкалардан айырмаланып турушуна тарых да себепкер. Андыктан еврейлер арасында “канчалык акылың өссө, чөнтөктөгү шекел (израиль акча бирдиги) да өсөт” деген кеп бекеринен жаралган эмес.
АКЫЛДЫН БАШАТЫ – ТАРБИЯ
Бул суроого алардын балдарына берген тарбиясы жооп болуп жүрбөсүн? Мүмкүн. Себеби бул улутта балдарга тарбия берүү чоң мааниге ээ. Учурда кандай заман болбосун еврей ата-энелери жана устаттары Тоораттын негизинде тарбия беришет. «Менин баламда кемчилик жок жана болушу да мүмкүн эмес» – еврей ата-энелеринин башкы насааты ушундай. Алар башынан эле балага адам канчалык акылдуу, кандай жогорку даражаларга жете аларын түшүндүрүп беришет.
Еврей баланы уруу, урушуп-тилдөө деген тарбияда колдонулбайт. Көңүлдү түшүрө турган сөздөрдү чоң кишилери балдарына айтышпайт. “Мындай жаман нерсени ушундай жакшы бала кантип жасап койду?” деп тентек балага апасы акырын гана айтып коёт.
Акылдуу балдарды тарбиялоодогу дагы бир өзгөчөлүк – “еврей чоң апасынын принциби”. Бул үй-бүлөдө баланы ар тарабынан колдоо дегенди түшүндүрөт. Кичинекей еврей спорт менен машыкпасын, музыка ойноп баштабасын еврей үй-бүлөдө бул “гениалдуу, сонун, азамат” деген мактоолорго татып турат. Мындай мактоолор баланын өзүнө болгон ишенимин арттырат.
АКЫЛДЫН АЙЫНАН ООРУГА ЧАЛДЫГЫП...
Эң көп запкы жеп келген ашкенази еврейлери геноциддин түрүн көрүшсө дагы, баары бир өз ордуларын таба алышты. Бул алардын канында тапкычтыгы же кандай абал болбосун жыйынтык чыгара алышкандыгы. Ашкеназилер илгертеден акылы жактан айырмаланбагандарын башка улуттар менен үй-бүлө түзүүгө мажбур кылышкан. Андыктан бул улутта бир гана акылдуу жана мыктылар иргелип турган. 1922-жылдары Израилдеги еврейлердин саны 700 миңден гана ашса, учурда алардын саны 7 миллиондон ашат (3 миллиондон ашыгы ашкенази еврейлери). Израиль учурда жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн саны боюнча дүйнө жүзүндө 1-орунда. Америкадагы еврейлердин саны жалпы элдин 2,2 пайызын түзгөнү менен, мыкты делинген окуу жайлардагы окутуучулардын 30 пайызы еврейлер. Мындай мисалдарды айта берсе толтура.
Акылдын көп болушу кээде зыяндыгын да тийгизет. Ашкенази эли 10дон ашык генетикалык ооруга дуушар болушат. Ал оорулардын көпчүлүгү башка элде такыр кездешпей турган оорулар. Ал ооруларды изилдеген окумуштуулар кызыктуу тыянакка келишкен, оорулардын тийгизген таасири мээнин иштешин жакшыртууга өбөлгө түзгөн.
Тель-Авив шаарынын Бен-Гурион аэропортунда келип жаткандар үчүн “Сулуу болгула” деген жазуу жазылып турат. Еврейлерди түшүнгөндөр акылдуулардын баары эбак ушул жерде да деп билишет.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg