ДЕПОЗИТТЕР МЕНЕН КРЕДИТТЕРДИН ПАЙЫЗДЫК ЧЕНИН ЭСЕПТӨӨ

Акчаңызды банкка сактап, аны менен катар пайда да тапкыңыз келеби? Же банктан насыя алып жатасыз дейли. Анда пайыздарды кантип туура жана аны өз шартыңызга жараша эсептөөнү үйрөнүңүз.

БАНКТЫК АМАНАТТАРДЫН ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕРИН ЭСЕПТӨӨ ЫКМАЛАРЫ

Жарандар өз акчаларын банкка сактоо менен бирге ал каражаттарынан пайда көрүүнү максат кылат. Андыктан алгач банкка аманат катары берилип жаткан акчасын туура башкаруу үчүн депозиттерге чегерилүүчү пайыздык ченди эсептеп, андан кандай пайда түшөрүн билүү зарыл. Депозиттик келишимге кол койгонго жана каржылык операциялардын башталышына чейин пайыздык чендер боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү керек. Мындай эсептөөлөр пайыздардын суммасын депозиттин негизги суммасына туура топтолушун аныктоого мүмкүндүк берет.

Пайыздарды эсептөө тартиби белгиленген жана өзгөрүлмө пайыздык чендеринин негизинде аныкталат.

Белгиленген пайыздык чен – аманат келишиминде бекитилген пайыздык чендин өлчөмү аманат салынган мөөнөт ичинде өзгөрүлбөстөн сакталып келет. Мындай пайыздык чендүү аманат келишими автоматтык түрдө жаңы мөөнөткө узартылган же келишим мамилелери мөөнөтүнөн мурун токтотулган учурларда гана өзгөрүлүшү мүмкүн. Бул учурлар келишимдин шарттарында бекитилет.

Өзгөрүлмө пайыздык чен – алгач алынган пайыздык чен аманат салынган мөөнөттүн ичинде өзгөрүлүшү мүмкүн. Пайыздык чендин өзгөрүшүнүн шарты жана тартиби аманат келишиминде белгиленет. Пайыздык чендин өлчөмү кайра каржылоо ченинин өзгөрүшүнө, алмашуу курсуна, аманаттын башка категориясына өтүшүнө жана башка факторлорго байланыштуу калыптанат.

Аманатка чегерилген пайыздардын өлчөмүн аныктоо үчүн аманаттын суммасын, анын түрүн, аманатка бекитилген пайыздык ченин, пайыздын чегерүү мөөнөтүн (күн сайын, ай сайын, чейрек сайын жана башка), аманат келишиминин мөөнөтүн, пайыздык чендин – белгиленген же өзгөрүлмө пайыздык чен түрүндө экенин билүү зарыл.

Жөнөкөй пайыздар:

Жөнөкөй пайыздардын формуласы келишимде бекитилген мөөнөттүн аягында чегерилген пайыздар аманаттын негизги суммасы топтолгон же башка эсепке которулган учурларда колдонулат. Башкача айтканда, жөнөкөй пайыздык чен аманат салынган мөөнөттүн ичинде аманаттын негизги суммасына топтолуусун камтыбайт.

Жөнөкөй пайыздык чендин жана мөөнөт аягындагы аманаттын негизги суммасын эсептөөгө жөнөкөй мисал карап өтөлү:

Мисалы, банк 30 күндүк мөөнөткө 50 миң сом өлчөмүндөгү аманат кабыл алган. Белгиленген пайыздык ченинин жылдык өлчөмү 10,5 пайызды түзгөн. Формуланын негизинде төмөнкүдөй жыйынтык алабыз:

Мөөнөттүн аягында аманатчыга берилүүчү каражаттын өлчөмү (аманаттын негизги суммасы жана пайыздары):

50 000 + 50 000 х 10,5 х 30 / 365 / 100 = 50 431,51 сом

Пайыздардын суммасы (пайда):

50 000 х 10,5 х 30 / 365 / 100 = 431,51 сом

Башкача айтканда, аманаттын негизги суммасына 30 күндүн ичинде жылдык белгиленген 10,5 пайыздык чени боюнча алынган пайда кошулат же бир айлык пайыз чени төмөнкү өлчөмдү түзөт:

0,86 пайыз = 10,5 / 365 х 30

Татаал пайыздар:

Татаал пайыздардын формуласы пайыздардын чегерилиши тең убакыт аралыгында эсептелинип, аманаттын негизги суммасына топтолушун (күн сайын, ай сайын, чейрек сайын) аныктайт. Башкача айтканда, татаал пайыздардын эсептелиниши аманаттын негизги суммасына топтолуп көбөйүшүндө.

Көбүнчө банктар аманаттарга пайыздардын чейрек сайын топтолгон түрүн сунушташат, башкача айтканда, татаал пайыздардын эсебин тартуулашат.

Банктык аманатка чегерилген татаал пайыздардын мисалын карасак:

Банк 90 күндүк мөөнөткө жылдык белгиленген 10,5% өлчөмүндө 50 миң сом кабыл алган. Чегерүү мөөнөтү – ай сайын. Демек, пайыздарды аманаттын негизги суммасына топтолушу 90 күндүн ичинде 3 жолу, башкача айтканда, ай сайын жүргүзүлөт. Ал эми берилген мөөнөт ичинде (1 ай) пайыз топтолуучу күндөрүнүн саны – 30 (90/3) күндү түзөт. Эсептегенде мөөнөттүн аягында аманатчыга берилүүчү аманаттын өлчөмү (аманаттын негизги суммасы жана пайыздары):

50 000 х (1 + 10,5 х 30 / 365 / 100)3 = 51 305,72 сом, ал эми пайыздардын суммасы (пайда)
= 50 000 х (1 + 10,5 х 30 / 365 / 100)3 – 50 000 = 1305,72 сомду түзөт.

КРЕДИТТЕР БОЮНЧА ПАЙЫЗДАРДЫН ЭСЕПТЕЛИНИШИ

Банктар ортомчулук милдетти аткаруу менен кредит акысына тиешелүү пайызын алат. Кредит үчүн белгиленген пайыздык чен бул банк кардарга берилген кредит үчүн алган төлөм акысы болуп эсептелинет. Тигил же бул кредиттин түрү боюнча аныкталган пайыздык чендин өлчөмү кредиттин мөөнөтүнөн, ал кредит боюнча банк өзүнө алган тобокелдигинин деңгээлинен көз каранды. Банктык иште кредит боюнча төлөмдүн 2 түрү колдонулат: дифференциацияланган жана аннуитеттик төлөмдөр.

Дифференциацияланган төлөм 2 бөлүктөн: кредиттин негизги суммасын тең бөлүк менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берген бекитилген негизги суммадан жана туруктуу азайып турган – кредиттин негизги суммасына чегерилген пайыздардан турат.

Дифференциацияланган төлөмдөрдүн түрүн тандоо шартындагы кредит боюнча пайыздардын эсептелиниши:
Мисалы, кардарга бир жылга (12 айга) жылдык 10 пайыз өлчөмүндөгү 48 миң сом кредит берилген. Кредит дифференциацияланган төлөмдүн негизинде төгүлөт, ал төлөм 4 миң сомду түзөт (48 000 / 12=4000). Биринчи айдын аягында кардардын төлөмү 4 000 сомду (кредиттин негизги суммасын төгүү) + 407,67 сомду (48 000 х 10 х 31 / 100 х 365)= 4407,67 сомду түзгөн. Экинчи айда 4000 + 361,64 (44 000 х 10 х 30 / 100 х 365) = 4361,64 сом. Үчүнчү айда 4000 + 339,73 (40 000 х 10 х 31 / 100 х 365) = 4339,73 сом.

Карыздын негизги суммасы туруктуу ай сайын төлөнгөн суммага азайып турганына байланыштуу банк тарабынан чегерилген пайыздардын өлчөмү да ай сайын төмөндөйт.

Аннуитеттик төлөм – карызды тең бөлүк менен төлөө жолу. Башкача айтканда, аннуитет шартында ай сайын төлөнүүчү сумма кредит берилген мөөнөт ичинде өзгөрүлбөйт. Бул системада айлык төлөм пайыздардын суммасын да, кредиттин негизги суммасынын бөлүгүн да өзүнө камтыйт.

Аннуитеттик төлөмдөрдүн түрүн тандоо шартындагы кредит боюнча пайыздардын эсептелиниши:

Мисалы, сиз банктан 3 жылга 30 миң сомду жылдык 18 пайыз менен кредит алдыңыз дейли. Аннуитеттик төлөмдүн өлчөмүн Excel программасында ПЛТ функциясы аркылуу санап чыксаңыз болот. Excel программасында каалаган клеткасына төмөнкү маалыматты киргизесиз:

Кредит боюнча төлөмдөрдүн мезгилдүүлүгү ай сайын болгондуктан бир айлык пайыздык чен өлчөмүн алабыз.

Excel программасындагы клеткага:

= ПЛТ (18%/12; 36; -30000) деп киргизебиз.

Кашаанын ичинде тартип боюнча пайыздык чендин өлчөмүн, кредиттин берилген мөөнөтүндө камтылган айдын санын, берилген кредиттин суммасын жазабыз.

Бул формуланы башкача да жазса болот:

= ПЛТ (0,015; 36; -30000)

Жылдык 18% / 12 айга/100 = 0,015

Эки учурда тең жыйынтык ай сайын төлөнүүчү бирдей сумма чыгат: 1084,57 сом

Аннуитеттик же дифференциацияланган төлөмдү тандап жатканда ар бир төлөмдүн түрү өзүнүн артыкчылыгына жана кемчилигине ээ. Ошондуктан бардык артыкчылыгын же кемчилигин эске алып, төлөө системасынын ыңгайлуу түрүн кардар өзү тандашы зарыл.

Бир жагынан аннуитеттик системаны колдонгондо кредит боюнча жалпы төлөмдөр дифференциациялык схема учурундагы төлөмдөрдөн көбүрөөк болот. Бирок, башка жагынан карасак, дифференциациялык системада башында төлөнүүчү кредиттин суммасынын өлчөмү (артыкча биринчи айларында) аннуитет учурундагы төлөмдөрдөн бир топко көбүрөөк.


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Byrmachach
2018-06-26 14:13:31
Кантсе да ошо акчаны эсептеп отурган эсепчилерге ынсап берсин, бул жактан биз канча эсептебейли мансап алардын колунда. Кредитти алган көбөйдү, төлөгөнү кыйналган андан көп. Элдин жашоосу оңолсо экен...
0
Zaina
2018-06-29 05:44:09
кредит системасы Бишкекке да жетиптир. Значит онугуп атыптыр туулган шаарым.
0
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан