ӨЛКӨ ИЧИНДЕГИ АВИАКАТТАМДАР ЭМНЕГЕ КЫМБАТ?

Бишкек–Москва авиабагыты боюнча сапарга чыгып, бир күн эрте авиабилет алууга туура келип, билет баасы 5060 сомду (тамагы менен) түздү. Ал эми ушул күнү эле Бишкектен Ошко сапар алган жүргүнчүнүн билет баасы 3500 сом болгонуна күбө болдум. Бишкек–Москва авиажолу 2990 чакырымды түзсө, Бишкек–Ош аба жолу 305 чакырым. Аралыгында 10 эселик айырма болгон бул эки каттамдын билет баалары дээрлик бирдей. Менде эмне үчүн ички каттамдардын билет баасы кымбат деген суроо жаралды.

"ИЧКИ АВИАКАТТАМДАРДЫ ЖАЛАҢ ЖЕКЕ АВИАКОМПАНИЯЛАР ЖҮРГҮЗӨТ"
Бул суроону Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин Жарандык авиация бөлүмүнүн башкы адиси Арзымат Матмуратовго берип көрдүм. Ал "ички каттамдардын бааларынын кымбаттыгынын бирден-бир себеби – мамлекеттик учактын жетишсиздиги" деп түшүндүрдү.

– Арзымат мырза, өлкө ичинде учуунун баасы сырткы авиакаттамдардын билет баалары менен дээрлик бирдей болуп калганын байкоого болот. Бул жагдай эмнеден көз каранды?

– Ар кандай кырдаалдар кездешет. Кээ бир учурларда авиакомпаниялар ар кандай акцияларды уюштуруп, кардарларды өзүнө тартуу үчүн жарнама катары авиабилеттердин баасына пайыздык арзандатуу иштерин жүргүзүп турушат.

– Былтыр өлкө ичиндеги авиакаттамдардын билет баасын 4000 сомдон ашырбоо чеги коюлбады беле, бул тартип бүгүн да күчүндөбү?

– Жолдо унаа менен жүрүүдө кыйынчылыктар жаралгандыктан авиабилеттердин бааларын төмөндөтүү маселеси чыгып, министрлик тараптан жергиликтүү өлкө ичиндеги авиаташууларды аткарган авиакомпаниялар менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, сиз айткан тартип макулдашылган. Биз авиакомпанияларга билеттердин бааларынын тарифин кандай коюу боюнча буйрук бергенге укугубуз жок. Болгону милдеттүү эмес түрдө сурана алабыз. Ошондуктан авиакомпаниялар менен аталган маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнбүз. Өлкө ичиндеги каттамдарды “Тез жет”, “Авиатрафик Компани” жана “Эйр Манас” болуп 3 жеке авиакомпания ишке ашырса, алардын баары министрликтин суранычына макул болушкан. Ага ылайык, министрликтин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин тиешелүү буйругу чыккан.

– Ички каттамдарга болгон баа арзаныраак болушу үчүн мамлекеттик учакты ишке киргизсе болбойбу?

– Бул чоң маселе дейт элем. Мурда ички жана эл аралык багыттар боюнча мамлекеттик “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы учууларды аткарып келген. Бирок азыркы учурда авиакомпаниянын учагы тиешелүү оңдоо иштеринен өтүп жатканына байланыштуу учууларды аткаруу мүмкүнчүлүгү жок болуп турат. Учурда ички каттамдарды ишке ашырып жаткан жеке авиакомпаниялар деле активдүү иштеп жатышат.

“МАЙ АЙЫНДА МУНАЙДЫН БААСЫ 10 ПАЙЫЗГА ӨСТҮ”
Жергебиздеги ички авиакаттамдарга болгон билет бааларына дүйнөлүк рыноктогу мунайдын баасы түздөн-түз таасирин тийгизерин Кыргыз өлкөсүнүн мунай сатуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов айтты:

– Кыргыз өлкөсүнө бардык мунай азыктар, алардын ичинен авиакүйүүчү майлары да Орусиядан келет. Мисалга алсак, ушул жылдын май айында эле 10 пайызга, ал эми жыл башынан бери 20-22 пайызга мунайга болгон баанын өскөнү байкалды. Мындай жагдай дүйнөлүк рынокто да орун алууда. Ушундан улам авиабилеттерге болгон баа жогорулоодо. Биздин өлкө жылына авиакаттамдар үчүн 100 миң тонна күйүүчү май керектейт.

“КЫЗЫКЧЫЛЫКТАР ОДОНО БУЗУЛСА ЧАРА КӨРҮЛӨТ”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин тармактарды жөнгө салуу башкармалыгынын башкы адиси Руслан Казаковдон агенттик кайсы учурда авиабилеттердин бааларын чегерүү ишине кийлигише аларын сурадык:

– Өлкө ичиндеги авиабилеттердин бааларын жөнгө салуу буга чейин биздин агенттикке тиешелүү болуп келсе, мамлекет ЕАЭБдин мүчөсү болгондон кийин анын шарттарына ылайык, авиабилеттердин баалары авиакомпаниялар арасындагы атаандаштык жана суроо-талапка ылайык коюлат. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, өлкөбүздөгү ички каттамдарды ишке ашырган ири авиакомпаниялардын үстүнөн экономикалык-статистикалык көзөмөл жүргүзүлүп турат. “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамын бузуп, аталган компаниялардын бири башка ишкананын кызыкчылыгын кысымга алса же жарандардын кызыкчылыгын одоно бузса, мындай иштерде биздин агенттик кийлигишип, мыйзам түрүндө чара көрөт.

“ЖАЙКЫ СЕЗОНДО АВИАБИЛЕТТЕР КЫМБАТЫРААК САТЫЛАТ”
Кыргыз өлкөсүндөгү ички авиакаттамдарды жүргүзгөн “Эйр Манас” авиакомпаниясынын башкы директору Талгат Нурбаевдин айтымында, авиакомпания үчүн учуу канчалык узак болсо, ошончолук үнөмдүү болот. Ошентсе да аталган авиакомпания өлкө ичинде авиакаттамдарды байма-бай жүргүзүп келет.

– Авиабилеттердин бааларына учактарды сатып алуу, тейлөө, күйүүчү майдын наркы түздөн-түз таасир этет. Мындан тышкары билеттин баасы сезондон жана жүргүнчүнүн учуусуна канча күн калганынан көз каранды болот. Ошондой эле жай мезгилине салыштырмалуу кышында авиабилеттер арзаныраак сатылат. Авиациялык күйүүчү майдын жана учактарды тейлөө чыгымын эске алганда, жакын аралыкка салыштырмалуу орто аралыкка учуу компания үчүн үнөмдүү.

“БААЛАР ШАРТКА ЖАРАША КОЮЛАТ”
Бишкек–Исфана жана Ош–Тамчы авиакаттамдарынын билеттеринин наркынын нормадан кымбаттыгын аталган каттамдар боюнча иш жүргүзгөн “Тез жет” авиакомпаниясынын коммерция бөлүмүнүн жетекчиси Ангелина Халиулина төмөндөгүчө түшүндүрдү:

– Аталган авиакаттамдарга бизден башка компания учпайт. Исфана, Тамчы, Баткен, Жалал-Абаддын аэропортторунда бир канча ыңгайсыздыктар бар. Мисалы, учак конуучу тилкелер тар, аэропорттордун шарттары талапка дал келбейт. Ошондуктан жогору баа коюуга туура келет. 4000 сомдук чектөө Бишкек–Ош авиакаттамына гана тиешелүү.

Биздин өлкөдөгү ички авиакаттамдардын билет баалары жөнүндө билип жатып, башка өлкөлөрдөгү ички авиакаттамдардын билет бааларына көз жүгүрттүк. Билет баалары эки күн алдын ала алынып, 23-июнга (эконом класс) карата көрсөтүлгөн:

Мамлекеттин өзүнүн карамагында учагы жетишсиз болгон учурда, албетте, жеке компаниялардын учактары иш жүргүзөт. Ал эми жеке компаниялар билет бааларын киреше табуу үчүн өздөрүнө ылайык кылары турган иш. Бирок жогоруда салыштыргандай, Кыргыз өлкөсүнүн ичиндеги авиабилеттердин баалары бир кыйла жогору экени байкалып жатат. Демек, буга тиешелүү органдар көңүл бурушу керек деген тыянак чыгат.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
monster_high_98
2018-06-26 11:27:54
3 000 акча менен Ошко 4-5жолу барып келесинго машина менен
+2
monster_high_98
2018-06-26 11:29:58
Аргасыздан гана чыгат да кээ бир узак жолго чыдабаган улуу муундар, шашылыш жумушу барлар, силер болсо бетинерди бе# тонна кылып, асмандагы бааны айтып отурасынар
+2
Ma9
2018-06-26 20:16:28
Ой тоба уялып койушса болмок жеке кампаниялар байып эле жатып калышканго
+2
Pamirlan
2018-06-27 11:03:02
ар шылтоону эле айтышат го
+1
Dalil
2018-06-28 09:15:28
Бааларды арзандатып рейстердин санын көбөйтсө элдер көпчүлүгү авиакаттам менен эле каттамак. Мамлекеттик авиакаттам жетишсиз дегени жөн гана шылтоо. Мунун артында көп оюн бар. Дагы бир мисал темир жол каттамы да актабай жатат деп какшайт. Барып көрсөңөр баасы учак менен учкандан кымбат жана3 сутка жолдо жүрүшүң керек болот. Ким анда поезге чыкмак эле учак турганда. Баасын арзандатса жана жакшы шарттарын түзсө анан эл чыгат эле
0
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан