Эркин Эгембердиев, актёр: “МЕН АЙГЕРИМ РАСУЛ КЫЗЫНАН ГАНА ЖЕҢИЛИП КАЛГАМ”

– Эркин, кош келдиң! Кандай жаңылыктарың бар?

– Жаңылыгым мен азыр актёрлуктан оолактап, режиссёрлук кылуу жагына ыктап жатам. Былтыр казак драматургу Рахымжан Отарбаевдин “Актриса” аттуу пьесасын режиссёр катары койдум. Ошол эле драматургдун атындагы фестивалда Гран-прини жеңип алдык.

– Бул бир кесиптен тажап кетүүбү же өзүңдү ар тараптан издөөбү?

– Актёрлуктан тажабай калайын. Мындай караганда ошол эле ишим. Азыр башка бир заман келе жатпайбы. Бул менин заманга ылайыкташып баштаганым го. Кээде ыр жазам, аябай эргүү келгенде кара сөз түрүндө да төгүп жиберем.

– Ырчыларды сындаган учурларыңды байкап жүрөбүз. Ошол эле сынды кино же театр жаатына айта аласыңбы?

– Сын айтуу үчүн адам атайын окуусун окушу керек. Бизде болсо кыргызчылык кылып эле “бүткөн ишке сынчы көп” боло беребиз. Мисалы, ырды Муратбек Бегалиев сындасын, театрды Жаныш Кулманбетов сындасын, кинону Гүлбара Төлөмүшова сындасын. Алардын укугу бар. Катардагы адам тасманы же ырды сындап жатса, демек, аны деле катардагы профессионал эмес адам тартты же ырдады. Кошулам, азыр жеңил-желпи, идеясы, максаты белгисиз тоголок тасмалар тартылып жатат. Тартыла берсин, ошонун арасынан эл тандаганын көрөт. Жакынкы 5 жылда кино тарткан адам деле элге эмне керек экенин билип калат да, өзөктүү тасмаларды тартып баштайт. Кыргыздар “акча жок болсо маданиятты ким көтөрмөк эле?” деп тоголонуп жатып калбадыкпы. Англияда укмуштуудай ачарчылык болуп жаткан учурда да бүт каражатты маданиятка коротушуптур. Эмнеге? Анткени алар элдин духун көтөрүү, майдаланып көр соода болуп кетпеши үчүн далалат кылышыптыр.

– Актёрлук сен үчүн эмне?

– Мен кичинемде эле актёр болом деп ишенчүмүн. Бала чагымда балдар менен ойночу эмесмин, жалгыздыкты жакшы көрчүмүн. Жанымда бир кыз болуп, же бир досум болуп роль аткара берчүмүн. Бул менин дүйнөм болчу. Ичимде оргуштаган бир сезим болгонуна карабай уялчаак элем. Ата-энем “сенден актёр чыкмак беле, ырдабасаң же роль аткарбасаң, кана, аткарып көрчү” десе уялып аткарчу эмесмин. Бирок ички туюмум менен актёр болорумду билчүмүн.

Бир күнү мектептен дубалда илинип турган сынакка көзүм түштү. Анда “шайыр, шыктуу балдарды кабыл алабыз” деп жазылыптыр. КВН сыяктуу нерсе. “Шайыр балдар клубу” деп аталса керек эле. Мен да аткара турган болдум. Тандап жатышкан балдардын оюндарын карасам баары эле окшош нерселерди аткарып жатышат. Мен өзгөчөлүк кылайын дедим да, завуч болуп иштеген маңдайымда турган агайды “сизди туурап берем” дедим. Өзүндөй туураган окшойм, каткырып эле жатып калышты. Ошентип мурдагы Улуттук телеканалга келип, ошол көрсөтүүгө катышып жүрдүм. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин бүтүрдүм. Окуп жүргөндө Кыргыз драма театрына чакырышты, анан “Дем” театрына өттүм.

– “Дем” театрындагы жигиттер мага башкача сезилет, бир өзгөчөлүгүңөр бар, бирок таппай жатам. Балким, сен айтарсың...

– “Демдин” жигиттеринин бардыгы таанымал. Кыргызстан эле эмес, Орто Азияга таанымал десем болот. Баары таланттуу, сөз жок. Бирок айтайын дегеним ал эмес. Сөз кылууга татыктуу нерсе – алардын жөнөкөйлүгү. Агайыбыз Марат Козукеев жылдыз оорусу менен ооруп кетпесин деп интервьюларга да чанда жиберчү. Анан биздин ынтымагыбыз бекем. Бирибиздин ишибиз жогорулап бара жатса жалпыбыз кубанабыз, жардам беребиз. “Дем” – биз үчүн өзгөчө дүйнө. Мисалы, Аскат Сулайманов миң долларга тойду алып барам деп сүйлөшүп алып, бирок ошол эле убакта “Дем” театры чакырып калса ал ошол тойду жыйыштырып коёт. Же Азиз Мурадиллаев бир съёмкасы болуп, бирок “Демге” келиши керек болсо аны токтотуп келет. Баарыбызда ушундай. Бул акчага да, башкага да байланбаган бир дүйнө.

– Актёрлордун арасында атаандаштык жок десең баары бир ишенбейм...

– Башкаларга атаандашабыз. Биз деле адамбыз да. Бирок бири-бирибизге эмес.

– Ынтымагыңар арта берсин! Актёрлор кандай жашоодо жашап жатышат, бир төгүлүп албайсыңбы?

– Мен өзүм аябай карапайым үй-бүлөдө чоңойдум. Үй-бүлөдө 5 эркекпиз. Балалыгыбыз өткөөл кырдаалга туш келип калды. Кээде сууга туз салып эле ичип алган күндөрүбүз болгон, же сууга нан чылап жеп алган учурлар. Инилеримди ээрчитип темир-тезек, алюминий издечүбүз. Мындай жашоону башынан өткөргөн адам азыркысына шүгүр деп эле калат. Азыр кыздарыма 3 актылуу спектакль коюп тамак берем. Биринчисинде аюуга айланып алдап жегизем, анда жебей койсо түлкүнү, кийин карышкырды туурап жан алакетке түшүп жатып араң тамактандырам. Биздин учурда апам “эй, тарелканы кошо жейсиңерби?” деп урушчу.

– Чыгармачылык үчүн курмандыкка барууга туура келген учур болгонбу?

– Болгон. Чет жакка чыгып бутума туруп кетүү мүмкүнчүлүгү келген. Чыгармачылыкта кеңеше турган адамдарым бар. Алар мындай келди-кетти кеңештерди айтпайт, туура, так жакшы кеңеш беришет. Ошолор “Эркин, сенин келечегиң бар жигитсиң, талантың да бар. Мына азыр бир толкун келе жатат. Бул чыгармачылыкта кээде гана келе турган чоң толкун. Кармасаң кармап каласың, болбосо жок. Кетип калсаң өкүнүп калышың мүмкүн. Курсак кайдан болсо да тоёт” деп айтты. Калып калдым. Чын эле жакшы болду. Ошол толкунду кармап калбаганымда азыр бул жерде интервью берип отурат белем, ким билет? Ошондо чыгармачылыкты таштап кеткен досторум жакында келишти. Баары бир актёр да. Театрга келип иштегиси келип, муңканып турганын көрүп мен өзүмдүн чечимим туура болгонун билдим.

– Сүйүүгө туруктуусуңбу деп сурагым келди эмнегедир?

– Апам мени “однолюбсуң” деп айтат. Чын эле ошондоймун. Бактыма мен кыялдангандай аял туш келди. Кудайдан эмнени сурасам баарын берди.

Мен бир жылдары кыздарды сулуулук сынагына даярдап калгам. 2009-жылдар болсо керек эле. Кыздарды актёрлук чеберчилигине карап, кантип чыгыш керек, кантип жүгүнүш керек, номери кандай болот, бийи кандай болот, бүт бардыгын даярдап берчүмүн. Кыздар арасында аябай популярдуу болуп кеткем. Өздөрү издеп келишчү. “Сиз гарантиясы менен жеңишке жеткирет экенсиз” деп айтышчу. Даярдаганым үчүн 250 доллар алчумун. Чын эле мен даярдаган кыздар сөзсүз биринчиликти алышчу. Арасында мен даярдап, бирок 2-орунду алып калган бир гана Айпери Кубик кызы болду. “Шоу-бизнес сулуусу” сынагына даярдап, бирок биринчиликти Айгерим Расул кызы алып кеткен. Ошондо эле жеңилип калдым (күлүп). Ошол күндөрдүн биринде Диана (ред.: жубайы) келиптир, ыр сынагына катышмак экен. Тамашалап “мен даярдаганым үчүн 500 доллар алам” десем, “жарымын алып туруңуз” деп 250 доллар берди. “Макул” деп даярдана баштадык. Карасам убагында келет, ишине аябай так, сөзү орундуу, өзү жылдыздуу кыз экен. Мамилебиз уланып отуруп үйлөнүп калдык.

– Жубайың анан 250 долларды төлөдүбү?

– Жок (күлүп). Мен чоңго жыгылып калбадымбы. Ошол сынакта Диана биринчиликти алды. Ошондон кийин мен кыздарды даярдаганды таштадым. Арасында сулуусу, акылдуусу, укмуштары бар болчу. Бирок жүрөк Диана деп эле туруп алды. Жагышып жашап келе жатабыз. Бир эле ага жакпаган мүнөзүм – жулунуп-улунуп кетпегеним. Жакында эле бир мамлекеттик кызматта иштеген адам “документтериңди даярда, сага наам алып берем” деди. Мен баш тарттым. Анткени мага устат болгон адамдар ала элек. Ал наамды алып, алардын бетин кантип карайм?

– Сөз арасында “мен тилеген нерсенин баарын Кудай берет” дедиң. Жакынкы арада эмне тилек кылдың?

– Ал сыр боюнча калсын. Балким, бербей калса бирөөлөр “Эркин баягыда ошентип айткан, кана анысы?” деп жүрбөсүн.

"Кыздарыма спектакль коюп тамак берем".


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Alpengold.
2018-06-26 17:17:57
Жакшы жакшы
+4
Same
2018-06-26 17:23:06
Аялынын суроту жоктугу жаман экен. Ушундай токтоо, суйлогон созу ордунда кишинин аялы кандай болду экен
+6
Zaina
2018-06-27 09:32:11
Same,аялы Диана Чотиева аябай сулуу, козу бакырайган, ак жуумал. Бир мектепте, параллель класста окуганбыз. Ал башында ырдап баштаган, бир конкурста Сайкал машина женип алганда Диана 3-орунду алган.
+1
Shokoladka94
2018-06-26 17:37:51
Аябай жагымдуу интервью болуптур. А кичинекей кызы өзүнө окшош экен☺️
+8
aszyma
2018-06-26 18:05:37
Мегатойдо ойногону эле жагатда. Кыздын жеңеси менен күйөөбаланы Бактыяр Бакыт Бахтияр Бакыт деп талашканычы.
+8
Saidochka
2018-06-26 19:10:31
Мына ушулар чыныгы профессионал актерлер, кайсы ишти кылба билим болуш керек баары Бир,чымчык сойсо да касап сойсун дейт го.Бул актерлер аткарган ролдорду ырахат менен коросун,анткени ишинин козун билишет.А анча мынча режиссер соройлордун кинолорун чыныгы кинонун баркын билгендер корбойт деле болсо керек деп ойлойм.
+5
dobrajelatel
2018-06-26 19:47:43
Суперчилер азаматсынар, коз тийбесин. Откон аптадагы маек (Максат Тасмаев менен болгон) да абдан кызыктуу болгон. Жонокой, талантуу, эл сагынган атактууларды кутобуз Суперден. Жума сайын чыккан каармандардан лично мен тажадым.
+3
DAKS
2018-06-26 20:28:28
Устаттан тарбия, билим алган актерлор башкача болоорун дагы бир ирээт тастыктаптыр.
«Наам» десе алдыда улуу инсандарды козго илбей аша чапкан ырчылар ушу жигиттин созунун торун тушунушоор бекен?!
Маданиятка салым кошом деп роль жаратып спектакль ойногон актер-актрисаларды сыйлайм, бул онордун ээлери талыкпай эмгек кылышат,
уучунар узарып, эмгегинердин узурун коргуло!!!
+7
Meni_unut
2018-06-26 21:19:46
Жонокойлугу билинип турат!!!
+5
Solnyshkin
2018-06-27 01:19:19
Azamat, myna beti bar kishi ushintip bash tartat, kee bir yrchy soroilorgo okshoshpoi. Ubagy kelgende siz dagy alasyz. Iygilik
+4
fanatka19
2018-06-27 09:23:35
Актерлорду киного тартпай эле , кочодон кармап келип эле же кичине элге таанымал болуп калган ырчы пырчыларды тарта беришет. Мынакей чыныны актерлор ушулар ийгилик силерге.
+3
Zaina
2018-06-27 09:41:33
Менин классташтарым кобунчо белгилуу адамдардын урук тууганы же вялы/куйоосу экен. Актёр Майрамбек Жениш уулу менен бир класста окугам. Турусбек Жумалиевдин балдызы мен окуган мектепте окуган. Замир Арыкбаевдин бир тууган карындашы да классташым эле. Добрдын мурунку аялы Жылдызай да курбум эле. Модель Тансулуу Омурзакова да курбум болчу. Алпаруучу Кайрат Мусаев да досум болчу. Депутат Бекешовдун аялы Кундуз менен Бостондо таанышкам, Кундуздун ата-энеси менен да случайно таанышып калгам.
-1
AKCAHAT
2018-06-27 21:17:53
Zaina,)))
0
Zaina
2018-06-27 09:43:58
Кичинемде актерлор биздин уйго коп келчу экен, бироо биздин уйдо Жашагандыктан. Ушунча коп белгилуу адамдарды билчу экем, а озум чет олкодо тентип журом.
-5
Azatbek.Svoboda.
2018-06-27 20:22:16
Zaina,удачи!
-3
Zaina
2018-06-27 21:34:59
Azatbek.Svoboda.,в чем?
-3
Benazir08
2018-06-28 07:27:27
Аябай жакшы эркек экен. Айрыкча эн сонун ата экен. Уйбулолук бакыт каалайм. Кыздарыныз да бактылуу болуп келечекте чон ата таята болунуз
+4
cholpon119966
2018-07-01 11:08:18
Сонун майек болуптур. Жонокой инсан экен. Талантынызга таазим. Уй булолук бакыт каалайм. Чыгармачылыгыныз оркундоп осо берсин. Дем дин бардык актерлору мыкты.
+1
Miroslav
2018-07-02 18:19:20
Эркин менен Самаранын берген интервюсун окуп аларга жазылган коментариялерди салыштырып чыктым.Бири жон эле актер, бири эл артисти кимдин ким экенин ушул жерден билинди.Азаматсын укам)))бар бол сени мындай жонокой деп ойлобогом.
+2
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан