РАХМАТ. БЕЛЕКТЕР, ЖАКШЫРТУУЛАР, ЖЕҢИЛДИКТЕР...

Рахмат. Кандай жакшы сөз, ээ? Бул сөздү айткан да, уккан да адамда кандайдыр бир канааттануу пайда болот эмеспи. Кээде ыраазычылыкты сөз менен эле эмес, кандайдыр бир белек же кызмат аркылуу билдиришет. Алардын бири “Beeline” компаниясы өзүнүн абоненттерине рахматын айтат.

ДОСТУКТУ БЕКЕМДӨӨ

Мындан туура 20 жыл мурда “Beeline’да” биринчи базалык станция жана биринчи кардар пайда болуп, биринчи чалуу ишке ашкан. Ушуга байланыштуу бул компания быйылкы жылды тармактын 20 жылдыгы деп атап, кардарлары менен достукту бекемдөө үчүн “Спасибо” деген кампанияны ишке киргизгенинен кабардар болуп, ал тууралуу сурап-билгим келди.

Ал үчүн компаниянын кызматкерлери менен бейрасмий жолугушуп, сүйлөшүп отурдум да, кызыктуу маалыматтарды алдым. Көрсө, алар абоненттеринин ыңгайы үчүн көптөгөн жеңилдетүүлөрдү жана өзгөртүүлөрдү жүргүзө башташыптыр. Мага жөн эле алардын продуктун колдонуп жатканым үчүн арзандатууларды жана бекер кызматтарды беришет экен. Дүкөндөрдөгү арзандатууларды жөн өткөрбөй, түрдүү акцияларга кызыккан жаным, бул мүмкүнчүлүктү коё бербей, колдонуп калайын дедим. Ал ортодо бул кубанычтуу кабарды сиздер менен да бөлүшүүнү чечтим.

ЖАКШЫ ЖАККА ӨЗГӨРГӨН ШАРТТАР

Эгерде сиздин тарифтик планыңыз “Всё” же “Сүйлө” болсо, анда сиздин шарттарыңыз жакшы жакка өзгөрдү. Үстүбүздөгү жылдын 15-майынан тарта “Beeline” тармагынын ичинде чектөөсүз чалуулар жана СМСтер, түнкү 1ден таңкы 7ге чейин чексиз интернет берилип, ал эми адатта сиз интернет үчүн төлөп жүргөн каражат эми кыйла арзандаптыр. Тактап айтканда, мурда 1 Мб интернет үчүн 1 сом төлөсөңүз, азыр ага 10 тыйын гана коротосуз.

БААРЫ ОҢОЙ

Жогоруда саналган жакшыртуулар “Beeline’ды” тандап келе жаткан абоненттер үчүн жеткиликтүү болсо, жаңы абоненттердин кызыкчылыгы үчүн “Просто” деген тарифтик план ишке киргизилгенин маектешим, компаниянын маркетинг кызматынын менеджери Жалил Гиматдинов айтып берди. Анын айтымында, бул жаңы тарифтик планда эч кандай түшүнүксүз шарттар жок. Кээде мобилдик оператор эсептен акча алып коюп, анын эмнеге корогонун биз билбей калат эмеспизби. Кийин жакшылап көңүл бура келсең майда шрифт менен түрдүү шарттар жазылган болуп чыгат. Ал эми бул тарифтик планда майда шрифттер, жылдызчалар жана жашыруун шарттар жок. Айтор, атына заты жарашып жөнөкөй жана ыңгайлуу экен.

ТАРИФТИК ПЛАНДЫ КОТОРУУ ДА БЕКЕР

“Beeline’да” буга чейин бир тарифтик пландан экинчиге өтүү 40 сом турса, эми өзүмө ыңгайлуу тарифтик планга эч кандай төлөмсүз эле өтөт экенмин. Мобилдик оператордун ушундай ыңгайлуу шарт түзүп, жеңилдик берип турганы жакты. Тарифтик планды өзүнүн ыңгайына жараша которуп алгысы келген мендейлерге жакшы болду. Эми көбүрөөк интернет алгым келгенде өзүмө керектүү тарифтик планга эч кандай төлөмсүз которула алам. Канча тарифтик планга канча жолу которулсам да, мага эч ким эч кандай тыюу салбайт экен.

“Супер укмуш+”
Тармак ичиндеги чалуулар
1,04 сом
Тармак ичиндеги СМСтер
1,25 сом
Тармак ичиндеги 15 мүнөт сүйлөшүүдөн кийинки чалуулар жана СМСтер акысыз

“Старт+”
Тармак ичиндеги чалуулар
1,14 сом
Тармак ичиндеги СМСтер
1,25 сом
Тармак ичиндеги 15 мүнөт сүйлөшүүдөн кийинки чалуулар жана СМСтер акысыз

“ЖАКШЫРТУУЛАР КӨБӨЙӨ БЕРЕТ”

Жалил Гиматдинов улам бир жакшыртуу жөнүндө айтып берип жатса, аны кызыгып угуп, ар кандай суроо бере берип жарым саат өтүп кеткенин билбей калыптырмын. Ал “Спасибо” кампаниясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан мындай жакшыртуулар улам алмашып, улам толуктала берерин да айтты:

– Бул жакшыртуулар чектөө эмес. Абоненттердин жашоосун жеңилдетүү үчүн мындан ары да улам жаңылануунун үстүндө иштей беребиз. Бул башталышы гана. Алдыда жаңы тарифтик пландарды ойлоп таап, техникалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, тармактын сапатын жакшыртууну көздөп турабыз. “Спасибо” кампаниясынын алкагындагы жакшыртуулардын мөөнөтү жок.

Жогоруда аталган тарифтик пландарды колдонуп жүргөн абоненттерде бул жакшыртуулар автоматтык түрдө ишке киргизилет. Абонент эми мурдагыдай эле абоненттик төлөм менен андан да көбүрөөк колдонуу мүмкүнчүлүгүн алат. Эски баа – жаңы мүмкүнчүлүктөр.

“СПАСИБО” БОЮНЧА КҮНҮНӨ 1000ДЕЙ АДАМ СУРОО БЕРҮҮДӨ”

Аталган долбоордун мүчөсү Гүлжамал Усенова абоненттерге байма-бай чалып, алардын суроо-талабын же каалоо-тилегин угуп турат. Ал байланыштын сапатын жакшыртуу үчүн абоненттердин ой-пикири абдан маанилүү экенин билдирди:

– “Спасибо” кампаниясынын алкагындагы жакшыртуулар боюнча үстүртөн кабардар болгон абоненттер кененирээк маалымат алуу үчүн байланыш борборго чалып, түшүнбөй калган суроолорун берип, жооп алышууда. Ушул кампаниянын алкагындагы акциялар боюнча гана суроо бергендердин саны күнүнө 800-1500гө жетүүдө.

Мындан тышкары абонент менен тыгыз иштешүү максатында дагы бир кызмат ишке киргиздик. Эми абонент кайсы бир продукт боюнча кененирээк билүүнү кааласа, байланыш борбордун кызматкери аны түздөн-түз ошол продукттун өндүрүүчүсү же автору менен байланыштырат. Мисалы, Жалил иштеп чыккан продукт боюнча суроого ал өзү жооп берип, ал тургай абонентке эмне жагып же жакпай жатканын угуп, ошого жараша иш кылат. Мурда түшүндүрүп эле тим болсок, азыр кардардын каалоосуна жараша өзгөртүү киргизе алабыз. Кардардын ою байланыш сапатын жакшыртканга жардам берет.


Алтынай Тынышова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Jyrgal_msk
2018-06-26 20:38:27
Ушу Билайнга эч ишенбей калдым.Кээ бир жерде тартпай калат.Колдонбойм дагы.Тармак ичинде да акча алат болчу.Эми эсине келиптирби?Ошкага айлап акча салбасан да тармак ичинде бекер.Мактанса,мактанбаса да эл жакшы билет.
+1
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан