Туулган жери – Өзбекстан, Ташкент шаары
Туулган жылы, күнү – 1963-жыл, 22-октябрь
Бою – 160 сантиметр
Салмагы – 62 килограмм
Учурда – Куудул, актёр
Өткөн аптада борбордогу Кожомкул атындагы Cпорт сарайында Борончу Кудайбергенов менен өзбек-орус куудулу, актёр Обид Асомовдун күлкү концерти болуп өттү. Өзүңөр билгендей, Өзбекстандын Эмгек сиңирген артисти «Кривое зеркало» теледолбоору аркылуу көпчүлүккө таанымал. Концерттин алдынан Асомов менен кызуу маектештик.
– Кош келипсиз, Обид мырза. Кыргыз жерине биринчи жолу келип жатасызбы?
– Негизи Бишкекке кыргыз, өзбек, уйгур туугандардын үлпөт тойлоруна көп келем. Мурун Ош, Жалал-Абаддын бардык аймактарын кыдырып концерт коюп эле жүрчүмүн. Кийин чек ара жабылды, Кыргыз жерине кирүү маселе жаратты. Ошондон бери келе элек болчубуз. Мына минтип Кудайдын буйругу менен чек ара маселеси жакшырды. Мунусунда Андижан аркылуу чек арадан өтүп Ошто, андан кийин Жалал-Абадда концерт бердик. Азыр бишкектик күлкү сүйүүчүлөрү менен жолукканы турабыз. Борончу Кудайбергеновду мен көптөн бери тааныйм. 15 жыл мурун Ошто футбол-шоу деген долбоор өтүп, кыргыз-өзбек куудулдары футбол ойногонбуз. Ошондо Борончуну биринчи жолу көргөм. Андан кийин Астанада куудулдардын фестивалында көрүштүк. Ошол жерде Борончу чогуу концерт берүүнү сунуштады. Мага дароо жакты.
– Сыртта бөлмөнү кайтарып тургандар жан сакчыларыңызбы?
– Артисттер эмнеге жан сакчы күтүшөт, эч түшүнбөйм. Жан сакчылар артистти элден сакташабы ошондо? Бирок кээде аргасыздан болот. Мен Индиянын бир тасмасына Митхун Чакраборти менен тартылгам. Анда ал киши өтө популярдуу болуп турган. Ошондо Митхунду кайтарып жүрүштү. Эл аны жакшы көргөндүктөн тытып кетүүгө да даяр болчу. Азыр жаш артисттер жан сакчылар менен жүрүп калышат, мен аны туура көрбөйм. Мага жан сакчынын кереги жок. Азыр эшиктин сыртында ким турат, билбейм. Менин жалгыз жан сакчым бар, ал – аялым. Ал беш мүнөт сайын телефон чалып, «кайдасың, жаныңда ким бар?» деп турат. Видео аркылуу чалып, жашаган номердин ичин толук көрсөтүп турам. "Мына диван, жуунуучу бөлмө бош, жанымда эч ким жок, столдун үстүндө спирт ичимдиги жок" дейм. Аялым Ташкентте отуруп алып мени ушинтип видеочалуу менен көзөмөлдөйт.
– Ошондо жубайыңыз кызганчаакпы?
– Сиз турмушка чыккансызбы?
– Ооба, чыккам.
– Жолдошуңузду кызганасызбы?
– Кызганам.
– Көрдүңүзбү, силер баарыңар бирдейсиңер. Айрыкча биздин өзбек, кыргыз, казак аялдары. Мен аны концерттен да айтам. Орустун аялдарына салыштырмалуу биздин кыздар өтө кызганчаак. Орус кыздары жолдошунун терс жакка басканын билиштиби, «болду, экинчи мындай кылба» деп коюшат. Ал эми биздики трагедия менен аяктайт. Мен оңго да, солго да баспайм, түптүз жүрөм. Ушул жерден аялыма кайрылып кетейин: аялым, мен бир гана сени сүйөм.
Бул темада мен да аялымдан кем калышпайм. Ага 15 миң доллар калың төлөп алгам. Анан аны бирөөгө берип коюшум керекпи? Албетте, кызганам (күлүп).
– Чоң ата болсоңуз керек...
– 3 кызым, 1 уулум бар. Кыздарым турмушка чыгышкан, күйөө балдарым жакшы. 6 неберенин таятасымын, уулум үйлөнө элек. Бир аялым бар, ал үй кожойкеси. Аны иштетким келбейт. Өзбектерде «катын киши миң тапсын, эркек киши жүз тапсын» деген сөз бар. Аял канчалык көп тапса да берекеси жок, каякка кетиргенин билбейбиз. Аялдын милдети – күйөөсүн сүйүп, бала төрөө.
– Артта калган күндөрүңүзгө кайрылалы, юмор сиздин жан дүйнөңүз экенин качан сездиңиз?
– Сүрөт тартууга 4-класстан тарта кызыгып, сүрөтчү болгум келди. Мектептен кийин сүрөтчүлөрдүн окуу жайына тапшыргам, азыркыга чейин сүрөттү жакшы тартам. Бирок маңдайыма куудул болосуң деп жазып койгон экен, куудул болдум.
Куудулдар ырчы, актёр боло алат, ал эми ырчылар, актёрлор эч качан куудул боло алышпайт. Эгер мага 50 миң доллар берсеңиз, сөз берем, бир айдан кийин сизди Кыргызстандагы эң популярдуу ырчы кыла алам. Шоу-бизнесте азыр мындай технология өтө өнүккөн. «Обид аке, менде ырчылыкка шык жок» дештин да кереги жок. Мыкты композитор, аранжировкачы, визажисттерге акча төлөйбүз да, жылдыз кылып чыгарабыз. Бул нерсе куудулдарга өтпөйт. Биз биринчиден, фонограмма жасабайбыз. Экинчиден, 5 миң киши отурабы, жүз кишиби ортодо жандуу кармаш жүрөт. Эч качан тең чыкпайт, сен жеңесиң же көрүүчүлөр. Мен дайыма жеңүүчү болгонго аракет кылам.
– Биринчи жолу эл алдына чыкканыңыз эсиңиздеби?
– Өзбекстандагы артисттердин баарынын карьерасы тойлордон башталат. Силер билген атактуулардын баары алгач тойлордо чыгышкан. Бул салтты мен дагы аттап өткөн эмесмин. 1985-жылы кошунам үйлөнүп, той берди. Тойдо ырчылар бар, бирок тамада жок болуп калды. «Араңарда көп сүйлөгөн кимиңер, ошол алып барсын» дешсе, «Обид бар, Обид чык» деп калышты. Ошентип ал тойдун эртеси эле мени бүтүндөй Ташкент билди. Андан кийин атым Андижан, Бухарага жетти. Көп өтпөй телекөрсөтүүгө чакырышты. Кечинде сыналгыдан көрсөтүштү, эртеси жылдыз болуп чыга келдим.
– Кандайча "Кривое зеркало" теледолбоорунун актёру болуп калдыңыз?
– 2000-жылы «Ялла» тобунун жетекчиси Фарух Закиров Германиядагы гастролунда алып баруучу болууну сунуштаган. Ал жакта орус тилдүүлөр көп экен, мени жакшы кабыл алышты. Биздин артыбыздан эле Евгений Петросян гастролдоп Германияга барып калат. Ошондо күйөрмандарым Петросянга мен жөнүндө айтып, «театрга албайсызбы» дешиптир. Ошентип «Кривое зеркало» долбоорунун актёру болуп калгам.
– Рахмат маегиңизге, боорду эзген тамашаларыңыз менен бар болуңуз.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg