ЖЕНЬШЕНЬ – ТАБИЯТТЫН КЕРЕМЕТ БЕЛЕГИ

Женьшень жашоонун символу катары эсептелет. Жерде мындан миллион жыл мурун пайда болгон бул өсүмдүк азыркыга чейин жашап, адамдарга зор пайдасын тийгизип келет. “Кудайлар белеги”, “Табият керемети”, “Жер деми” деген аталыштарга ээ женьшендин дарылык касиетин ачып беребиз.

ЖЕНЬШЕНЬ БИЗЧЕ АДАМ-ТАМЫР ДЕГЕНДИ БИЛДИРЕТ
Женьшень кытай сөзү. “Жень” – “адам”, “шень” – “тамыр” деген түшү­нүктү берет. Башкача айтканда, адам-тамыр деген маанини түшүн­дүрөт. Бул аталышы дарылыкка колдонула турган тамырынын адамдын келбетине окшоштугунан улам келип чыккан. Эл аралык Кызыл китепке кирген өсүмдүк. Мөмөсүнүн өңү ачык кызыл келип, ичинде 2 уругу бар. Гүлү бозомтук жашыл түстө. Тамырынын узундугу 25 сантиметрге чейин жетип, орточо салмагы 25-30 граммды түзөт. Узак жашоочу өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Андыктан 350 жыл жашаган тамырдын айрымдарынын салмагы 400-500 граммга дейре жетет.
Дарылыкка 6 жылдан өйдө жашаган женьшендердин тамыры гана колдонулат. Анткени ушунча жыл аралыгында гана тамырда дарылыкка ээ заттар чогулат. Тамыры кечки убак казылып алынып, жуулуп-тазаланып, анан кургатылат. Эгер тамыр жуулгандан кийин бууланып, анан кургатылса, тамыр кызыл тартып калат да, “кызыл тамыр” аталышка ээ болот.
Тамыр кагазга оролуп, жыгач идишке салынат. Жыгач идиш калай банкага салынып коюлат. Ушинткенде гана тамыр кургап да кетпей, дарылык касиетин да жоготпой 10 жыл сакталат. Дарылыкка упадай майдаланып да коюлат.

4 МИҢ ЖЫЛДАН БЕРИ КОЛДОНУЛУП КЕЛЕТ
Женьшень чыгыш медицинасында 4000 жылдан бери колдонулуп келет. Алгачкы эскерүүлөр кытай жазмаларында кездешет. Кытай медицинасында женьшендин дарылыгына арналган 52 томдук китеп жарык көргөн. Женьшень Азиядан Европага голландиялык соодагерлер аркылуу жеткен.
Женьшень табигый түрдө Ыраакы Чыгышта, Кытайда, Тибетте, Алтайда, Уралда, Сибирде, Вьетнамда өсөт. Маданий өсүмдүк катары Орусияда, Кореяда, Кытайда, Японияда, Вьетнамда өстүрүлөт. Бул жаатта 1-орунду Түштүк Корея, 2-орунду Австралия, 3-орунду АКШ ээлейт. Адам-тамыр көлөкөнү сүйүүчү өсүмдүк болгондуктан, ал өстүрүлүүчү плантациялардын үстү жабык болот.
Дарылыктан тышкары Корея жана Кытайда тамак-ашка да колдонулат. Кытайда адам-тамырды 15 түргө ажыратышат.
Дары өсүмдүк жерди ушунчалык арыктатып жибергендиктен, ал ай­дал­ган жерге женьшенди кай­ра­­дан 10 жылдан кийин гана өс­түрүүгө болот.

КУРАМЫ ЭҢ ПАЙДАЛУУ ЗАТТАРДАН ТУРАТ
Тутумунда полисахариддер, эфир майы, витаминдер, никотин жана фолий кислотасы, чайыр, пектин, аминокислоталар бар. Мындан тышкары калий, кальций, фосфор, магний, темир, жез, кобальт, марганец, молибден, цинк, хром, титан жана башкаларга ээ.

КАСИЕТИ
Женьшень сергитүүчү касиетке ээ. Андыктан адамды сергитип, жакшы маанай тартуулап, уйкучулуктан арылтат.
Арыктагандарга стимул берип, күч-кайратын толтурат. Ойлоо жана иштөө жөндөмдүүлүктү арттырат. Андыктан өзгөчө космонавттарга, суучулдарга, кен казуучуларга сунушталып келет.

  • Төмөндөгүдөй ооруларда колдонулат:
  • Нерв системасынын айрым ооруларында (невроз, неврастения, нейроциркулятордук дистония, шакый ж.б.), кант диабетинде, эркектердин бел кубатын калыпка келтирүүдө, күн нуру пайда кылган ооруларда;
  • Ашказандын кычкылдуулугу аз оорусунда (гастрит), аз кандуулукта, атеросклероздо, бөйрөктүн сезгенүүсүндө;
  • Кандагы глюкозанын жана холестериндин деңгээлин төмөндөтүүдө;
  • Кан, зат алмашууну калыпка келтирүүдө, көрүүнү жакшыртууда;
  • Жаңы климатка бат көнүүдө (башка өлкөгө барганда);
  • Ысык жана суукка чыдамдуу болууда ж.б.

Женьшендин спирттеги ачытмасы, упадай майда түрү бар. Тибет медицинасы женьшенди күн суук мезгилдерде гана колдонуу керектигин белгилесе, салттуу медицина бардык учурда колдонуу мүмкүн дейт.

ЭСКЕРТҮҮ!
Женьшенден жасалган дары-дар­мек­терди врачтын сунушу менен колдонуу кажет.
Кан басым, жүрөк жана баш мээ оорусу барларга, кош бойлууларга, бала эмизгендерге, боордун циррозунда, аракечтикте, талмада колдонууга болбойт. Врач тарабынан сунушталса да, дарыгердин көзөмөлүндө өтө аз өлчөмдө колдонуу мүмкүн. Жаш балдарга колдонулбайт.
Белгиленген өлчөмдөн ашыкча ичип алуу артериалдык кан басымды көтө­рүп, дем алууну кыйындатат. Уйкусуздук менен баш айланууну пайда кылып, кан агууну жаратат.

КЫЗЫКТУУ

  • Байыркы Кытайда женьшень алтын баасы менен бааланып, бул жаатта керектөөчүлөр үчүн атайын союз ачылган. Ошол себептүү тамыр казып өткөрүп акча тапкандар көбөйүп, женьшень азайып кеткен. Акыры 500-700дөй адам Орусиянын Приморск аймагына барып терип келип турушкан. Алар бир жылда 10-15 миң тамыр өткөрүүгө жетишишкен.
  • 1905-жылы Орусиянын Приморск крайында темир жол салуу кезинде салмагы 600 граммга жеткен тамыр табылган. Тамыр казуу жана сатуу менен алектенген адам аны 5 миң долларга саткан.


Билип ал

КЕНЕДЕН САК БОЛ!
2010-жылдын 5 айынын ичинде Бишкекте кене чагып алган 204 адам медициналык жардамга кайрылган. Мунун ичинде кене энцефалити вирусуна каршы иммуноглобулин дарысын алгандардын саны 142ни түзгөн. 1 адамдын кене энцефалитине туш болгону тастыкталган. Ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыланган.
Кенелердин активдүү мезгили май-июнь айлары. Андыктан бул айларда табиятка чыкканда дене ачык калбагандай жабык кийим кийип, чөп үстүнө жатканда сак болуу кажет.
Бишкектин чеке-белиндеги кене көбүрөөк кездешкен жерлер болуп Ала-Арча менен Кегети капчыгайы, Ысык-Ата эсептелет.
Кене энцефалити кандайча жугат?
Кене денеге жабышкан соң канды сорууга ыңгайлуу жерди издейт. Жакшы көргөн жерлери: моюн, көкүрөк, баш, кулак, колтук жана жука чурай. Кене тиштүү тумшугу менен терини тешип, ал жерге жабышып алат. Канды соргон учурда жарага түшкөн шилекейи аркылуу вирус жугат.
Чагып жаткан кенени байкап калганда эмне кылуу керек?

  • Кенени кыпчуур менен кармап, денесин бир айландыруу менен сууруп чыгуу же башын жип менен байлап, тартуу керек. Эгер башы үзүлүп калса, анда төөнөгүчтү же ийнени отко ысытып, тикенек алгандай алып салуу шарт.

Эч качан аларды сыгууга, басууга болбойт. Анткени баскан учурда денеге вирусту жуктуруп алуу коркунучу жогору.

  • Чаккан жерди спирт, йод же зелёнка менен сүртүү кажет.
  • Кенени өрттөп салуу же үстүнө кайнак суу куюу керек. Анан колду самындап жуу зарыл.

670 МИҢ БАЛА ПОЛИОМИЕЛИТТЕН ЭМДӨӨДӨН ӨТӨТ
Кыргызстанда 1-июнга карата 9 бала полиомиелит күмөнү менен ооруканага түшкөн. Бирок текшерүүдө аларда шалга алып келүүчү полиомиелит түрү аныкталган жок.
Эскерте кетсек, полиомиелит оорусу Тажикстанда жайылып, 545 бала ооруканага түшкөн. Алардын 141инде полиомиелиттин шалга алып келүүчү түрү аныкталып, калгандарында жеңил түрү экендиги тастыкталган.
Кыргызстанда оорунун алдын алып, эми өлкөдөгү 5 жашка чейинки 670 миң бала шал оорусуна каршы эмдөөдөн өтөт. Эмдөөдө колдонулуучу дары-дармектер 7-июнь күнү гуманитардык жардам катары өлкөбүзгө келип түшкөн.
Эмдөө эки этап менен, башкача айтканда, июлда жана августта жүргүзүлөт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 398, 18-24-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан