ЖАТЫНДАН СЫРТКАРЫ БОЙГО БҮТҮҮ ӨЛҮМГӨ АЛЫП КЕЛЕТ

Айымдардан “жатындан сырткары бойго бүтүп калыптыр” деген кепти угуп эле жүрсөңүз керек. Эмне үчүн адаттан тыш болгон мындай патология катталат? Врач акушер-гинеколог Бактыгүл Максутова бул темада түшүнүк берет.
Жатындан сырткары бойго бүтүү кээде өлүмгө алып келиши мүмкүн. Андыктан өз убагында кайрылып, алдын алалы.


– Бактыгүл айым, кайсы учурда айымдарда мындай көйгөй жаралышы мүмкүн?
-Жатын түтүкчөлөрүнө суук өтүп сезгенгенде, инфекция жукканда дарыланбай жүрө берсе жыйынтыгы ушундай болот. Эгер айымда хламидия бактериясы болсо ал оорутпайт, бир аз былжыр (слизь) бөлүнүп чыгат. Аялдар ага көңүл бурбай тазамын деп жүрө беришет. Же жатын түтүкчөлөрүнө суук тийгизип алса ал түтүкчөлөрдүн бүтөлүп калышына жеткирет (спайка). Анан, албетте, ал жерден уруктанган клетка өтө албай түтүкчөнүн ичинде калып кетет. Же овуляция учурунда эн безине сперма барып, чыга албай калса ошол жакка бүтүп калышы мүмкүн.

– Жатындан сырткары бойго бүтүүдө кандай коркунучтар бар?
-Бул уруктанган клетка кайсы жерде токтоп калганына байланыштуу болот. Өз убагында гинекологго кайрылса ден соолукка көп коркунуч жок. Кээде ич көңдөйгө бүтүп, түйүлдүк чоңойгон учурлар катталган. Бирок түйүлдүк улам чоңойгон сайын ички органдарды кысып салат. Ошондой эле эн безине бүтүп калгандарды операция жолу менен алабыз. Мындан эң коркунучтуусу жатын моюнчасына жана жатын түтүкчөсүнүн истмикалык бөлүгүнө бүтүп калганда. Жатын моюнчасына түйүлдүк жабышып калса, операция да оор болот. Анткени жатынды жатын моюнчасы менен алып салууга туура келет. Истмикалык бөлүк аябай ичке болгондуктан ага жайгашкан түйүлдүктү убагында кесип албаса жатынга залалы тийип калышы ыктымал. Себеби жатындын кырынан кеткен кан тамырлар кошо жарылат да, ич көңдөйгө кан толуп, оорулуунун өлүмүнө жеткириши мүмкүн.

– Түйүлдүктү жатынга түшүрүү мүмкүнбү?
-Уруктук 3 жуманын арасында түтүктөн жатынга түшөт. Айрымдар ошол учурда шашып, УЗИге түшүп, ал жакта көрүнбөсө түтүкчөлөрүн кестиргенге чейин барат. Эгер УЗИден көрсөтпөй жатса, анда доплер УЗИге түшүш керек. Доплерден кызыл шакекче болуп көрүнөт. Эгер ХГЧдан гормону оң чыкса, анда балага зыяны жок B тобундагы антибиотиктер менен дарылоо жүргүзүлүп, түтүкчөдөгү былжыр челин шишитип, түйүлдүктү сактап калса болот. Ал ошондо жатынга түшөт.

– Жатын түтүкчөлөрүндө түйүлдүк канчага чейин жашай алат?
-Интерстициалдык бөлүктө 4-7 жумага чейин түтүкчөлөр чоюла алат. Андан ары жарылып кетет да, ич көңдөй канга толуп калат. Мындай учурда түтүкчө жарыла элек болсо дароо операция жасалып, түйүлдүк алынып салынат. Түтүкчөлөрдү пластикалык түрдө сактап калса болот. Эгер жарылып кетсе, анда түтүкчөлөр кошо кетет.

– Эң көп кезиккени кайсы түрү? Кантип дарылайсыздар?
-Жатын түтүкчөлөрүнүн интерстициалдык бөлүгүндө бойго бүтүү көп кезигет. Мурун жатынды сактап калуу үчүн ачып операция жасашчу. Учурда лапароскопиялык ыкманы колдонобуз. Анда түтүкчөнү жарбай, атайын аппарат менен сырттан тешип, түйүлдүк алынат да, түтүкчөнү тазалап чыгабыз. Ошондой эле химиотерапиялык ыкма бар, бул консервативдик метод болуп саналат. Аялдын абалы жакшы болсо метотрексат каражатын колдонуп, түйүлдүктү катырат. Анын жаман жагы – боорго зыян, организм кеч калыптанат.




КАЙСЫ УЧУРДА ЖАТЫНДАН СЫРТКАРЫ БОЙГО БҮТӨТ?
Эгер аялдын ден соолугу чың болсо, эч кандай коркунуч жок. Эгерде төмөнкү оорулар болсо жатындан сырткары бойго бүтүп калуу коркунучу бар:

  • Ич көңдөйдөгү органга операция жасалса (мисалы, сокур ичеги, пиосальпинкс, пиовар, бүтөлгөн жатын түтүкчөлөрү);
  • Жатын түтүкчөлөрү тубаса жакшы өспөй калса же аномалия болсо;
  • Жыныстык мүчөлөрдүн инфекциялык оорулары (гонорея хламидиоз, микоплазмоз, уреаплазмоз);
  • Жатын түтүкчөлөрүнүн бүтөлүшү же ички чел кабыгынын сезгениши;
  • Эркектин уруктугунун кыймыл-аракети начар болсо;
  • Жатынга коюлчу спираль туура эмес жайгашып же жылышып кетсе;
  • Гормоналдык өзгөрүүлөр болсо;
  • ЭКУ жасалса да жатындан сырткары жайгашып калышы мүмкүн.


БЕЛГИЛЕРИ:

  • Айыздын келбей калышы 2-3 жумадан ашып калса.
  • Талгак.
  • Эмчектин көлөмү чоңоёт.
  • Күрөң түстөгү кан сымал суюктук агат.
  • Толгоо сыяктуу ич бурап ооруйт.


ЖАТЫН ТҮТҮКЧӨЛӨРҮ ЖАРЫЛЫП КЕТКЕНДЕГИ БЕЛГИЛЕР:

  • Кан тамырлары жарылып кеткендиктен ич көңдөйгө кан толуп кетет.
  • Кан кеткендиктен гемоглобин азайып, өң бозорот.
  • Алсыздык.
  • Баш айлануу.
  • Кан басымдын түшүүсү.
  • Эси ооп, өзүн жоготуу (оор учурда).


ДАРТТЫ АНЫКТОО

  • ХГЧ анализин тапшыруу (түйүлдүк бар-жогун аныктайт)
  • Доплер УЗИге түшүү


ДАРЫЛОО
Операциялык жол
1) Лапароскопиялык ыкма
2) Ачып жасоо
Химиотерапиялык жол


АЛДЫН АЛУУ

  • Жыныстык мүчөлөрдө сезгенүү болору менен текшерилүү, дарылануу.
  • 6 ай сайын текшерилүү.

Убагында дарыланбаса айымдын жыныс кынына кирген инфекция жатынга, андан жумуртка бездерине өтүп отуруп, 6 айда чоң маселе жаратат. Ошондуктан ооруган-оорубаганына карабай 6 ай сайын гинекологго текшерилип туруу керек.

КАЛЫБЫНА КЕЛҮҮ

  • Операциядан кийин аял 1 жылча сактаныш керек. Анткени иммунитет түшүп, организм алсыз болуп калат.
  • Аялда кандай бактерия болсо (мисалы, гонорея, хламидиоз) ошондон тазаланыш үчүн 3 ай айыз цикли менен дарылануусу шарт.
  • Жыныстык жактан жугуучу ооруларда аял күйөөсү экөө тең дарылануудан өтүүсү абзел. Болбосо кийинкисинде да кайра эле жатындан сырткары бойго бүтүп калуусу мүмкүн. Ал тургай балалуу болбой калуу коркунучу бар.
  • Гормоналдык өзгөрүүлөрдү калыбына келтирүү зарыл.
  • Физиотерапиялык дарылануу, бүтөлүп калган жатын түтүкчөлөрүн дарылоо менен калыпка келтирүү.
  • Анализ тапшыруу менен оорудан айыккандыгын тактоо.



Гүлжамал Абылкасымова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Merelisha
2018-06-26 13:12:07
Кудайым сактасын,эхх..Аялдын туйшугу коп,толтура.
+9
Byrmachach
2018-06-26 14:17:49
Ошон үчүн ден соолукту жакшы карап, жаштыкта төрөп алган эң туура экен. Жаш кезде ката кылып, кийин аттиң кылган көп болсо керек. Элибиздин саны көбөйсүн.
+9
melante
2018-06-27 10:40:15
Апрель айында внематочной болуп калып операция болдум, аябай кутуп,суйунуп жургонбуз,токсикоз болуп,жейм дегенди жеп, бир куну аябай катуу ооруп жатып калдым,олот окшойм деген эле ой Кетти, бир кызым бар,3айында учетке турган,ошого окшоп 3 айында учетко турам да деп, узиге тушсом турбада дейт,жети недель болуп,30мм болуп чоноюп калыптыр,кадимкидей журогу согуп жатат, звугун угуп алып озумду жоготуп коюпмун, срочно операция болуп, баланы алдырды (туйулдук дегим келбейт,ал балам болчу да)жаман
+1
melante
2018-06-27 10:44:36
Жаман болдум, воспаление ото серьезный экенин ошондо тушундум,ошого Эл не дейт дебей жылуу эле кийинип журолу,бир гинеколог загиб матки деп,бирок эч нерсе болбойт,торойсун десе суйунуп журо берипмин,корсо загиб матки бул воспаление болуп спайка болуп калат экен,анан загиб болуп боюнда болушу кыйын+внематочной болушуна алып келиши мумкун экен,ошого биринчи озубузду карап журолу аялзат, операциядан коро торогон оной эле болду мага,жети недель чегине жетип анан белги бериптир мага(((
+1
MaRmeLaDka
2018-06-27 17:28:24
melante, Кудай сактасын! Аялзат ден соолугун караш керек экен негизи.
+2
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан