АКЫЛБЕК АБДЫКАЛЫКОВ ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛДА “ЭРКЕКТИН ЭҢ МЫКТЫ РОЛУ” НААМЫНА ТАТЫДЫ

Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыков Кытайда өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн катышуусундагы эл аралык кинофестивалда "Эркектин эң мыкты ролу" номинациясында биринчиликти жеңип алды. Аталган наам "Түнкү кырсык" тасмасындагы ролу үчүн берилди. Фестивалда 60тан ашык тасма көрсөтүлгөн. Актёр наам боюнча ойлору менен бөлүштү: "Түнкү кырсык" тасмасында роль жаратып жатканда мындай ийгиликке жетем деп ойлогон эмесмин. Режиссёр мени мурун да бир тасмага чакырган, бирок башка жакта болуп калып тартылбай калгам. Бул ролго чакырганда сүйүнүп эле барып ойноп бердим. Сценарий жакшы экен, сүйүү тууралуу болчу. Тасманы фестивалда чоң экрандан көрдүм. Мен ошондо Темир Бирназаровдун режиссёрлук чеберчилигин жогору бааладым. Фестивалдын жүрүшүндө элдин баары эле менин колумду кысып жатышканынан улам бир жакшы иш болот экен деп ойлоп койгом. Катышуучулардын көбү мага "кинону таштабаңыз, өзгөчө ролду жаратыптырсыз" деп айтып жатышты. Бул фестивалда "Эң мыкты фильм" номинациясын кытайлыктар өздөрү алып кетишти. Чындыгында эң мыкты фильм экен".

Эскерте кетсек, Акылбек Абдыкалыков Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актёр, режиссёр. Көрүнүктүү режиссёр Актан Арым Кубаттын агасы.

 star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан