Элмира Касымбекова, Төлөгөн Касымбековдун жубайы: «ЖАЗУУЧУ ЖАЗЫП ЖАТКАН ЧЫГАРМАСЫН ЭМЧЕКТЕГИ БАЛАМ ДЕП АТАЧУ»

Залкар жазуучу, тарыхый романдардын чебери Төлөгөн Касымбековдун арабыздан кеткенине жети жылдын жүзү болду. Жазуучунун бармактайынан баш кошкон жубайы 5 эркек, бир кыз төрөп берип, оорудан улам каза болгон. Кийин Элмира айымга баш кошуп, уул көргөн. Элмира эже менен баарлашып, жазуучу менен бирге өткөргөн өмүрүнө кайрылдык.

– Жазуучу көзү тирүү болсо 87 жаштын тамагын жемек экен...

– Ооба. Агайыңар оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 7 күн жатып, 2011-жылы 16-июнь күнү саат 11де үзүлүп кете берди. Январдын 15инде 80ге чыккан эле. Жыл сайын 3 күн куран окутчумун, бул сапар өзүм да, балам да ооруканада жатып калдык. Ага карабай атасынын жакшы көргөн тамагы эле деп беш бармак, боорсок бышыртып келип, ооруканада жаткандар менен чогуу куран окуттук. Мурунку турмушунан 5 эркек, 1 кызы, менден бир уул калды. «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» дегендей, ар кимибиз буюрган күндү көрүп жашап жатабыз. Менин уулумдан башкасынын баары чоң ата, чоң эне, таята, таене болушту. Уулум азыр мектеп жашында.

– Уулуңуз агалары, эжеси менен катташып турабы?

– Жок, катышкан жокпуз. Тарыхта өгөй деген нерсе болуп келген да, аны эч кимибиз тана албайбыз. Алар өз оокаты менен, биз өз оокатыбыз менен. Асылбек азыр кичинекей бала, кимди издеп барат? Мен ал үйгө балдарынын баары үй-бүлө куруп калганда бардым. Ал киши мени 69 жашында алды, мен 35 жаш куракта элем. Асылтайым эгиздин түгөйү. Түгөйү боюмдан түшүп, ысым коюп, жерге бердик. Бир күндөн кийин ичим ооруп калды, көрсө, боюмдан козголуп экинчиси да түшкөнү жатыптыр. Биринчи Кудайдын, экинчиси дарыгерлердин жардамы менен баламды сактап калдык. Менин да, агайыңардын да тукумунда эгиз төрөгөндөр бар экен. Бактылуу энемин. Кызым бар, неберелүү да болгом. Асылтайым чоңоюп келе жатат.

– Сиздин биринчи турмушуңуз эле Төлөгөн агай экен деп ойлоптурмун...

– Менин тагдырым ушундай экен, кыз кезимден оорунун азабын тартып, бөйрөк оорусу менен алышып келем. Жылдап ооруканага жаткан күндөрүм болду. Турмушка чыгып, кыз таптым, алардан жамандык көргөн жокмун, оорум тоскоол болуп ажырашып кеттим. Мен ооруп жүргөндүктөн кызымды 4-5 жашка чейин таенеси карады. Кызым 12 жашка келгенде агайыңарга турмушка чыктым. Өкмөттө иштеген бир эже агайыңарга «өзү жаш, бирок жүрүм-туруму мастан кемпир биякта эле калат, бир кызы бар келин бар» деп тамашалап сунуштаптыр. Мени чоң энем, чоң атам баккан. Балдары да «атама 40 жаштагы келин керек» деп издеген экен. Бул киши мени угуп ата-тегимди, уруумду иликтеп чыгып, жактырып, ата-энемди көрүү үчүн үйгө барыптыр. Уулу Райканды ээрчитип, "көңүлгө туура келсе таанышканыбыз үчүн деп чепкен, тебетей берели, эгер чалпоо болсо "дагы байланышабыз" деп келе берели" деп ата-бала жөнөп калышат.

Ата-энем Бишкекте турушчу, конокторду жакшы тосуп алышат. Атам китеп көп окуган адам эле. Автор менен окурман 3 саат маектешип, «Сынган кылычты» кайрадан иликтеп, жиликтеп чыгышат. Буларды кийин агайыңар өзү айтып берди. Дасторкон заматта түркүн тамак-ашка толуп, чакырылбай келген конокторду куда тоскондой тосуп алышыптыр. Апам бутунун учу менен сыртка чыгып, кайра басканын угузбай келип диванга отуруп, конокторду тейлеп, бир да үн катпаптыр. Анда Касымбеков 69 жашта болсо, атам 65те болчу. Бир убакта атам «келгениңизге жол болсун» деп эмнеге келгенин сурайт. «Сизде 40 жаштагы кыз бар экен, ошого келдик» дейт.

– «Жазуучуга 35 жашымда турмушка чыктым» деп айтчу элеңиз го...

– Мени сунуштагандар "1 кызы бар, 40 жаштагы келин" деп айтышыптыр. Ал кезде 4 баласы менен жесир калган 40 жаштагы эжем бар эле. Анан мен, менден кийинки 20 жаштагы сиңдим да бир баласы менен бой жүргөн. Атам эжемди сурап келди деп ойлоп «анын 4 баласы бар да?» деп Райканды карап калыптыр. Анткени атам уулуна жуучу түшүп жатат деп түшүнүптүр. Агай «Жок, 1 кызы бар кызыңызды мен өзүмө сурап келдим» деген экен. Ошондо 3 сааттай сүйлөп отурган атам далайга тилден калып калат. Анан агайыңар колунан келишинче атамды жайгарганга киришиптир. «Аксакал, мен кызыңызды акчага көпкөнүмдөн алганы жаткан жокмун, кызыңызды кеңешчи кылып алайын деп келдим. Мен Курманжанды жазган кишимин, батаңызды бериңиз» деп туруп алыптыр. Анан атам батасын берет. Ала келген кийитин жаап «Аксакал, кызды алыш үчүн мен өзүм келбейм. Мен ал курактан өтүп кеткем. Бирок созбойбуз, жуманын аягында алып кетебиз» дептир. Мен болгон окуяны укканда ыйладым, таарындым. Бирок атама эч нерсе дей алган жокмун. Анткени биз атабыздын сөзүн эки кылчу эмеспиз. Атам «Ушундай улуу адам келиптир. Мен макул дедим, артка жол жок. Ал киши сага "уул төрөп бер" деп да, "кыз төрөп бер" деп да айтпайт. Уулу да, кызы да бар экен» деди. Ошентип турмушка чыктым. Мен ал жерден бакыт таптым. Бакыт тапканым – уул таптым. Жакшы көз, жакшы маанай таптым. Элитадан орун алдым. Менин адамгерчилигим, адамдык парасатымдан улам ошол чөйрөдө калып калдым го. Эгер мен алтек-телтек болгонумда ошол чөйрөгө кошулат белем? Мен ошонума сыймыктанам, ошого кубанам. Корифейлер менен чай ичишем, «Төлөгөн акемдин байбичеси, жеңе» деп турушат.

– Залкардын залкардай түйшүгү бар дешет, ошону сездиңизби?

– Албетте, залкардын залкардай түйшүгү бар. 8-9 саат уктоо дегенди билген жокмун. Ал киши столдон турбай эле иштей берчү. Уйкусу келсе отурган ордунда 10-15 мүнөт жаагын таянып тук этип алчу. Бир да күнү эшиктен жалгыз келчү эмес, жанында сөзсүз 5-6 киши болчу. Кайсы убак болбосун дайыма тамагымды белендеп турчумун. Бир табак боорсокту ары-бери чайкай койчумун. Келген кишилер кээде таңда кетишчү, шахмат ойношчу. Өткөндө бирөө «жашарып алыпсыз» дейт. Ооба, убагында Касымбековдун деңгээлине жооп бергенге аракет кылдым. Анын жанында ашыкча боёнуп, кыска кийинип алсам ал кишинин фону бузулуп калбайбы, ал киши ким көрүнүп калат эле? Ал ак костюм кийсе ак көйнөк, көк костюм кийсе көк көйнөк кийип, ошол кишинин ыргагы менен жанында болдум. Ал киши кайтыш болгону деле өзгөргөн жокмун, болгону чачымды боёп калдым. Ошого жашыраак көрүнүп жатсам керек.

– Ал кишинин мүнөзү кандай эле, сизге катуу айткан учуру болдубу?

– Жини келгенде зирпилдеп калчу. Уулубуз кичинесинде өтө тентек эле. Ал киши баланын оюндагысын кылчу. Нарында «өлүп кетпейби» деп сүйлөй беребиз да, бир жолу балабызды «өлүп кетчи» деп чакылдатып колго, көтөнгө чаап койдум эле, кабинетинен ыргып чыкты. «Баласын каргаган энени биринчи жолу көрдүм» деп мага капа болуп, бир апта сүйлөбөй койду.

Дагы бир жолу ооруп төшөктө жатсам «Кыргын» чыгармасынын кол менен жазылган вариантын алып келип, «окурман катары пикириңди айтчы» деди. Окуп чыгып «Баары жакшы, бирок үтүрдү өтө көп коюптурсуз. Бул белгинин сурагы жок бекен?» деп тамашалап койдум. Мени ушундай жаман көзү менен карап, «ушу жашка келгени мени эч ким сындаган эмес» деп сүйлөшпөй койду. Бир күнү өзү «мен ойлонуп көрдүм, сиз туура айтыптырсыз» деп катасын моюнуна алды.

Ал кишинин телефонунун жаны тынчу эмес. Мен алсам туура эмес болуп калабы деп алчу эмесмин. «Чалып жатат, албайсызбы» десем, «Менин эмчектеги балам бар, өзүң бирдеме деп кой. Менин күнүм аз калды, чыгарманы бүтүшүм керек» дей берчү. Жазып жаткан чыгармасын эмчектеги балам деп атачу. "Үйдө жок" же "бошобой жатат" десем чалган киши мен телефонду бербей жаткансып ачык эле жаман көрчү. Ошонун айынан да таарыныштык.

– Ээрчишип басып, конокторго чогуу барчу белеңер?

– Кайсы жерге барбайлы, эстеликке сүрөткө түшөбүз деп бизди коё беришчү эмес. Азыр бир топ үй-бүлөдөн менде жок сүрөттөрдү көрүп калам. Чет өлкөлөрдү кыдырдык. Бир жолу Нурсултан Назарбаев менен жолугуштук. Ошондо президент «Жеңе, сиз арстан жүрөк экенсиз. Төкөмдүн көзүнүн шишигинен коркпой, чачынын агынан, жашынын улуулугунан жалтанбай, Төкөмдүн колтугунда туйлап туруп уул таап койдуңуз го. Сизге чоң рахмат, ушундай генийден тукум алып койдуңуз» деди. Күлүйпа Кондучалова эже да «кандай ийиктей имерилген келинсиң» дегени эсимде. Балама батасы тийсин деп эч бир улуу адамдын алдынан кыя өткөн жокмун.

– Учурда кайсы жерде эмгектенип жатасыз?

– Мен ал кишиге турмушка чыкканымда «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасында иштечүмүн. Анан 8 жыл иштеген жокмун. Кийин дипломумдун үзүрүн көрөйүн деп Мамлекеттик тил комиссиясында иштеп калдым. Былтыртан бери жогорку окуу жайлардын биринде тил адиси болуп эмгектенип жатам.

– Рахмат, эже, маегиңизге, оорубаңыз.

"Уулубуз кичинесинде өтө тентек эле. Агайыңар баланын оюндагысын кылчу".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
i-bilim
2018-06-26 09:21:54
Башкача ойдо калдым окуп алып, аялы чын эле тың болгонбу же эжеси айткандай "өзү жаш, бирок жүрүм-туруму мастан кемпир биякта эле калат" дегендейби?)
+11
RuslanaG1
2018-06-27 14:38:36
i-bilim,Ошо мен да окуп интервьюсунан, озун жаман мактаптыр го, Эгер жакшы болсо балдары катташса керек эле, чон чон эле уйлу жайлуу неберелуу болуп калган кишилер тем более озулору алып берип жаткан болсо
0
voennyi88
2018-06-26 10:18:06
Генийден тукум алуу,бул сиз учун чон бакыт.Улуунуз атасынын жолун жолдосун.
+10
monster_high_98
2018-06-26 11:12:51
Тологон Касымбеков олгон жок, ал торолдуууууу!!
+9
RuslanaG1
2018-06-27 14:43:41
Балдары озулору атасына аял алып берип жаткан болсо улуу эле неберелуу болуп калган кишилер копты коргон тем более инилуу болуп жатса кантип эле катташпай койсун, бул аялда да бар го, Эжеси айткандай: ОЗУ жаш журум туруму мастан кемпир биякта эле калат дегендейби
+2
Jelezo
2018-06-26 12:39:42
Төлөгөн авабыздын балдары начар экен иниси менен катышбай, атадан кем бала төрөлөт деген сөз бекеринен айтылбаптыр.Менин атамдын 3 аялы болгон баардык бир туугандар ушунчалык ынтымакбыз өгөй деген бизде жок.
+2
Eureka
2018-06-26 16:28:01
Жакшы маек болуптур. Зина Караева, Топчугүл Шайдуллаевадан интервью алгылачы
+4
admin_media
2018-06-26 16:30:49
Eureka, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан